Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы №190/37-7
“Үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Э.Э.Бабакановдун “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү” жөнүндөсунушун жана шаардык кеңештин мандат, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.С.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген жобонун 2.1. бөлүмүн жетекчиликке алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз ХXXVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. ( Тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын I вице-мэрине (Э.Э. Бабаканов), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
Тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин
20.01.2020-ж. кезексизХXXVII
сессиясынын №190/37-7токтому
менен бекитилди
Үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо боюнча
комиссиянын курамы
1. Бабаканов Э.Э.-1 вице- мэр, комиссиянын төрагасы;
2. Талипова Ы.Т.-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын сектор башчысы, комиссиянын катчысы;
Комиссия мүчөлөрү:
3. СатыбалдиевУ.К.-Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өнөр-жай курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча сектор башчысы;
4. Абытканова Р.- аялдаркеңешинин төрайымы;
5. Ызаков Б.С.-шааркурулушжана архитектура боюнча Кара-Көл башкармалыгынын башчысы;
6. Мусуралиева Г.К.- бюджеттик, муниципалдык мекемелердин профсоюз уюмдарынын шаардык комитетинин төрайымы;
7. Тайчабаров А.О.-шаардык кеңештин депутаты;
8. Колбаев К.К.- аксакалдар кеңешинин төрагасы;
9. Субанкулова А.Б.- жаштар кеңешинин төрайымы;
10. Каракожоев Т.К.-шаардык кеңештин депутаты;
11. Аскаров К.А.- шаардык мэриянын башкы адисинин у.м.а.
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси | К.И. Нурматова |