Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-февралы № 09
Экран (монитор) аркылуу жарнама берүү үчүн тариф бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 28.01.2020жылдагы №01-15/11 катынын негизинде Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 31.01.2020-жылдагы № 01-34/68 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук аянттагы экрандан (монитор) акы төлөө аркылуу жарнамаларды жарыялап туруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын.
2. Жарнамаларды жарыялап туруу үчүн тарифтик төлөм ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Жеке жана юридикалык тараптардан жарнамалардын жазуу жүзүндөгү табыштамасын/видео чыгарылышын кабыл алуу, каттоо, эки тараптуу келишим түзүү үчүн атайын жооптуу кызматкер дайындалсын.
4. Жарнама жарыялоо боюнча бардык иш аракеттер Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
6. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н. Жусупахунов |
|
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII
чакырылышынын 07.02.20120-жылдагы
кезектеги XX сессиясынын № 09 токтому
менен бекитилди
Тиркеме
Борбордук аянттагы экран (монитор) аркылуу жарнамаларды жарыялоо үчүн тарифтик төлөмдүн өлчөмү
Экрандын жалпы баасы: 901 780 сом
901 780 сом : 5 жыл = 180 356 сом
180356 сом : 360 күн = 501 сом
501 сом : 12 саат = 41,75 сом
41,75 : 60 мүнөт = 0,70
Физикалык тарапка: 1 мүнөткө /60 секундасына - 0,70 тыйын
Юридикалык тарапка: 1 мүнөткө/60 секундасына – 1 сом 20 тыйын \
Төрага | М.Н.Жусупахунов |