Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-январы № 138
Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – жобо);
2-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокту ижаралоонун типтүү келишиминин формасы;
3-тиркемеге ылайык, шаар куруу корутундусунун формасы.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
(абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт, муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Ж.Б. Абиров |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 138 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда турган кошумча жер участокторду түзүү тартибин жана шарттарын белгилейт.
II.Терминдер жана түшүнүктөр
3. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жерлерди ижаралоо - менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер участокту ижарачыга пайдалануу укугу менен тийиштүү акыга белгилүү бир мезгилге берилүүсү же өткөрүп берилүүсү;
ижарага берүүчү – муниципалдык менчикте турган жер участокторду башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар бөлүштүрүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
ижарачы – жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде ушул жобо тарабынан белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;
башкы план – шаардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар курууну пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;
шаар куруу документтери – шаарды пландоонун түзүмүнүн райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка Бишкек шаарын пландоо түзүлүшүнүн элементтеринин долбоорлору;
шаар куруу корутундусу – жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү) жөнүндө, жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү, аймакты пландоо, жер участогунун максаттуу, функционалдык багытын өзгөртүү, же болбосо жер участогунун чек араларын (конфигурациясын) өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;
шаар куруу регламенти - куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин, ошондой эле объекттердин чектүү өзгөртүүлөрүн уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
кошумча жер участогу - арыз ээсине менчик же пайдалануу укугуна таандык болгон негизги жер участогуна кошуу үчүн суралып жаткан жер участогу;
имараттар жана курулмалар – жер менен бекем байланышкан, алардын багытына ченемсиз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде батирлер, көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайлар;
жер участогу – туташ чектердеги жер аянты;
жалпы пайдалануудагы жерлер – байланыш жолдору катары же калктын маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жолго жакын жайгашкан жер тилкелери, унаа жолдорунун боюнда жайгашкан жана өтүүчү жашыл өсүмдүктөр, газондор, арыктар, башка сугат тармактары, өтүүлөр, токой парктары, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр жана башкалар);
чет өлкөлүк жак- жер-укуктук мамилелерде тарап катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
чет өлкөлүк юридикалык жак – төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:
а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;
в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракт аркылуу добуш берүүчү акциялардын көпчүлүгүн сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоо укугу контролдонот же башкарылат;
г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын жыйырма пайызынын кем эмесине ээ болот;
д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;
шаар курууну жөнгө салуу линиялары – ченемдик талаптарга ылайык аларды пайдалануунун өзгөчө режимдери жана эрежелери колдонула турган чектердеги аймактардын чек аралары;
жер участогун өздөштүрүү – курулуш-монтаждоо иштерин баштоо жана жер участогун анын функциялык багытына ылайык жер участокту пайдалануу үчүн бардык керектүү уруксат кылуучу документтерди алуу менен байланышкан долбоорлоого чейинки жана долбоордук документтерди даярдоо боюнча иштер;
негизги жер участогу - ар түрдүү багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн, ошондой эле укугу белгиленген тартипте катталган, мамлекеттик кадастрдык эсепке алуудан өткөн башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жакка менчикке/пайдаланууга берилген жер участок;
жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт;
жер участокту пайдалануу укугу - жер участоктун менчик ээси болуп саналбаган жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;
жер участокко укуктарды берүү - ыйгарым укуктуу орган тарабынан муниципалдык менчикте турган жер участокту жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга берилиши;
долбоорлоо алдындагы документтер – долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана андан кийин долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн керектүү, архитектура жана курулуш куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү шаар куруу, архитектура-курулуш курулуш долбоорлорун иштеп чыгууга алып келинген документтер;
долбоордук документтер – курулушту, кайра курууну же курулуш объекттерине жана/же алардын бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу үчүн керектүү архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструктивдүү жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктаган графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
түз сатуу (берүү) - тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) жер участогуна ижара укугун берүү ыкмасы;
жер участогун уруксат менен пайдалануу – жер участогун шаар куруу документтери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө, анын ичинен сервитуттарга ылайык пайдалануу;
сервитут - адамдардын башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген максаттуу пайдаланууга укугу;
курулуш аянты – курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга берилген курулуш материалдарын, жасалгаларды, жабдууларды, техникаларды, курулуш калдыктарын жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу, тосулуучу аймак;
ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык менчикте турган жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктар берилген аймактык орган;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – жер участокторун пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Мамлекеттик каттоо органы;
жерлердин максаттуу багыты - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
жерлердин функционалдык багытталышы – шаар куруу жана/же жерге жайгаштыруу документтерин эске алуу менен жерлердин максаттуу багытына жана аймактын функционалдык чөлкөмдөшүүсүнө ылайык жер участогунун багыты;
жер участогун түзүү – чек араларды аныктоого, максаттуу (функционалдык) багыттарын белгилөөгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерине ылайык жер участогу жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган документтерди даярдоого багытталган уюштуруу иш-аракеттеринин жана иштердин комплекси;
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Максаттары жана жөнгө салуу предмети
4. Ушул жобонун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде жер участокторунун жана капиталдык курулуш объекттеринин укук ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
курулуш чөйрөсүндө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды өбөлгөлөө жана түзүү;
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануу эрежелери жана шарттары жөнүндө ачык маалыматка жетүүнү камсыз кылуу;
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттарын белгилөө;
жерди пайдаланууну контролдоо.
