Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 5/2
“Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кенеш айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, тартиби, Кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиянын жогорудагы сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Кенеш айылдык аймактык “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосу бекитилсин ( Тиркеме тиркелет ).
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кенеш айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, тартиби, Кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Токторов |
Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин
22.11.2019-жылдагы № 5/2-токтомуна тиркеме
“Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобо
1 “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуул” наамына көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартиби.
1.1 “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы атуулдун айылы жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыразычылык болуп эсептелет. Наам социялдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн,айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак-данккынын өсүшүнө кошкон салымы үчүн берилет.
1.2. Наам айыл чарба багытындагы инновациялык иштери үчүн ,калктын инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы алгылыктуу иштери үчүн,билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн,элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрлүү эмгеги үчүн ,социалдык кайрымдуулук ишмердиги үчүн,саламатыктты сактоодогу сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку корсоткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.3.Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган,бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери учүн (анын ичинде ири демөөрчүлүк жардам), корсоткон баатырдыгы үчүн,өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдын өмүрун куткарууда көрсөткөн эрдиктери жана өзгөчө кырдалдан кийинки кесепетти жоюдагы эрктүүлуктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
1.4 “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы бир жылда бир атуулга,айрым учурда зарылдыгына жараша андан көп атуулдарга берилиши мүмкүн.
1.5.Айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жана мектептерге” Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган атуулдадын атайын ардак тактайчасы уюштурулсун.
1.6. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы каза болгон атуулдарга ыйгарылбайт.
1.7.наамды ыйгаруу коомчулуктун катышуусу менен салтанаттуу түрдө тапшырылат.
1.8. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу”наамы жергиликтүү жааматтын эң жогоркунаамы болуп эсептелет.
1.9. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын эсине “кеңеш айылдык аймагынын ардактуу атуулу “ төш белгиси жана наамды тастыктаган күбөлүк кошо тапшырылат.
1.10. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын тастыктаган кубөлук же төш белгиси жоголгон же жараксыз болуа калган учурда жасатылып берилбейт.
1.11. Наамды берүүгө кеткен чыгымда жергиликтүү бюджетин эсебинен каржыланат .
2. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына суунушто тартиби;
2.1.Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жүзүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар (айылдык кеңеш, жаштар уюму,аксакалдар кеңеши,Аялдар кеңеши ж,б) эмгек коллективтери жана мекемелер кайрылууга укуктуу жеке жарандын кайрылуусу каралбайт.
2.2. кайрылуу айылдык кеңешинин сессиясында каралат жана томдогу докментерди камтышы зарыл.
-ардактуу наамына татыган талапкердин критерийге дал келген жана эмгектерин кенири камтыган протоколу жана өмүр баяны менен пспорту болушу зарыл.
- сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери.
2.3.Сунушталган докментер айыл өкмөтүнүң жооптуу катчысна берилет.
2.4.Айылдык кеңештин депуттатары талапкердин документтерин кароо менен наамды ыйгаруу чечимине кабыл алышат же артка кайтарышат.
3. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу.
3.1. “Ардактуу атуул” наамынын ээси төш белгисин тагынуу менен майрамдык ар кандай иш чараларда, жыйындарда катышууга укуктуу.
3.2. “Ардактуу атуул” наамынын ээси айыл аймагындагы мекеме ишканаларда,уюмдарда өтүлүүчү чогулуштарына катышууга укукту.
3.3. “Ардактуу атуул” намынын ээси коомдук жайларда өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму менен ар кандай иш чараларда,жыйындарда адептүүлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
4. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу
4.1. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине сот күнөсун далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, элдик жыйындын негизинде,айылдык кеңештин чечими менен наамынан ажыратуу же ажыратпоо жагы каралат.
4.2.Жүрүш –туруш нормалары жана коомдук жайларда өзүн ар дайым жаман жорук жоосундары менен алып журүусү такталган учурда наамды ажыратуу же ажыратпоо жагы айылдык кеңештин сессиясында каралат.
4.3. “Ардактуу атуул” наамынын ажыратуу жашыруун добуш менен аныкталат. Жалпы Депутаттадын жарымынын көбү добуш берсе.
4.4. Наамынын ажыратуу жашыратуу чечими кабыл алган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтарып берилүүгө тийиш.
5.Добуш өзгөрүү
5.1.Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2.Талапкерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси “ Макул” добуш берген уучурда ишке ашырылат.
5.3. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.
6.Жобонун өзгөрүү тартиби.
6.1. “Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу” жөнүндөгү жобо учурдун талаптарына ылайык сунуштардын негизинде өзгөртүлүп,толукталышы мүмкүн.