ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №124/25/27
А.М.Өскүлөңовдун арыздарын карап чыгуу жөнүндө
Киршелк айылынын айыл башчысы А.М.Өскүлөңовдун 2019-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчи чени үчүн төлөө жөнүндө арызын карап, Кыргыз Республикасынын 06.04.1999-жылдагы №35 «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киршелк айылынын айыл башчысы А.М.Өскүлөңовдун 2019-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчи чени үчүн төлөм жүргүзүлсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбековага жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кожонов
|
|