Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 6
Могол айылдык Кеңешин каттоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” жана“Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”,”Юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоо жѳнүндѳ” мыйзамдарынын негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги ХIХ-сессиясы токтом кылат:
1. “Могол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн (мындан ары “мекеме”).
Мекеменин толук фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: “Могол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси; Расмий тилде: “ Айылный кенеш Могольского айыльного аймака”
2. Мекеменин юридикалык дареги:”Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу Базар-Коргон району Ооган-Талаа айылы Н.Укубаев кѳчѳсү №21
3. “Могол айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Регламенти бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
4. Юридикалык жакты түзүү жѳнүндѳ уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|
Могол айылдык Кеңештин VII-чакырылышынын
2019-жылдын 26-декабрындагы кезектеги
ХIХ-сессиясынын №6-токтомуна тиркеме
Могол айылдык Кеңешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» ,Мыйзамына ылайык, кеңештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык Кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мѳөрү жана штампы болот.
Айылдык Кеңештин Регламенти, айылдык Кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
-Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
- Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- Айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- Айылдык кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу;
2.2. Пункттун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөрүлөт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясы.
3.1.Айылдык Кеңештин биринчи сессиясы мурда шайланган кеңештин төрагасы же депутаттардан түзүлгөн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык Кенештин биринчи сессиясын карыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан көбү сессияга катышкан учурда айылык Кеңештин сессиясы өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кеңештин регламентин, төрагасын, орун басарын шайлоо, жаңы Кеңештин структурасын түзүү жана Кеңештин ишине тиешелүү зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. Төраганы шайлоо айылдык Кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3.5. Төраганын орун басары айылдык Кеңештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүү жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздүк документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллетендер» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кеңештин төрагасы болуп төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык Кенештин депутаты тораганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен төрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык Кеңештин сессиясы.
5.1. Кеңештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия ѳтүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кенештин депутаттарына үч күндөн кечиктирбей таратылат.
5.3. Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунуш менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кеңештин төрагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кеңештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кеңештин чечими же Кеңештин төрагасынын буйругу менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кеңештин катчысына жазуу түрүндө берилиш керек.
5.8. Айылдык Кеңештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык Кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кирүүсү үчүн баардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
VI. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.
6.1. Айылдык Кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептөө комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт. Сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
6.3. Секретариат айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат.
7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштөө тартибине өзгөртүү киргизү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери Айылдык Кеңештин компетенциясы.
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Күн тартиби, иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишкана жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угуунун күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирууго жол берилбейт);
8.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
IХ. Кеңештин чечимдери.
9.1. Кеңештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча Кеңеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго Кеңештин төрагасы кол коёт.
9.4. Кеңештин депутаты Кенештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндѳ же оозеки билдирүүсү Кеңештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кеңештин чечимин бастырып чыгаруу, Кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.7. Айылдык Кеңештин чечими айыл аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттүү.
9.8. Кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Х. Айылдык Кеңештин төрагасы.
10.1. Кеңештин сессиясын чакырат жана төрагалык кылат. Кеңештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коёт, аларга көзөмөлдүк кылат.
10.2. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.
10.3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жогорку органдарга расмий өтүнүч жасайт.
10.4. Кеңештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.5. Кеңештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коёт.
10.6. Кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.
10.7. Айыл өкмөтүнүн, айылдык Кеңештин жооптуу катчысы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга, айыл өкмөт башчысына сунуш кылууга укуктуу. Кызматка алуу жагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кенештин төрагасынын макулдугу менен жүргүзөт.
10.8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде Кеңешке жүктөлгөн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.9. Айылдык Кеңештин төрагасы, өзүнүн милдетин кезектеги мөөнөткө жаңыдан чакырылган Кеңештин биринчи сессиясына чейин аткарат.
ХI. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
11.1. Төраганын орун басары Кеңештин төрагасы жок болуп калган жана төрага өз функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда Кеңештин төрагасынын милдетин аткарат.
11.2. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат.
ХII. Кеңештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кеңештин катчысынын милдетин айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айыл ѳкмѳтүнүн катчысы айылдык Кеңешинин сессиясынын протоколун жүргүзөт. Кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кеңешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзѳт.
12.8. Кеңештин сессиясын, материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтүү Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алат.
Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байлныштуу мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотушу мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
13.2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:
- кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарлышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
- жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышын сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
ХIV. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби.
Негизги жоболор.
14.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган айыл ѳкмѳт башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кеңештин регламенти менен аныкталат.
14.2. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы тийиштүү айылдык Кеңештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылышы мөөнөтүнө карата жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
14.3. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө, айылдык Кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) укуктуу.
14.4. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү чарбакер субъекттерде жетекчи кызматтарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл ѳкмѳтүнүн башчысы боло алат.
Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу жоюулганына, мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына карабай Кыргыз Республикасынын жараны айыл ѳкмѳтүнүн башчысы боло албайт.
14.5. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 каландардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айыл кеңешинин биринчи жыйналышы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл өкмөтү шайланганга чейин өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
14.6. Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында айыл башчысын шайлоону жана өткөрүүнү координациялоону жүргүзүшөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.
14.7. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү Кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу ишке ашырылат. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү жол-жобосу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 беренесине, ушул Жобого жана жергиликтүү Кеңештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.
14.8. Шайланган айыл ѳкмѳтүнүн башчысына тиешелүү аймактык комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
14.9. Бул Жобону бузуу шайлоону жараксыз деп табууга алынып келет.
ХV. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.
15.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим.
2) ат салышуу жөнүндө талапкердин арызы.
3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы (кызматынын түрүн) жана турган жерин көрсөтүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары.
4) ушул Мыйзамдын 42 - жана 48 – беренесинлеринин талаптарын тастыктоочу тийиштүү документтер.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө – чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жөнүндө талапкерди көрсөткөн субъектиге кабар билдирүүгө милдеттүү. Талапкерди кѳрсѳткѳн субъект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизип, тиешелуүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди кѳрсѳткѳн субъектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Талапкерлерди каттоодон баш тартууга төмөндөгүлөр негиз боло алат:
1) ушул Мыйзамда каралган көрсөтүүнүн тартибинин сакталбашы.
2) Талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу.
3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги
4) Талапкерди көрсөткөн субъектин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мумкун.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн укуктарды орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону өткөрүүгѳ көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берүүгө чейин эки күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
Жергиликүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө укугу бар субъкт кайсы учурда болсо да добуш берүүго чейин эки календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берип, таапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субъект тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттаган тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
ХVI. Шайлоону уюштуруу.
16.1. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана эки мүчөсу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү жана айылдык Кеңештин өкүлү болуп эсептөө комиссиясы түзүлөт.
Эсептөө комиссиясы өз отурумунда курамынан төраганы жана катчысы шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат жана тиешелүү протокол түзүлүп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтүү Кеңешке кабарланат.
16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөѳрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коёт.
16.4. Бюллетенге айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
16.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчү жайды берүү, ал үчүн кабиналарды, үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү аркылуу шайлоону уюштурууга көмөктөшүүгѳ милдеттүү.
16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелүү айылдык Кеңештин тѳрагасы тартат.
16.7. Добуш берүү жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
ХVII. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби.
17.1. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо атайын бөлүнгөн бөлмөдө өткөрүлөт.
17.2. Добуш берүүнүн алдында добуш берүү үкөктөрү эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, мөөр басылып бекитилет.
17.3. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгѳ жол берилбейт.
17.4. Добуш берүүчү үкөктү ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептөө комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
17.5. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.
ХVIII. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.
18.1. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептөө комиссиясынын мүчөлөру тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.
18.2. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
18.3. Жараксыз бюллетендер өзүнчө эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөѳрү басылбаган, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
18.4. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөѳрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коёт.
18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептөө комиссиясынын төрагасы дароо айылдык Кеңештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыя кылат жана айылдык Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө протоколго киргизет.
18.7. Тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
18.8. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду айылдык Кеңеш бекиткенден кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы анын кѳчүрмөсүн райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
18.9. Экиден ашуун талапкер катталса жана алардын бирөө да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
18.10.Добуш берүүнүн экинчи туру ушул жобонун 26-38 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
18.11. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
ХIХ. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайрадан шайлоо.
19.1. Эгерде айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айыл ѳкмѳтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тең депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айыл ѳкмѳтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттар кѳп добуш беришсе кайра шайлоо өткөрүлөт.
19.3. Эгерде добуш берүүнү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шйлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо өктөрүлөт.
19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.
19.5. Жаны талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
19.6. Эгерде шайоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
19.7. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
ХХ. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.
20.1. Тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айыл ѳкмѳтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтуу Кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
20.2. Райондун акими өзүнүн буйругу менен жаңы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.
ХХI. Убактылуу комиссиялар.
21.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүүсү мүмкүн.
21.2. Убактылуу комиссия берилген мөөнөттү сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
21.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
ХХII. Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
22.1. Кеңештин көзөмөлөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кеңештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эң башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
22.2. Кеңеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттүү.
ХХIII. Жергиликтүү Кеңештин сандык курамы.
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 21 депутатты түзөт.
ХХIV. Депутаттык мандат.
24.1 Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жүргүзүлөт.
ХХV. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.
25.1. Депутаттар тарабынан Регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.
Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
25.2. Айылдык Кеңештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.