Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 157-27
Аламүдүн айыл аймагында ЫЭК жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аламүдүн айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 116-27 “Жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө жобо бекитилсин
2. Ушул токтом тиркемеси менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Филимоненко |
|
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2020-жылдын 23-мартындагы
№ 157-27 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айыл аймагында
ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө
ЖОБО
COVID-19 короновирустук инфекция пандемиясынын шартында калк тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, карантин режимин катуу сакталыш милдети олуттуу маанигее ээ болуп жатат, аларды бузуу Аламүдүн айыл аймагынын калкынын ден соолугу жана жашоосу үчүн өтө жагымсыз таасир алып келиши мүмкүн. Карантин мезгилинде кыйла маанилүү тапшырма болуп коомдук тартипти сактоо, ошондой эле калк тарабынан кылмыштык жана коомго каршы келген аракеттерди жасоону болтурбоо саналат.
Ушул маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдар менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуусунда маанилүү роль Аламүдүн айыл аймагынын жарандарына, алар тарабынан түзүлүп жаткан ыктыярдуу элдик кошуундарга туура келет. Түзүлүп жаткан элдик кошуундар коомдук тартипти сактоого, алдын алууга жана кылмыштар менен административдик укук бузууларды болтурбоого көмөк көрсөтүү үчүн чакыртылды. Элдик кошуундар тургундардын COVID-19 короноворустук инфекциясын жуктуруп алуусун болтурбоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө катышууга тартылышы мүмкүн. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын калкы ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу түзүлүштөрүнүн курамына кирүү жана Жарандык коргонуу иш-чараларына катышуу (коргоого жана даярдоо жана өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоо) укуктарга ээ.
Жалпы жоболор
1. Ушул жобо ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүү жана иш тартибин аныктайт.
2. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү органы тарабынан коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүнү жана өзгөчө кырдаалдардын таасиринин алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүүнү аткаруу боюнча иштелип чыкты.
3. Ыктыярдуу элдик кошуундардын бардык иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды сыйлоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо принциптерине негизделет. Өзүнүн ишинде ыктыярдуу элдик кошуундар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
II Ыктыярдуу элдик кошуундардын
Негизги милдеттери жана функциялары
4. Ыктыярдуу элдик кошуундардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына алардын коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алын алуу жана болтурбоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү;
б) калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, кырсыктар, эпидемиялар жана башка өзгөчө кырдаалдарда коомдук тартипти сактоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
в) укуктук билимдерди жайылтуу, калкка коомдук жайларда өзүн алып жүрүү түшүндүрүү.
5. Ыктыярдуу элдик кошуундар аларга жүктөлгөн төмөнкү милдеттерди аткаруу менен катар:
а) көчөлөрдө, парктарда, аянттарда жана башка коомдук жайларда коомдук тартипти сактоого, ошондой эле түрдүү коомдук иш-чаларды өткөрүү учурунда тартипти сактоого катышат;
б) жаратылыш кырсыктары, эпидемиялар, кырсыктар, техногендик кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдарда калктун коопсуздугун камсыз кылууда жана коомдук тартипти сактоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жардам көрсөтүшөт;
в) укук коргоо органдарына алардын коомдук тартипти бекемдөө жана укук бузуулар менен күрөшүү боюнча ишине көмөк көрсөтүшөт;
г) укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге катышат;
д) күтүлбөгөн кырсыктан же укук бузуулардан жабыркаган, ошондой эле коомдук жайларда начар абалда калган адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүү боюнча чараларды кабыл алышат;
е) өзгөчө кырдаалдар учурунда кырсыктан сактоо, карантиндик жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өткөрүүгө катышат;
ё) балдардын кароосуздугунун жана жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу боюнча ишке катышат;
ж) өрт коопсуздугун камсыз кылууда көмөк көрсөтөт;
з) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана жол-транспорттук кырсыктарынын алдын алууга көмөк көрсөтөт;
и) жаратылыш ресурстарын жана курчап турган чөйрөнү коргоого катышат;
й) укук тартибинин абалы жөнүндө алынган маалыматты жалпылайт жана талдайт, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жеткирет, укук тартибин бекемдөө, укук бузууларды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча сунуштарды киргизет.
III. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүнүн формалары жана ыкмалары
6. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүнүн негизги формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирдикте кайгуулга чыгуу жана көчөлөргө, аянттарга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга күзөттөрдү коюу;
б) ички иштер органдарына массалык коомдук-саясий, спорттук жана маданий-оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берүү үчүн элдик кошуундардын нөөмөткө туруусу;
в) укук коргоо органдарынын кылмыштардын алдын алуу, аларга бөгөт коюу, кылмыш ачуу жана иликтөө боюнча иш-чараларга элдик кошуундардын катышуусу;
г) ички иштер органдарынын жашы жете электер иштери боюнча бөлүкчөлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү комиссияларынын ишине социалдык кооптуу абалдагы үй-бүлөлөрдү жана жашы жете элек өспүрүмдөрдү ачыктоо боюнча ишине катышуу; укукка жат келген аракеттерге шыктуу жаш өспүрүмдөр менен жекече профилактикалык иштер;
д) укук бузууга жол берген адамдар менен жекече түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жарандарга мыйзамдарды түшүндүрүү;
е) укуктук билимдерди, укук бузуулардын алдын алуу, калктын мыйзамга карата сый мамилесин калыптандырууну жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет булактарын пайдалануу;
7. Кырсыктан сактоо, карантиндик жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өткөрүүдө өзгөчө кырдаалдар шарттарында ыктыярдуу элдик кошуундар Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КР ӨКМдин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашырат.
IV. Элдик кошуунчунун милдеттери жана укуктары
8. Элдик кошуунчу милдеттүү:
- жарандарга карата сылык жана сыпайы болууга, өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабууга жол бербөөгө;
- ыктыярдуу элдик кошуунда белгиленген тартипти сактоого, ыктыярдуу элдик кошуундун командиринин буйрутмаларын жана көрсөтмөлөрун аткарууга;
- коомдук тартипти сактоого, укук бузуулардын алдын алуу иштерине активдүү катышууга, укук коргоо органдарыныны укук бузууларга каршы күрөшүү ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө;
- тапшырмаларды аткарууда Штабдын башчысынын, ошондой эле укук тартибин коргоо боюнча иш чараларды өткөрүүдө укук коргоо органдарынын көрсөтмөлөрүн, талаптарын так жана туура аткарууга;
- жарандардын жеке коопсуздугуна жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган бөөдө кырсыктар же башка өзгөчө жагдайлардын жаралышы, же даярдалган фактылар, же жасалган кылмыштар тууралуу билгенде Штабга жана укук коргоо органдарына, же башка тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында кабарлоого, ошондой эле аларга бөгөт коюу чараларын көрүүгө;
- жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин негизсиз чектөөгө, адамдын жана жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын басынтуу максатындагы аракеттерди жасоого жол бербөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоого, укук бузуулар менен күрөшүү формаларын жана ыкмаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында колдонууга;
- кылмыштардан, администрациялык укук бузуулардан же бөөдө кырсыктардан, өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан, ошондой эле айласыз же өздөрүнүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу башка абалдагы жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө;
- белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн алып жүрүүгө. Жарандарга же кызматтык адамдарга кайрылууда элдик кошуунчу өзүн тааныштырууга жана элдик кошуунчунун күбөлүгүн көрсөтүүгө.
