Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты№ 156-27
Аламүдүн айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аламүдүн айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 116-27 “Жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Аламүдүн айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө” жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Филимоненко |
|
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2020-жылдын 23-мартындагы
№ 156-27 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө
ЖОБО
1. Ушул жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Аламүдүн айыл аймагында жашаган, COVID-19 коронавирустук инфекция пандемиясынын жана ушуга байланыштуу киргизилген чектөө мүнөзүндөгү мамлекеттик чаралардын натыйжасында оор турмуштук абалда калган жарандарга материалдык жардам берүү тартибин аныктайт.
Ушул Жободо оор турмуштук абал деп арыз берүүчүнүн жашоо шартын начарланткан, материалдык абалды эске алганда, алардын таасирин ал өз алдынча жеңип чыга албаган объективдүү кырдаалдар айтылат.
3. Материалдык жардам азык-түлүк топтому жана дары-дармек каражаттары түрүндө берилет. Азык-түлүк топтомунун курамына кирген тамак-аш азыктарынын тизмеси 1 кишинин эсебинен тиркелет. (№ 1 тиркеме).
4. Материалдык жардам Аламүдүн айыл аймагынын жарандарына көрсөтүлөт:
- жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде (мындан ары – демөөрчүлүк жардам) берилген материалдык жардамдын эсебинен, демөөрчүлүк жардам, азык-түлүк баштыктары айыл өкмөтүнүн эсебине киргизилбейт, жарандарга түз берилет.
5. Аламүдүн айыл аймагынын калктуу пунктарында каттоосу бар жарандарга материалдык жардам жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилет. Аламүдүн айыл аймагында туруктуу каттоосу жок жарандарга, анын ичинде чет элдик жарандарга материалдык жардам демөөрчүлүк жардамдын эсебинен берилет.
6. Материалдык жардам Аламүдүн айыл аймагында жашаган төмөнкү категориядагы жарандарга берилет:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
- аз камсыз болгон жарандарга;
- жетим балдарга;
- муктаж болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө;
- жалгыз жашаган пенсионерлерге;
- муктаж болгон ички мигранттардан (батир жалдоочуларга);
- муктаж болгон чет элдик жарандарга;
- башка оор турмуштук абалда калган муктаж болгон жарандарга.
7. Жарандын материалдык жардам алуусу үчүн Аламүдүн айыл өкмөтүндө кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында төмөнкү документтер берилет:
- арыз;
- өздүгүн ырастаган документ;
- балдары бар болсо, балдардын (баланын) туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- майыптыгын ырастаган документ;
- пенсиялык күбөлүк;
- жашаган жеринен маалымкат;
- үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалымкат;
- Аламүдүн айыл аймагында каттоосу жок жарандын жашагандыгын тастыктаган эки кошунанын колу менен күбөлөндүрүлгөн Кварталдык комитеттин актысы.
8. Демөөрчүлүк жардам демөөрчү тарабынан айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери менен биргеликте берилет, демөөрчүнүн азык-түлүк баштыктарын берүүгө катышууга убактысы жана мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда баштык каттоосу жок адамдарга, чет элдиктерге социалдык кызматкер тарабынан турак үй ээсинин катышуусунда берилет, бул тууралуу тизмеде тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
9. Материалдык жардамдын туура берилишин көнтролдоо Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылат. Тизмелерди түзүүнү контролдоону Аламүдүн айылдык кеңеши ишке ашырат.
№ 1 тиркеме
Материалдык жардам көрсөтүү үчүн 1 адамдын эсебинен азык-түлүк топтомунун курамына кирген тамак-аш азыктарынын
ТИЗМЕСИ
№ | Азык-түлүктүн аталышы | Күнүнө | Жумасына | Айына | Эскертүү |
1 | Макарон азык-түлүктөрү | 150 гр. | 1050 гр. | 4,500 гр. |
|
2 | Ун | 200 гр. | 1400 гр. | 6000 гр. |
|
3 | Кумшекер | 100 гр. | 700 гр. | 3000 гр. |
|
4 | Күрүч | 100 гр. | 700 гр. | 3000 гр. |
|
5 | Өсүмдүк майы | 0.50 гр. | 350 гр. | 1.5 литр. |
|
6 | Кара чай | 0.10 гр. | 0.70 гр. | 0.300 гр. |
|
7 | Картошка | 200гр. | 1400 гр. | 6000 гр. |
|
Баары: | 810гр. | 5.070 гр | 24.300 гр |
| |