IV. Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү шарттары
5. Кошумча жер участокту мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга жер участогу жерди пайдалануунун өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болгон шартта тоорук өткөрбөстөн берилет жана үчүнчү жактарга мындай жер участокко укуктарды берүү негизги жер участогунун менчик ээсинин укуктарын бузууга алып келиши мүмкүн, эгерде:
а) жер участок ушул адамдарга менчик (мөөнөттүү пайдалануу) укугунда таандык болгон имараттын, курулманын бөлүгүнө же курулуш аяктай элек курулуштун объекти менчик жана мөөнөттүү пайдалануу укуктарына бул жактарга тиешелүү болгон негизги жер участок менен чектешсе жана шаар куруу документтерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамыдарына ылайык капиталдык же жеңил конструкциядагы объекти куруу (кеңейтүү), кирүүчү топту же кошумча курулушту куруу, бастырма, пандусту куруу, көрктөндүрүү жана жашылдандырууну, балдар аянтчасын (воркаут) ишке ашыруу, токототмо орундарын өтүү жолдорун жана тосмолорду уюштуруу үчүн берилүүсү мүмкүн болсо;
б) жер участок курулуш мезгилинде курулуш аянтын уюштуруу жана техникалык жабдууну жайгаштыруу үчүн керек болсо;
в) жер участок объекттин иштөөсү үчүн зарыл болгон инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу үчүн багытталса;
г) жер участокто 2004-жылдын 5-февралына чейин долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруу менен белгиленген тартипте курулган курулуштар жана киргизүү топтору жайгашса.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Калктуу пункттардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Жалпы пайдалануудагы жерлерге укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жөнгө салынат.
Курулуш объектине жанаша жайгашкан жер участок шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү кошумча көрктөндүрүү зонасы болуп эсептелинет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Үй алдындагы жер участокту жол-жоблоштуруусуз жана турак жана турак эмес жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугун алуусуз көп батирлүү турак үйдөрдө кирүүчү тобун же кошумча курулма куруу үчүн жер участокту берүүгө жол берилбейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторду берүү жөнүндө арыздарды кароо тартиби
8. Документтерди кабыл алуу “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашырылат.
Жеке жана юридикалык жактар тарабынан ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр көрсөтүлгөн арыз берилет:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны так идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар, атап айтканда: ким экендигин ырастоочу документтин реквизиттери, анын катталган жери жөнүндө маалыматтар: жеке адамдар үчүн (катталганы) жана(же) иш жүзүндө жашаган жери, юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун дареги жана (же) иш жүзүндө жайгашкан жери, байланыш үчүн телефондордун номерлери, арыз ээсинин атынан өкүлү кайрылган учурда ишеним каттын реквизиттери. Юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
б) жер участогуна суралып жаткан укуктун түрү (мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу) мөөнөтүн көрсөтүү менен;
в) ниеттерин, участоктун аянтын жана анын жайгашкан жерин сүрөттөө.
9. Арызга төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
а) негизги жер участогуна укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин;
б) арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документтин, эгер арыз ээси юридикалык жак болсо уюмдаштыруучу документтердин;
в) эксплуатацияга киргизүү актысынын (курулуш аяктаган учурда);
г) ыйгарым укуктуу органга кайрылган күнү актуалдуу болгон Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнүн бөлүгүнүн.
10. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арызды кабыл алганын тастыктаган документ берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн (Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын аткылары) бар экендигин кароого алат. Чектөөлөр бар болгон учурда арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине даттануу тартибин көрсөтүү менен негиздүү баш тартууну жөнөтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болгон учурда катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жер участогун түзүү жөнүндө тиркелген материалдары бар арызды архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
VI. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө жер участокту түзүү
11. Жер участокту түзүүнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкү тартипте ишке ашырат.
5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын өтүнүч катынын негизинде суралган жер участок боюнча билдирилген куруу нитеттеринин шаар куруу документтерине ылайык келишин белгилейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Суралган жер участогу боюнча билдирилген куруу нитеттеринин шаар куруу документтерине ылайык келбей турганы аныкталган учурда, ошондой эле ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын аткылары) бар болгон учурда, арыз катталган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде негиздүү баш тартууну ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Суралган жер участок боюнча билдирилген куруу ниеттеринин ылайык келиши аныкталган учурда 10 жумуш күндүн ичинде 1:500 масштабында топографиялык сүрөткө түшүрүүнү аткарат, ага иш жүзүндөгү жер участогу менен өткөн инженердик-техникалык тармактардын трассаларын жана шаар курууну жөнгө салуунун линияларын түшүрөт, анын негизинде 7 жумуш күндүн ичинде жер участогунун схемасын даярдайт, ага бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү менен же азыркы турган кыймылсыз объектке же геодезиялык белгилерге участоктун чектерин байлаштыруу менен жер участогунун чек араларын түшүрөт.
14. Жер участоктун схемасы даярдалган күндөн баштап кийинки күндөн тартып кечиктирилбестен бир эле убакта жер участоктун чиймесинин көчүрмөсү менен суроо-талаптарды милдеттүү тартипте жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жер участоктордун чектерин, үчүнчү жактардын укуктарынын, бул жер участогуна чектөөлөрдүн жана жер участоктун чиймесинин макулдашуусу бар экендигин тактоо үчүн жөнөтөт.
Зарылчылыкка жараша:
а) электр менен жабдууну, суу менен жабдууну жана канализацияны, жылуулук менен жабдууну жана газ менен жабдууну камсыздаган инженердик-техникалык кызматтарга корутунду жана макулдашуу алуу үчүн (инженердик коммуникациялар жана бул райондо инженердик коммуникацияларды пландап өнүктүрүү, пландалып жаткан инженердик коммуникациялардын мүмкүн болуучу кубаттуулуктары, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөтөрү жөнүндө маалыматтар бар болсо);
б) экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрткө каршы көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдарга тийиштүү корутунду алуу үчүн (жер участогу санитардык-коргоо зонасында, ошондой эле өрт чыгуу жана жарылуу коркунучу бар зоналарда жайгашкан учурда);
в) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укутуу органга тийиштүү макулдашуу алуу үчүн (жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында жайгашка учурда);
г) жашыл өсүмдүктөрдү күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жашыл өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары, анын ичинен бузуу көчүрүп отургузуу же компенсация төлөө маселелерин чечүү үчүн (жер участогунда Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жашыл өсүмдүктөр бар болсо);
д) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүмгө (жер участогу жолдун жээгинде, көрүнүүчү үч бурчтуктардын чегинде жайгашкан учурда);
е) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине (аймакта мамлекеттик коргоого тийиш болгон объекттер бар болгон учурда).
15. Жер участогу түзүлгөн болуп эсептелет, эгер:
а) жер участогу үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо (сервитуттар аркылуу бекитилип берилген укуктардан тышкары);
б) жер участогунун белгиленген чектери бар болсо;
в) жер участогунун функционалдык багыты жана уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка зарыл болгон шаар куруу регламенттери бар болсо;
г) бул жер участогуна карата бош кубаттуулугу бар инженердик коммуникациялардын, бар же жок болушу жөнүндө маалыматтар берилсе;
д) бул жер участогуна карата бул райондо инженердик коммуникацияларды пландап өнүктүрүү, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болуучу кубаттуулуктары, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар берилсе;
е) бул жер участогунда жайгашкан жашыл өсүмдүктөрдү (алар бар болсо) пайдалануу, бузуу, көчүрүү макулдашылган, тийиштүү документтери бар жана компенсациянын баасы аныкталган болсо.
