Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2009-жылдын 29-июнундагы № 296
Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга
чейинки жаштарга тарбия берүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
Бул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясы (мындан ары - Концепция) - ар кандай категориядагы аскер кызматчыларына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү жаатында азыркы заманга ылайык көзкараштын, идеялардын, багыттуу максаттардын жана артыкчылыктуу багыттардын системасын билдирет жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) реформалоо процессинин негизги түзүүчү бөлүгү болуп саналат.
Концепцияны иштеп чыгуунун актуалдуулугу жана зарылдыгы төмөнкү факторлор менен шартталган:
- Кыргыз Республикасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жана Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун тереңдиги, масштабдуулугу жана татаалдыгы;
- кыргыз элинин жана анын армиясынын руханий турмушунун көптөгөн чөйрөсүндөгү түп тамырынан бери өзгөрүүлөр;
- мазмундуу макулдашуу зарылдыгы жана коомдогу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдөгү өзгөрүүлөрдүн динамикалуулугу;
- жарандуулукка, атуулдукка, Ата-Мекенге татыктуу кызмат өтөөгө тарбия берүү проблемалары боюнча жаңы концептуалдуу көз караштарды иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу;
- аскер кызматынын коопсуздуулугун камсыз кылуунун, ар бир аскер кызматчыга моралдык психологиялык жана социалдык укуктук жардам берүүнүн маанилүүлүгү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү өздүк курамды жана реформалоо мезгилинде аскерге чейинки жаштарга тарбия берүү системасын өркүндөтүүнүн муктаждыгы.
Концепциянын маңызын аныктоочу ушул жана башка факторлорду эсепке алуу, аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө болот жана Куралдуу Күчтөрдүн моралдык психологиялык абалына жакшы таасирин тийгизет.
Концепциянын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн реформалоо процессинде тарбия берүүнү өркүндөтүүнүн зарылдыгын бирдиктүү түшүнүү, аскер кызматчыларына жана аскерге чейинки жаштарга тарбия берүүнүн заманбап системасын иштеп чыгуу үчүн теориялык баштапкы теория жүзүндөгү жоболорду негиздөө болуп саналат.
Концепция өзүнө төмөнкү түзүмдүк элементтерди камтыйт:
1. Өздүк курамга тарбия берүү системасынын маңызы.
2. Аскер кызматчыларына тарбия берүүдөгү негизги максаттар жана милдеттер.
3. Тарбия берүү системасынын мазмуну.
4. Аскер кызматчыларынын тарбия берүү системасынын субъекттеринин жана объекттеринин мүнөздөмөсү.
5. Ар кандай категориядагы аскер кызматчыларына тарбия берүү ишинин педагогикалык технологиясы.
6. Тарбия берүү системасын башкаруу жана анын натыйжалуулугун баалоо.
7. Аскерге чакырууга чейинки жаштарды аскердик-атуулдукка тарбиялоо.
8. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоо системасын мамлекеттик колдоо.
9. Концепцияны ишке ашыруу жана анын аткарылышына контролдук кылуу.
10. Күтүлүүчү натыйжалар.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына тарбия берүү төмөнкүдө баяндалган жоболордун жана талаптардын негизинде жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарынын жана аскердик анттардын;
- тиешелүү командирлердин (зардалдардын) буйруктарынын жана директиваларынын.
Жетектөөчү талаптардан, жоболордон, аскердик иш тажрыйбадан алганда, аскер кызматчыларын тарбиялоо бирдиктүү педагогикалык система катары каралат. Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын жана Кыргыз Республикасынын аскерге чакырууга чейинки жаштарын тарбиялоо системасынын маңызы деп аскер кызматчыларынын жана аскерге чейинки жаштардын инсандыгын калыптандыруунун жана өнүктүрүүнүн, заманбап шарттарда Куралдуу Күчтөрдүн алдында турган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттарды алар өзүн-өзү өркүндөтүү менен калыптандыруунун жалпыланган бирдиктүү, үзгүлтүксүз процессин түзүүчү өз ара байланышкан жана өз ара шартталган компоненттердин жыйындысы түшүнүлөт.
