Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы № 152
“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылында Үч-Терек айыл аймагындагы жергиликтүү жашоочулардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду 2020-жылга бекитүү жөнүндө.
“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо”- жылында Үч-Терек айыл аймагындагы жергиликтүү жашоочулардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду 2020-жылга бекитүүбоюнча айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы жергиликтүү жашоочулардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлор №1-тиркемеге ылайык жактырылсын жана бекитилсин.
2. Долбоорлор боюнча өздүк салымдын көлөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
“Саргата айылына үч тайпалуу бала бакча куруу”- долбооруна 3млн 500миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Саргата айылына караштуу К.Токторалиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү”- долбооруна өздүк салым үчүн 100 миң сом жана объектиге техникалык көзөмөл жүргүзүүгө (тех.надзор)20миң 823 (жыйырма миң сегиз жүз жыйырма үч) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен,
Жетиген айылындагы “Т.Молдомусаев атындагы башталгыч мектебинин алдындагы мектеп алдындагы бала бакчага эмеректерди сатып алуу”- долбооруна 500миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
Кызыл-Ураан айылынын “Бекназар орто мектебинин жарыктандыруусун капиталдык ремонттон өткөрүү”- долбооруна 500миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Саадабай, Жуманазар, Нышанбаев Акыш, Кара-Кечүү, Абдиев, Койчуман, Азизбек Качкынбаев, Асанбай, Бектеналиева Сатимбү көчөлөрүнө түнкү шам чырактарды орнотуу”- долбооруна 972 миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Саргата айылындагы машыгуу залына спорттук шаймандарды сатып алуу”-долбооруна 50миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен,
Саргата айылынын “К.Жаманбаева атындагы айылдык клубунун чатырчасын алмаштыруу”- долбооруна 150миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесинин чатырчасын алмаштыруу”- долбооруна -350миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Такталык айылынын ичүүчү таза суу курулмасынын баш жагына 30м3 суу кампа куруу”- долбооруна 300миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Жетиген айылындагы курулуп жаткан машыгуу залынын ремонтун бүтүрүү”- долбооруна 500миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Кызыл-Ураан айылына машыгуу залын куруу”- долбооруна 500миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Үч-Терек айылынын Мастерской участкасы, Саргата айылынын Сатылган, Ормонов көчөлөрү, Жетиген айылынын жаңы курулуп жаткан туура көчөсү, Ак-Жар участкасына,Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасына 8км электр чубалгыларын сатып алуу”- долбооруна 200миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Жетиген, Осмон-Ата, Кара-Кечүү айылдарына 160кВт кубаттуулуктагы 3 (үч) даана трансформатор сатып алуу”- долбооруна 600 миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Үч-Терек айылына балдар ойноочу аянтча куруу”- долбооруна 200 миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактор, кылкандуу дан эгин себүүчү сеялка бир даана, чөп чогулткуч бир даана, чөп чапкыч бир даана сатып алууга жамааттык салым үчүн -620миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
Сары-Таш трубопроводуна 100 диаметрдеги 3 (үч) задвижка сатып алууга-18 миң сом акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Кошой-Арык каналынан Байбиче-Булакка чейинки сугат суу тартып келүү түтүкчөсү”- долбооруна өзгөртүү киргизип, кошумча каражат бөлдүрүүгө акча каражаты Токтогул райондук атайын эсептен,
“Кызыл-Ураан айылындагы таштанды таштоочу полигондун айланасын бетондоп, темир тор менен тосуу (60х80=480м2)”- долбооруна 75миң 900сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
3. Бекитилген долбоорлор боюнча багытына жараша долбоордук сунуштарды даярдап, Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондуна, Үлүштүк дем берүүчү грантка (Стимгрант), БУУ ДАТП, ПРООН жана башка донорлорго тапшыруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Акаев |
|
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
2020-жылдын 27-январындагы VII-чакырылышынын
кезексиз ХХХII сессиясынын № 152 токтомуна
№ 1 тиркеме.
№ |
Долбоордун аталышы |
Каржылоо булагы. |
1 | “Саргата айылына үч тайпалуу бала бакча куруу” –долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
2 | “Саргата айылына караштуу К.Токторалиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү”- долбоору. | Жергиликтүү бюджет. |
3 | Жетиген айылындагы “Т.Молдомусаев атындагы башталгыч мектебинин алдындагы мектеп алдындагы бала бакчага эмеректерди сатып алуу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
4 | Кызыл-Ураан айылынын “Бекназар орто мектебинин жарыктандыруусун капиталдык ремонттон өткөрүү”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
5 | “Саадабай, Жуманазар, Нышанбаев Акыш, Кара-Кечүү, Абдиев, Койчуман, Азизбек Качкынбаев, Асанбай, Бектеналиева Сатимбү көчөлөрүнө түнкү шам чырактарды орнотуу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
6 | “Саргата айылындагы машыгуу залына спорттук шаймандарды сатып алуу”-долбоору. | Жергиликтүү бюджет. |
7 | Саргата айылынын “К.Жаманбаева атындагы айылдык клубунун чатырчасын алмаштыруу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
8 | “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесинин чатырчасын алмаштыруу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
9 | “Такталык айылынын ичүүчү таза суу курулмасынын баш жагына 30м3 суу кампа куруу”- долбооруна | Токтогул райондук атайын эсеп. |
10 | “Жетиген айылындагы курулуп жаткан машыгуу залынын ремонтун бүтүрүү”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
11 | “Кызыл-Ураан айылына машыгуу залын куруу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
12. | “Үч-Терек айылынын Мастерской участкасы, Саргата айылынын Сатылган, Ормонов көчөлөрү, Жетиген айылынын жаңы курулуп жаткан туура көчөсү, Ак-Жар участкасына,Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасына 8км электр чубалгыларын сатып алуу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
13 | “Жетиген, Осмон-Ата, Кара-Кечүү айылдарына 160кВт кубаттуулуктагы 3 (үч) даана трансформатор сатып алуу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
14 | “Үч-Терек айылына балдар ойноочу аянтча куруу”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
15 | МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактор, кылкандуу дан эгин себүүчү сеялка бир даана, чөп чогулткуч бир даана, чөп чапкыч бир даана сатып алууга. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
16 | Сары-Таш трубопроводуна 100 диаметрдеги 3 (үч) задвижка сатып алуу. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
17 | “Кошой-Арык каналынан Байбиче-Булакка чейинки сугат суу тартып келүү түтүкчөсү”- долбоору. | Токтогул райондук атайын эсеп. |
18 | “Кызыл-Ураан айылындагы таштанды таштоочу полигондун айланасын бетондоп, темир тор менен тосуу (60х80=480м2)”- долбооруна | Жергиликтүү бюджет. |