16. Жер участогун суралган ниет үчүн берүү мүмкүн болбогондо, ошондой эле ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр болгондо, арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга негизделген баш тартууну жөнөтөт. Бул учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун түзүү боюнча ишти токтотот. Жер участогун түзүүнү токтотуу жөнүндө кабыл алынган чечим 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
Инженердик тармактарга кошууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу, жер участогун алып жаткан арыз ээси бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участогуна укуктарды берүү үчүн тоскоолдук болбойт.
17. Жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү бар болсо ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга тийиштүү корутундуларды жана макулдашууларды жөнөтүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында, жер участогун берүү жана куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарын сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
18. Корутундулар жана макулдашуулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбеген учурда, ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат, бул тууралуу архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан корутундуларды, макулдашууларды берүү мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы жөнүндө акты түзүлөт жана жер участогун түзүү боюнча иштер ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен токтотулат.
19. Ушул жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар корутундуларды, макулдашууларды жана башка документтерди даярдоодо берилүүчү маалыматтын толуктугу жана ишенимдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.
20. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган макул тапкан корутундулардын негизинде 7 жумуш күндүн ичинде өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган, жер участогуна шаар куруу кортундусун 3 нускада белгиленген формада даярдайт, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган, ыйгарым укуктуу орган жана арыз ээси үчүн бирден нуска:
1) төмөнкүлөр түшүрүлгөн, 1:500 и 1:2000 масштабындагы топографиялык сүрөтүндө аткарылган жер участогунун чиймеси түрүндөгү графикалык материал:
а) бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же азыркы турган кыймылсыз объекттерге жана геодезиялык белгилерге участоктун чектерин байлаштыруу менен жер участогунун чектери;
б) инженердик-техникалык тармактар өткөн трассалардын долбоорлору жана аларга туташуу чекитери, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникацияларды жылдыруу трассалары;
в) шаар курууну жөнгө салуу линиялары;
г) суу коргоо зоналарынын, санитардык-коргоо жана санитардык коргоо зоналардын чектери;
д) участокко өтүүчү жолдорду уюштуруу;
е) жер участогунун чектеринде обьектти куруунун максималдуу пайызы;
2) төмөнкүлөр камтылган тексттик материал:
а) жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду;
б) жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинен сейсмикалуулук жана кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик процесстердин бар болушу жөнүндө маалыматтар;
в) суралган жер участогу боюнча бирдирилген куруу ниеттеринин шаар куруу документтерине, жер участогунун функцияналдык багытына ылайык келиши жөнүндө маалыматтар.
Участок тийиштүү чектөөлөрдүн зонасында жайгашкан учурда жер участогунун шаар куруу корутундусуна төмөнкү кошумча шаар куруу регламенттери колдонулат:
а) жер пайдалануунун жана куруунун санитардык, суу коргоо, экологиялык жана башка шарттары боюнча;
б) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Жер участогунун жайгашкан жерине жана объекттин функционалдык багытына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
а) көрктөндүрүү;
б) унаа токтотмо жайларын жана участокко өтүү жолун , анын ичинде убактылуу (курулуш куруу мезгилинде) өтүү жолун уюштуруу;
в) курулуш аянтчасынан инженердик-техникалык коммуникацияларды (жеке менчикте тургандарды кошпогондо) чыгаруу;
Шаар куруу корутундусуна тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары жана макулдашуулары милдеттүү тартипте тиркелет.
Шаар куруу корутундусуна архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адам кол коет, уюмдун мөөрү менен тастыкталат жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу катталган күндөн тартып 3 жыл аралыгында колдонулат. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга шаар куруу корутундусунун аныктыгы үчүн жоопкерчилик жүктөлөт. Жер участогун түзүү стадиясында архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоонун жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын арызы келип түшкөн күндөн тартып 35 жумуш күнүн түзөт.
22. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген мөөнөт аяктагандан кийинки күндөн кечиктирбестен шаар куруу корутундусун ага тиркелген бардык материалдары менен ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.
Ыйгарым укуктуу органга шаар куруу корутундуларыны келип түшүшүнө жараша шаар куруу корутундулары жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын кезектүү жыйынына киргизилет.
