Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 9-июну ПЖ №120
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2012-жылдын 1-июнундагы чечимине ылайык, коркунучтардын алдын алуу, бөгөт коюу, жоюу жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун тиркелген Концепциясы бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор 2012-жылдын 1-сентябрына чейин, облустардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2012-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясынын негизинде:
- коопсуздукту камсыз кылуунун тармактык жана региондук программаларын иштеп чыксын;
- тиешелүү чөйрөлөрдө коопсуздуктун индикаторлорунун чектик маанилерин аныкташсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 13-июлундагы №221 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 15-июнунда №53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |