Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы №191/37-7
“Кара-Көл шаарынын аймагында муниципалдык социалдык заказ боюнча 2020-жылга программасын бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин “Кара-Көл шаарынын аймагында муниципалдык заказ боюнча 2020-жылга программасын бекитүү жөнүндө”кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз ХXXVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаарынын аймагында муниципалдык заказ боюнча 2020-жылга программасы тиркемеге ылайык бекитилсин. ( Тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
Тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин
20.01.2020-ж. кезексиз ХXXVII
сессиясынын №191/37-7
токтому менен бекитилди
Кара-Көл шаарынын аймагында
муниципалдык социалдык заказ боюнча
2020-жылга программасы
Киришүү:
2019-жылдын 1-январына карата шаар калкынын жалпы саны 25890 адам болуп, анын ичинен 13008 адам же 50,2%ын аялдар, 12882 адам же 49,8%ын эркектер түзүшөт. Муниципалдык аймактарга бөлүп эсептегенде: Кара-Көл шаарында – 22050 адам , Жазы-Кечүү айыл аймагында – 1804 адам, Кетмен-Төбө айыл аймагында – 2036 адам жашашат. Алар 6088 кожолукту түзүшөт. Калктын 96,0% кыргыз улутундагылар, 2,3% орус улутундагылар, ал эми калганын 18 этностун өкүлдөрү түзөт.
2020-жылга муниципалдык социалдык тапшырык программасы “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын 28.04.2017-ж №70 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамга таянып, жаштардан сурамжылоо жана добуш берүү аркылуу жүргүзүлгөн.
Программа жаштар арасында көйгөйлүү деп саналган жана максаттарга жетишүү максатында коомдук пайдалуу долбоорлорду муниципалдык каржылоо түрүндө ишке ашыруу каралган.
Муниципалдык социалдык заказ - жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бөлүгүн ишке ашыруу механизми.
Жаштар арасында көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн шаардык мэриянын буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун катышуусу менен 2019-жылдын 1-ноябрында мэриянын кичи залында жаштар көтөрүп чыккан көйгөйлүү маселелер аныкталып, 15-ноябрь күнү “Энергетик” маданият үйүндө жаштардын добуш берүүсү менен артыкчылыктуу маселелер аныкталган.
Көйгөйлөрдүн сүрөттөлүшү:
Кара-Көл шаарында 6 жалпы билим берүүчү, 2 башталгыч мектептер, 5 мектепке чейинки билим берүү мекемелер, жогорку, орто жана кесиптик окуу жайлар орун алган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 1000ден ашуун бала, жалпы билим берүүчү мекемелерде 5242 окуучу тарбияланат жана 300дөн ашуун студенттер билим алышат.
Ал эми статистикалык көрсөткүчтөргө таянсак 14 жашка чейинки балдар 9768 -38%, 28 жаштан жогору чондор 8475 -33%, 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар 7647-29% түзөт.2 жаштан 6 жашка чейин жалпы 3128 бала, алардын балдар бакчасы менен камсыздалышы 1076 бала же 34,4% түзөт.
Жогоруда жазылгандай шаардын калкынын негизги бөлүгүн же болбосо 67% жаштар жана 14 жашка чейинки балдар түзөт. Шаардык жаштар кеңеши жана окуучулар социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдук иш-чараларга жаштардын пассивдүү катышуусуна, желим бөтөлкөдөгү суусундуктарды жана желим баштыктагы татымалдарды жаштар көбүрөөк татышарына жана ошол эле жаштар калдык катары көчөлөрдө таштаарына токтолушту.
Кара-Көл шаарында төрөлүп, жашаган жаштардын дагы көпчүлүгү коомдук жайда жүрүү эрежелерин так сакташпайт, ар кандай тартип бузуу, коомдук жайларды булгоо, административдик укук бузууларды көп жазашат, жаштар бош убактыларын туура пайдаланышпай, парктарда, скверлерде спирт ичимдиктерин ичишип, бош олтурушат. Жыйынтыгында коомдук жайлардагы, парктардагы инсталляцияларды, скамейкаларды сындырышат. Жаштар көпчүлүк убактарда, түшкү 12 лерден кечки 8 дерге чейин коомдук жайларда жүрүшөт.
Коомдук пайдалуу долбоордун сүрөттөлүшү:
Көпчүлүк жаштар заманга жараша убактыларын социалдык түйүндөрдө (Одноклассники, Фейсбук, Инстаграмм ж.б.у.с.) көбүрөөк өткөрүшөт жана ошол жактан байланыш түзүшөт. Жаштар менен байланышты жаштар сайтын ачуу менен түзүп, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышуу, жаштарды патриоттуулука үндөө, шаарыбыздын жаратылышын коргоо, көчөдө жүрүүнүн этикаларына үйрөтүү сыяктуу пайдалуу кеңештер менен бөлүшүү жүргүзүлөт. Жаштардын жана балдардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүү жана тазалыкты сактоого көз карашын өзгөртүү аркылуу коом алдында жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу.
|
№ | Социалдык көйгөйдүн аталышы | Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулар (топтор) | Камтылган көчөлөр | Ишке ашыруу мөөнөтү | МСЗнын форма-лары | Жергиликтүү бюджет, | Күтүлгөн жыйынтыктар | Индикаторлор | |
суммасы, Сом менен | |||||||||
|
| ||||||||
1 | Шаар аймагында эс алып жүргөн жаштар желим бөтөлкөлөрдү, баштыктарды эс алган жерлеринде таштап кетишет, көчөлөр булганып шаардын көркү бузулууда | 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар жана шаар тургундары | Шаардын негизги көчөлөрү | 2020-2021ж. | Коомдук пайдалуу долбоор-лор аркылуу ишке ашыруу | Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинен 70 000 (жетимиш миң) сом (ЖӨБ жөнүндө КР Мыйзамынын 18-беренесинин 19-20 пункттары) | Жаштар пластик бөтөлкөлөрдү, желим баштыктарды көчөлөргө таштабай, өзүнчө урнага таштаганга үйрөнөт, шаардын тазалыгы сакталат. | Шаардын көчөлөрү желим бөтөлкөлөрдөн, баштыктардан тазаланат, жаштар тарабынан тазалыкка көнүл бурулат. | |
2 | Жаштар шаардык социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө, коомдук иш-чараларга пассивдүү катышат, маалыматтуулук аз. | 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар жана шаар тургундары | Шаардын баардык көчөлөрү | 2020-2021ж. | Коомдук пайдалуу долбоор-лор аркылуу ишке ашыруу | Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинен 120 000 (жүз жыйырма миң) сом (ЖӨБ жөнүндө КР Мыйзамынын 18-беренесинин 19-20 пункттары) | Жаштар социалдык түйүн аркылуу пайдалуу маалыматтарды, кеңештерди, патриоттуулукка, шаардын тазалыгына салым кошуу, шаарда орнотулган эстеликтерге, отургучтарга бактарга аяр мамиле жасоого үндөлөт. | Жаштардын шаар ичиндеги жүргүзүлүп жаткан коомдук иш-чаралар боюнча маалымдуулугу, иш-чараларга активдүү катышуусу күчөйт. |
Программаны ишке ашыруу механизмдери.
Муниципалдык социалдык заказды ишке ашырууда, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” долбоорунун негизги пункту аткарылат жана Кыргыз Республикасынын 28.04.2017-ж №70 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамына таянып иш жүргүзүлөт.
Социалдык көйгөйлүү маселелерди чечүү жана программанын коомдук пайдалуу максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик социалдык заказдын мыйзамда көрсөтүлгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо түрү колдонулат.
Шаардык мэрия, шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү жана атайын түзүлгөн жумушчу топ, мындан ары дагы социалдык долбоорлор боюнча бейөкмөт уюмдарга конкурс өткөрүү, конкурска катышкан бейөкмөт уюмдардын долбоорлору менен таанышып, пайдалуу жагын аныктоо жана баалоо менен программанын эффективдүү ишке ашырылышы, муниципалдык социалдык тапшырыкты ишке ашырып жаткан бейөкмөт уюмдан келишимдин негизинде жүргзүлүп жаткан иштер боюнча өз убагында отчетторду алуу боюнча жумуштарды жүргүзөт.
Маалымат берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушчу топ менен жооптуу структуралык бөлүмдөр тарабынан аныкталып, техникалык тапшырмага жана кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлүүчү келишимдерге киргизилет.
Аппарат жетекчи | К.И.Нурматова |