23. Ыйгарым укуктуу орган 15 жумуш күндүн ичинде тиркелген бардык материалдары менен шаар куруу корутундусун жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын кароосуна киргизет.
24. Арыздарды кабыл алуу архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын эске алуу менен акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоого байланышкан чыгымдарды төлөө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын берилген эсептөөлөрүнө ылайык, ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
Юридикалык жана жеке жактар (арыз ээлери) ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын ижара келишимин түзгөнгө чейин төлөйт.
25. Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жер участогун берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган 7 жумушчу күндүн ичинде тийиштүү буйрук чыгарат жана арыз ээси менен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттала турган жер участогун ижаралоо келишимин түзөт. Жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда ижара келишимин каттоо боюнча чыгымдар ижарачыга жүктөлөт.
Баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Эгер жер участогу ушул Жобону бузуу менен түзүлгөн болсо жер участогуна укугун берүүгө жол берилбейт.
VII. Жер участокторго укуктарды берүү боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары, материалдарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
27. Кошумча жер участокторун берүүгө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары -комиссия) түзүлөт.
Муниципалдык менчик жана жер ресурстар маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри төрагасы болуп саналган комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, инженердик-техникалык кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле, коомчулуктун, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын иш-аракетин уюштуруучулук камсыздоону протоколдун туура түзүлгөндүгү жана протоколдун комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тарта турган ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.
28. Комиссия өз ишин жыйындар формасында ишке ашырат. Комиссиянын жыйындары айына 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйындарынын жыйынтыктары үч нускада протоколдор менен жол-жоболоштурулат, анын ар бирине комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күнү Комиссиянын төрагасы, катчысы жана бардык катышкан мүчөлөрү кол коет. Протоколдордун ар бир барагы Комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан парафирлөөгө (кол коюуга) жатат.
Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, протоколдун экинчи нускасы Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт, протоколдун үчүнчү нускасы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
29. Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүдө Интернет тарамында (социалдык тармактардагы расмий баракчада) тике видеотрансляция жолу менен онлайн режиминде видеожазма жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын жыйындарынын видеожазуусунун көчүрмөлөрүн квартал сайын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.
30. Комиссиянын чечимдери кворум болгондо комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси катышканда добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
31. Комиссия төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
а) кошумча жер участокторду жеке жана юридикалык жактарга бекитип берүү жөнүндө;
б) жер участокту пайдалануу мөөнөттөрү жөнүндө;
в) ижара төлөмү жөнүндө.
32. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жыйындарда каралуучу маселелерге тийиштүү документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды суроо-талап кылууга жана алууга;
б) материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен же болбосо толук эмес көлөмдө Комиссиянын кароосуна даярдаган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч кат берүү;
в) Бишкек шаарынын мэриясына комиссиянын жыйындарына үч жолудан ашык катышпай калган учурда комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу жөнүндө өтүнүч берүүгө.
33. Комиссиянын жыйындарын Комиссиянын төрагасы, ал жокто Комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.
Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө Интернет тарамында (социалдык тармактардагы расмий баракчада) түз видеотрансляция жолу менен онлайн режиминде видеожазма жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган комиссиялардын жыйындарынын видеожазмаларынын көчүрмөлөрүн квартал сайын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүүгө милдеттүү.
34. Комиссиянын иши менен байланышкан материалдар, анын ичинде протоколдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
35. Комиссиянын мүчөсү түздөн-түз кызыкчылыгы бар же арызы каралып жаткан адам менен туугандык мамиледе болгон учурда, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.
VIII. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү кошумча жер участокту эсептөө жана төлөө тартиби
36. Жер участокту тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара төлөмү жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан укук белгилөөчү документи алган күндөн тартып ижарачы тарабынан төлөнөт.
Ижара төлөмдөрүн эсептөө Бишкек шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Эгерде ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участогунда эки же андан көп жер пайдалануучунун укугу болсо жана аларды жер пайдалануунун өз алдынча бирдиктерине бөлүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, участок жалпы пайдалануудагы участок деп эсептелет. Мындай учурда жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрү ар бир жер пайдалануучу ээлеп турган жер участогунун аянтына пропорционалдуу түрдө алынат.
38. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөтү жер участогун ижаралоо келишиминде милдеттүү түрдө көрсөтүлөт жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук күбөлөндүргөн документин алган күндөн тартып эсептелет.
39. Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн, соттун чечимдеринин негизинде жер участогуна же анын бөлүгүнө укуктарды өткөрүп бергенге чейин же ошол учурда ижара төлөмдөрү төлөнбөгөн учурда укуктарды өткөрүп берүү ишке ашырылган жерди ижаралоо үчүн карызды төлөө боюнча милдеттенме кийинки жер пайдалануучуга жүктөлөт.
Ижара төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган ижара келишими менен белгиленген айып санкцияларын (туумдарды) колдонот. Ыйгарым укуктуу органдын алдын-ала билдирүүсү менен инженердик-техникалык коммуникацияларды пайдаланууну чектөө боюнча чаралар көрүлүшү мүмкүн.
40. Эгер ижарачы мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу мөөнөтү аяктаганда жер участогун пайдаланууну уланта берсе, ижарачы жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун мөөнөтү узартылган учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдаланган мезгил үчүн ижара төлөмүн төлөөгө милдеттүү.
Жер участогун иш жүзүндө пайдалануу үчүн төлөм жер участогунун ижара келишими түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу орган тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.
41. Ижарачы тарабынан жер участокту пайдаланууга объективдүү себептер боюнча пайда болгон тоскоолдуктар бар болгондо, ыйгарым укуктуу орган соттук актылардын жана чечимдердин негизинде ижара төлөмүн эсептөөнү токтото турууга милдеттүү.
IX. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
42. Жер участокторуна пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүдөн түшүүчү каражаттар шаардык бюджетке түшөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
43. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
44. Каражаттардын түшүүсүн контролдоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
X. Корутунду жоболор
45. Ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторун берүүгө тиешелүү чечимдери Кыргыз Республикасынын Административдик процедуралар жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси М. Дж. Алымбеков
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 138 токтомуна 2-тиркеме |
Форма
Бишкек шаарында жер участокту ижаралоонун
типтүү келишими
Бишкек шаары 2020-жылдын «___»___________ |
|
|
Бир тараптан мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын атынан ________________________________________________________________ жана экинчи тараптан мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу ___________________________________________________________ атынан (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) ________________________________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) бирге “Тараптар” деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
|
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаары________________________________________ дареги боюнча жайгашкан ушул Келишимге тиркелген жер участогунун схемасында көрсөтүлгөн чектерде аянты______ чарчы метр жер участогун ____жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга 20__-жылдын «___»_______________ муниципалдык менчикте турган жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна/аукциондун протоколуна ылайык ________________________________________________________________
(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн)
______________________________________________________ үчүн берет.
2. Ижара төлөмү
2.1. Ижара төлөмдөрү жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документи алынган күндөн тартып эсептелет.
2.2. Жылдык ижара төлөмүн төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн алыш-бериш эсебине киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын кийинки отчёттук кварталдан айдын 1-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2.3. Ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсеби Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген ошол учурдагы колдонуудагы эсептердин негизинде аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарага алуучу ижара төлөмүнөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.5. Ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. Ушул Келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүү;
3.1.2. Берилген жер участокто Ижарачы тарабынан тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүү элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин Ижарага алуучу участокту баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.
3.1.3. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган учурда жана Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин башка бирдей шарттарда жаңы мөөнөткө ушул келишдин мөөнөтүн узартууга башка жактардын алдында артыкчылык укугуна ээ;
3.1.4. Ушул келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганда же колдонуу мөөнөтү убагында Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен бул участокко менчик укукту белгиленген тартипте алууга (сатып алууга).
3.1.5. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.6. Ижарага берүүчүгө жер участокту түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө.
3.1.7. Ижарага алынган жер участокту функционалдык багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга.
3.1.8. Пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ушул Келишим түзүлгөн учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү төлөөнү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүүгө.
3.1.9. Укук ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезметтик планын киргизүү үчүн «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында каттоодон өтүүгө.
3.1.10. Жер участогуна укук ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин бир айдын ичинде «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) тапшырыктоого.
