Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаардык кеңешинин

2026-жылдын 30-июнундагы № 110

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2020-жылдын 14-январы № 140

Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күрөөгө убактылуу укуктарды өткөрүп берүү механизмин иштеп чыксын;

алты айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер жана шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер жана шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Ж.Абиров