Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №187/36-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кулжигачева Махабат Женишовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Т.Т.Молдомуровдун шаардык кеңештин депутаты, “ Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Кулжигачева Махабат Женишовна ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү жөнүндө сунушун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кулжигачева Махабат Женишовна 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн 11 сессияга катышкан жок. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 118 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “ Мыйзамы жарыяланып, күчүнө киргенден бери Кара-Көл шаардык кеңешинде 4 сессия өткөрүлгөн. Бул өткөрүлгөн сессияларга М.Ж.Кулжигачева катышкан жок. Жүйөлүү себептерин тастыктаган документтери да шаардык кеңештин аппаратына тапшырылган жок.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунун жана 3-бөлүгүнүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Махабат Женишовна Кулжигачеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү боюнча Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясына сунуштама берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан Махабат Женишовна Кулжигачеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Кыргызалиев |
|