3.1.11. Зарыл болгон учурда бул аймакты куруунун долбоорун иштеп чыгууга жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында келишим түзүлгөн күндөн тартып, алты айдын ичинде белгиленген тартипте макулдашууга;
3.1.12. Долбоорду макулдашуудан жана бекитүүдөн кийин бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында объектти каттоого жана мамлекеттик экспертизадан өтүүгө, белгиленген тартипте объектти курууга киришүүгө;
3.1.13. Объекттин курулушун аяктоого жана объектти ________ (ай, жыл) ичинде эксплуатацияга берүүгө;
3.1.14. Зарылчылыкка жараша берилген жер участогунда жана ага жанаша турган аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн эркин жетүүнү камсыздоого;
3.1.15. Көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну (көк майсандарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригациялоону аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), өтүү жолдорун асфальттоону жана «брусчатка» тибиндеги плиталар менен тротуарларды төшөөгө, сутканын түнкү убагында тышкы жарыктандырууну (шам чырактарды орнотуу) камсыздоого;
3.1.16. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну камсыз кылууга, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүгө;
3.1.17. «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга карата келишим түзүүгө.
3.1.18. Өз эсебинен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылсын:
жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, зарыл болгон учурда короо аймагын санитардык тазалоо;
жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоо жана калыбына келтирүү.
3.1.19. Төмөнкүлөргө жол берилбесин:
жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, бузууга же жок кылууга;
жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;
ижарага алынган жер участогунда башаламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге.
3.1.20. Накта чек аралар белгилегенден кийин жер участокту пайдаланууга киришүүгө жана мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте алууга;
3.1.21. Жер участокту пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды, инженердик тармактарды жана курулмаларды курууга, макулдашылган долбоорго ылайык, эгер бул жер участокту берүүнүн зарыл шарты болуп саналса, берилген жер участокту жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө;
3.1.22. Ушул келишим тарабынан белгиленген курулуштун мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ижаралык төлөмдүн толук наркын төлөп берүүгө;
3.1.23. Өз эсебинен ижарага алынган участокту таштанды таштоодон, сууга батыруудан, сазга айлантуудан, булгоодон коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга;
3.1.24. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;
3.1.25. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык токтоп калуусуна байланыштуу Ижара берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга;
3.1.26. Берилген жер участогунда жерлерди пайдаланууну жана коргоону, объекттерди курууну жана эксплуатациялоону контролдоону жүзөгө ашыруучу тийиштүү мамлекеттик органдардын берилген жер участогуна эркин жетүүсүн белгиленген тартипте камсыздоого.
3.1.27. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү убагында төлөөгө. Ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелинет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны жер участокту ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
3.1.28. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн ижаралык төлөмдү, ошондой эле туумду жана айып пулду белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төлөм документи түрүндө тастыктоого, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына берилет.
3.1.29. Жер салыгын өз убагында төлөп турууга. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3.1.30. Зарылчылыкка жараша, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтотулганда өз эсебинен ижарага алынган жер участогунан имараттарды жана курулмаларды бузууга жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө.
3.1.31. Ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда турган жер участогунун Ижарачысы укугу жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган жана (же) курулуш даярдыгы каралган долбоордук документте 70 пайыздан кем эмести түзсө, бийиктиги беш кабаттан кем болбогон, эксплуатацияга берилген көп батирлүү үй бар жер участогун менчикке сатып алууга укуктуу.
3.1.32. Келишим аяктагандан кийин жер участогун Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.
3.1.33. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда Ижарага берүүчүгө жаңы мөөнөткө келишим түзүү ниети же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого.
3.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз Ижарачы төмөнкүлөргө укугу жок:
3.2.1. Ушул келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө.
3.2.2. Ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) жер максаттуу эмес багыт боюнча пайдаланылганда;
б) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;
в) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогу өздөштүрүлбөгөн учурда;
д) ушул келишимдин шарттары аткарылбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда.
4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин жыйынтыгында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.
4.1.5. Жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдар, ошондой эле ушул келишимдин шарты бузулганда Ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун ушул келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.
4.2.2. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук көрсөтпөөгө, эгерде алар мыйзамга жана ушул келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе.
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалына контролду жүзөгө ашырууга;
4.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укугу жок:
4.3.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бөлүгүн пайдалануу укугун Келишимде белгиленген тартипте жокко чыгарбастан үчүнчү жакка берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн мурда жазуу жүзүндөгү эскертүү боюнча бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттеринин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
6.2. Макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунан бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарылбайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан бул келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө 3 ай мурда жазуу түрүндө эскертүү менен ушул келишимди буза алат.
