Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №188/36-7
“Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине батирлерди алуу жана 2018-2020-жж. менчиктештирүү программасына толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 04.12.2019-жылдагы № 05-03/2940 сандуу кайрылуусундагы Кара-Көл шаарындагы эч бир мекеменин карамагында жок батирлерди шаардын муниципалдык менчигине алуу жана менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө суранычын жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын угуп жана талкуулап чыгып, аталган батирлерде көп жылдан бери жашап жаткан тургундардын батирлерди менчиктештирип берүү жөнүндө кайрылууларын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарындагы менчик ээси жок тиркелген тизмедеги батирлерди Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин. ( тизме тиркелет)
2. Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы жогорудагы батирлерди мыйзам чегинде муниципалдык менчикке өткөрүп алсын.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 28.04.2018-жылдагы №78/16-7 токтому тиркемелер менен толукталсын. ( тиркеме тиркелет)
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу I вице-мэрге ( Э.Э.Бабаканов),Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Курамаев), ал эми контролдоо шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Кыргызалиев |
|
Тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин
19.12.2019 № 188/36-7 токтому
менен бекитилди
Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алынуучу үйлөрдүн тизмеси:
№ | Объектинин аталышы | Саны | Баланстык баасы | Башталгыч баасы | Менчиктештирүү |
1. | Сабиров 41 №4 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
2. | Сабиров 20 №6,8 | 2 | - | - | Менчиктештирүү |
3. | Серый 13 №41 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
4. | Серый19 №14,31 | 2 | - | - | Менчиктештирүү |
5. | Серый 23№13 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
6. | Токтогул 35 №1 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
7. | Токтогул 40 №3,4 | 2 | - | - | Менчиктештирүү |
8. | Токтогул 2а №8 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
9. | Ажыматов 8 №1 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
10. | Панфилов 9 №2 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
11. | Бекташ 6 №6 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
12. | Рахимов 2 №3 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
13. | Рахимов16 №1 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
14. | Бекташ 10№ 1 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
15. | Чаргынов 2 №9 | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
Аппарат жетекчи | Нурматова К.И. |