Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы № 27-33/4
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Каракол шаарынын кѳчѳлѳрʏнѳ, аянттарына жана башка локалдуу унаа обьектилерин атоо, атын ѳзгѳртʏʏ жана жаңы аттарды коюу жѳнʏндѳгʏ” №26-7/9 Токтому менен бекитилген Жобого ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ жана толуктоолорду киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
8 беренеде “кѳчѳлѳргѳ атактуу адамдардын аттарын, фамилияларын ыйгаруу”-деген сѳздѳрдѳн кийин, “Каракол шаарында, 15 жылдан кем эмес жашаган”-деген сѳздѳр кошулсун. “Атуулдар”-деген сѳз, “атактуу адамдар”-деген сѳздѳр менен алмашылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ж.Мамбетов) жүктѳлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
|