7.3. Ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда бир тараптуу тартипте Ижарага берүүчү тарабынан киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Бишкек шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча аукциондун протоколуна/комиссиянын чечимине ылайык Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
______________________________________________________________
______________________________________________________________
______________________________________________________________
______________________________________________________________
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: |
| ИЖАРАЧЫ: |
__________________________ |
| __________________________ |
(кол тамгасы) |
| (кол тамгасы) |
М.О |
| М.О. |
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси М. Дж. Алымбеков
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 138 токтомуна 3-тиркеме |
Форма |
|
|
Шаар куруу корутундусу
Жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү):
Жер участогунун идентификациялык коду (эгер ыйгарылган болсо) ________________________________________________________________
Объекттин (жер участогунун) жайгашкан орду: ________________________________________________________________
Жер участогунун чек аралары ________________________________________________________________
Жер участогунун аянты ________________________________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу
________________________________________________________________
Кыртыш сууларынын жайгашуусунун тереңдиги ________________________________________________________________
Участок кооптуу табигый жана техногендик процесстерге кабылган (кабылган эмес)
____________________________________________________________
1. Графикалык бөлүгү:
1:500 жана 1:2000 масштабында жер участогунун чек араларын түшүрүү менен, бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү менен же участоктун чек араларын бар болгон кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен топографиялык негизде аткарылган жер участогунун чиймеси.
2. Тексттик бөлүк:
1. Пайдалануунун билдирилген ниеттери үчүн тандалган жер участогунун шаар куруу документтерине жана куруу, жер пайдалануу эрежелерине (жер пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнө) шайкеш келиши | |
Башкы план | Шаар куруу документтери жана куруу жана жер пайдалануу эрежелери бар экенин көрсөтүү (маалым даректери менен) жана аларга шайкеш келиши |
Деталдуу пландоонун долбоору |
|
Башка шаар куруу документтери |
|
Куруу жана жер пайдалануу эрежелери |
|
2. Жер участогун пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенттери (жер участогун уруксат берилген пайдалануунун параметрлеринин чектери): | |
2.1. Жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү: |
|
2.2. Объекттин чектүү кабаттуулугу (максималдуу жана/же минималдуу кабаттуулугу (бийиктиги): |
|
2.3. Участоктогу курулуштардын максималдуу пайызы: |
|
3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана талаптар: | |
3.1. Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда: | |
тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча | Шарттардын бар экендигин көрсөтүү |
санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык күзөт зонасынын шарттары боюнча |
|
суу коргоо зонасынын шарттары боюнча |
|
экологиялык шарттар боюнча |
|
3.2. Жайгашкан ордуна жана функционалдык багытына жараша жер участогун пайдаланууга коюлуучу кошумча талаптар: | |
Көрктөндүрүү боюнча талаптар |
|
Фасаддарга карата талаптар |
|
Авто коюу жайларын уюштурууга карата (авто коюу орундарынын саны) жана участокко баруучу жолдорго коюлган талаптар |
|
3.3. Ыйгарым укуктуу органдардын төмөнкүлөр боюнча корутундулары: экологиялык көзөмөл; санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл; өрткө кашы көзөмөл; жерге жайгаштыруу жана каттоо; тарых жана маданият эстеликтерин коргоо; бак-дарактарды күтүү жана коргоо; мамлекеттик корголууга тийиш болгон объекттер; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүм |
|
4. Азыркы инженердик тармактарды күтүүнүн шарттары жана долбоорлонуп жаткан инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу боюнча | |
4.1. Пайдаланууга бөлүнгөн аймактар боюнча инженердик трассаларды өткөрүү талаптары |
|
4.2. Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар: трансформатордук көмөк чордон (ТКЧ) шкафтык газды жөнгө салуучу пункт (ШГЖП) көбөйтүүчү насостук станция (КНС) |
|
4.3. Колдонуудагы инженердик тармактардын бар болушу жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгон учурда аларды жылдыруу боюнча талаптар |
|
|
|
|
|
5. Жер участогун пайдалануу жөнүндө сунуш |
|
Начальник___________________________________________________
(«Бишкекбашкыархитектура» МИсинин жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү)
______ Дата: _____________________ ____________________ (кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси М. Дж. Алымбеков
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Ж.Б. Абиров |
|
|