9. Элдик кошуунчу укуктуу:
- жарандардан белгиленген коомдук тартипти сактоого жана укук бузулууларды токтотууну талап кылууга;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте жарандардын документтерин текшерүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын кароого катышууга;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлерине укук бузууларды жасаганга шектүү адамдарды кармоого жардам берүүгө жана кармалгандардын ким экендигин укук бузуу жагдайларын аныктоо үчүн укук коргоо органдарына жеткирүүгө;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери укук бузууларга бөгөт койгондо окуя болгон жерди коргоого жана буюм далилдеринин сакталышын камсыздоого;
- жерлердин аймактарын курчоого алууга (тосмо коюуга), өзгөчө кырдаалдар шарттарында коомдук тартипти коргоо боюнча аракеттерде текшерип өткөрүү режимин ишке ашырууда, жаратылыш кырсыктарынын, кырсыктардын жана кыйроолордун кесепеттерин жоюуда, карантиндик иш-чараларды өткөрүүдө, массалык иш-чараларды өткөрүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (кызматтык адамдардын) чечими боюнча катышууга;
- жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, эпидемия, эпизоотия жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда кечиктирилгис сырсыктан сактоо жана карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аракеттешүүгө;
- өрттүн алдын алууда жана өчүрүүдө өрт коопсуздугу боюнча кызмат органдарына жардам көрсөтүүгө;
- укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына, жаныбарлар дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон объектилерин жана алардан алынган азыктарды жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоонун башка куралдарын, анын ичинде транспорт каражаттарын, ошондой эле тиешелүү документтерин алып коюуга жардам берүүгө;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо жардам берүүгө;
- укук коргоо органдары менен укук тартибин камсыз кылуунун ачык-айкын милдеттерин чечүү үчүн кечиктирилгис учурларда менчик формасына карабастан, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын коомдук бирикмелердин телефондорун жана башка байланыш каражаттарын акысыз пайдаланууга;
- эгер өмүрү жана ден соолугу коркунучка дуушар болот деп эсептесе, коомдук милдеттерди аткаруудан баш тартууга.
V. Ыктыярдуу элдик кошуунду түзүү жана анын ишин уюштуруу
10. Ыктыярдуу элдик кошуундар Аламүдүн айыл аймагында жашаган, иштеген, окуган жери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу боюнча жарандардын демилгеси менен түзүлө алат.
11. Ыктыярдуу элдик кошуунга бир кыйла активдүү жарандардын арасынан он сегиз жашка толгон, кошуундун алдына коюлган милдеттерди өзүнүн ишкердик жана жеке сапаты жактан ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар кабыл алынат.
12. Аламүдүн айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуун штабынын сунуштамасы боюнча ыктыярдуу элдик кошуундар Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан катталышат.
Өзүнчө кошуундарды жоюу же кайра түзүү Аламүдүн айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуун штабынын чечими боюнча Аламүдүн айылдык кеңешине кабыл алынган чечим тууралуу кабарлоо менен жүргүзүлөт.
13. Ыктыярдуу элдик кошуунга кабыл алуу сөзсүз түрдө ыктыярдуу баштоодо жүргүзүлөт.
VI. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жетектөө
14. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жалпы жетектөөнү Аламүдүн айыл өкмөтү ишке ашырат.
15. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишине түздөн-түз жетекчиликти Аламүдүн айыл аймагынын Ыктыяруу элдик кошуундар штабы жана ыктыярдуу элдик кошуундардын командирлери жүргүзөт.
16. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишине ыкчам жана методикалык жетекчилик кылууну Аламүдүн РИИБ Аламүдүн айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуундар штабы менен макулдашуу менен ишке ашырат.
VII. Аламүдүн айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуундар штабы
17. Аламүдүн айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуундар штабы (мындан ары - Штаб) Аламүдүн айыл аймагындагы ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жетектөөнү жана контролдоону ишке ашырат. Штабды түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
18. Штабдын түзүлүшү:
1) Штабдын жетекчиси (Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары);
2) Штабдын жетекчисинин орун басары (Аламүдүн айыл аймагы боюнча милициянын улук аймактык инспектору);
3) Штабдын мүчөлөрү: Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн, Аламүдүн РИИБдин, КР ӨКМдин аймактык органдарынын өкүлдөрү, муниципиалдык ишканалардын жана мекемелерин жетекчилери, ыктыярдуу элдик кошуундарын командирлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү.
