Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 1
№2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү протоколдорду бекитүү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзулөт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамын беш жыл мөөнөткө түзүү боюнча №2229 Терек-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 18(он сегиз) жана №2230 Чоң-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү 17 (он жети) протокол бекитилсин.
2.Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн №2229 Терек-Суу жана №2230 Чон-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдору сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жооптуу катчы Эсенбековага ташырылсын.
4.Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Б. Көксариев |
|