Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №185/36-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.11.2019-ж. №176/34-7 сандуу токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.11.2019-ж. №176/34-7 сандуу токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.11.2019-ж. №176/34-7 сандуу токтомунун тиркемеси жокко чыгарылсын жана бул токтом менен жаңы тиркеме бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ШММБнын башчысына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Кыргызалиев |
|
Кара-Көл шаардык кеңешинин
2019-жылдын 19-декабрындагы
XXXVI сессиясынын №185/36-7
сандуу токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен 2020-жылга Кара-Көл шаардык бюджетке берилүүчү дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун
РЕЕСТРИ
№ |
Долбоордун аталышы |
Жалпы суммасы ( миң сом) |
Жергиликтүү бюджеттен каржыланыш керек ( миң сом) | “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржыланат (миң сом) |
1. | Шаардык “Энергетик” стадионун ремонттон өткөрүүгө |
7 433,3 |
4 433,3 |
3 000,0
|
2. | “Келечек” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү |
3 231,6 |
731,6 |
2 500,0
|
3. | “Кайынды” балдар эс алуучу лагеринин имаратын 1-2 бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү |
5 742,9 |
2 742,9 |
3 000,0
|
| Баардыгы | 16 407,8 | 7 907, 8 | 8 500,0 |
Аппарат жетекчи | Нурматова К.И. |