19. Штабдын сандык курамы түзүлгөн ыктыярдуу элдик кошуундардын санын эске алуу менен белгиленет.
20. Штабдын ишинин уюштуруучулук формасы болуп Штабдын отуруму саналат. Штабдын отуруму эгер анда анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу болуп саналат. Штабдын чечими протокол менен таризделет. Чечим эгер ал үчүн Штабдын мүчөлөрүнүн отурумунун теңинен көбү добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелет.
21. Штаб төмөнкүдөй кызматтарды аткарат:
- ыктыярдуу элдик кошуундарды жетектөөнү ишке ашырат, алардын ишин уюштурат жана пландаштырат;
- ытырядуу элдик кошуундардын реестрин жүргүзөт;
- ыктыярдуу элдик кошуундарды чыңдоо жана элдик кошуундардын катарына калктын мыкты өкүлдөрүн тартуу чараларын көрөт;
- элдик кошуунчуларды окутуу боюнча иш чараларды иштеп чыгат;
- ыктырядуу элдик кошуундардын ишин текшерет, ачыкталган кемчиликтерди жоюу чараларын көрөт, иштин оң тажрыйбаларын жалпылайт жана жайылтат;
- айырмаланган алдыңкы элдик кошуунчуларды сыйлоо тууралуу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен, ошондой эле Аламүдүн айыл өкмөтүнөн өтүнөт.
VIII. Ыктыярдуу элдик кошуундар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү
22. Укук коргоо органдары ыктыярдуу элдик кошуундарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтөт, элдик кошуундардын командилерине кошуундардын ишмердүүлүгүнө зарыл болгон укук бузуулар тууралуу маалыматтарды беришет.
23. Ички иштер органдары ыктыярдуу элдик кошуундар менен күнүмдүк өз ара кызматташууну камсыз кылышат, зарыл болгон учурларда кошуунчуларга нускама өтөт, аларды укук бузуулар менен күрөшүүнүн формалары жана ыкмалары менен камсыз кылышат, Штаб менен макулдашуу боюнча коомдук тартипти коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш чараларды өткөрүшөт. Мындай иш-чараларды өткөрүү маалында кошуунчулардын ишин ыкчам жетектөөнү ички иштер органдарынын тиешелүү кызмат адамдары ишке ашырат.
IX. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
24. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде берилген жана башка келип түшкөн каражаттардын эсебинен;
- Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен.
25. Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражатынан каржыланышы мүмкүн:
- кошуунчуларды укуктук жана атайын окутууну уюштуруу;
- символдорду, атрибуттарды жана документацияларды даярдоо жана сатып алуу;
- жеке коргонуу каражаттарын жана башка зарыл эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу;
- массалык иш-чараларды өткөрүүдө – тамак-аш, транспорттук чыгымдар жана кошуунчулардын байланыш чыгымдары;
- өзгөчө кырдаалдар шарттарында – кошуунчуларга акчалай камсыздандыруу төлөп берүү, азык-түлүк, транспорттук чыгымдар, байланыш чыгымдары.
26. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыктыярдуу элдик кошуундарга, Штабга кызматтык колдонууга имарат, транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын жана башка алардын ишмердүүлүгүн ишке ашырууга зарыл болгон мүлктөрдү бериши мүмкүн.
X. Жыйынтыктоочу бөлүк
27. Элдик кошуунчулардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө каршы аракеттер, ыктыярдуу элдик кошуунчулардын коомдук тартипти коргоо боюнча алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан аларга зомбулук көрсөтүү, өмүрүнө, ден соолугуна кол салуу, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
28. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүн контролдоону Штаб, Аламүдүн айыл аймагынын жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органы, укук коргоо органдары ишке ашырышат.