Тарбиялоо системанын баштапкы элементи болуп анын максаттары эсептелет. Өздүк курамды тарбиялоодогу негизги жана артыкчылыктуу максат болуп, андагы атуулдук-жарандык сапатты жана мамилелерди, аскердик кесипкөйлүктү жана жогорку адептүү инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү саналат. Бул жалпы максат командирлерге (зардалдарга) аскер кызматчыларын тарбиялоого ар тараптуу жана комплекстүү мамиле кылууга багыт берүүгө жана тарбиялык маселелерди чечүүдө катачылыктардан сактоого чакырылган.
Бул максат төмөнкү түзүүчү элементтерди өзүнө камтыйт:
1. Мамлекет, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, бөлүктүн командири тарабынан аныкталган тарбиялоонун максаттарын аныктоо:
- аскер кызматчыларын укуктук жана демократиялык мамлекеттин жараны катары тарбиялоо (жалпы максат);
- конкреттүү аскер кызматчыларын тарбиялоо жана аларды ар түрдүү кесиптик кызматка даярдоо (жеке максат);
- ар бир аскер кызматчыны тарбиялоо жана аларды конкреттүү кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрүнө даярдоо (өзгөчө максат).
2. Ар кандай категориядагы аскер кызматчыларына дифференцияланган максаттарды коюу (генералдар, офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана старшиналар, жоокерлер, аял-аскер кызматчылары ж.б.).
3. Аскер кызматчыларын эсепке алуу жана зарыл учурда жеке максаттарын коррекциялоо, сөз менен айтылган болобу, же окуу жана кызмат учурунда реалдуу ишке ашырылуучу.
Бул максаттык багыттар тарбия маселесинде такталат.
Тарбия берүү системасынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Офицерлер менен:
- кыйшаюусуз буйруктарды аткарууга даярдыгын, офицердик милдет, ар-намыс, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кызмат өтөгөндүгү, офицер деген кесиби үчүн сыймыктануу сезимин калыптандыруу;
- кесипкөйлүк жана педагогикалык чебердигин жогорулатууга болгон умтулуусун, аскер кызматчыларын окутууда жана тарбиялоодо жеке жоопкерчилигин жана аларга болгон камкордук жана сый-урмат мамилесин өнүктүрүү;
- өз алдынча өркүндөө, педагогикалык маданиятты, этиканы, тактты ж.б жогорулатуу.
2. Мөөнөттүү кызматтын жоокерлери, сержанттары менен:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө сыймыктанууну жана анын зарылдыгын терең түшүнүүнү, Мекенди коргоого даярдыкты калыптандыруу;
- аскердик антка берилгендикти тарбиялоо;
- аскер кызматынын кыйынчылыктарын жеңүүгө болгон умтулуусун жана аскер кесибин ак ниети менен өздөштүрүүсүн өркүндөтүү;
- тартиптүүлүктү калыптандыруу;
- командирлерге (зардалдарга), аскердик жолдошторго ж.б сый-урмат мамиле кылууга тарбиялоо.
3. Мөөнөттөн ашык кызматтын жоокерлери, сержанттары жана старшиналары менен:
- Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө сыймыктанууну, аскердик кызматка түшүнүү менен болгон мамилесин калыптандыруу;
- кыйшаюусуз буйруктарды аткарууга даярдыкты тарбиялоо;
- кесипкөйлүк чеберчиликти жогорулатууга, техниканы, курал-жаракты ж.б. сабаттуу колдонууга болгон жогорку тартиптүүлүктү жана жеке жоопкерчиликти калыптандыруу.
Аскер кызматчыларына тарбия берүү системасынын жолдорун жана негизги багыттарын максаттар жана милдеттер аныктайт, алардын жыйындысы мазмунун түзөт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына тарбия берүүнүн мазмуну өзүнө төмөнкү багыттарды камтыйт:
- мамлекеттик-атуулдук;
- аскердик;
- адеп-ахлактык;
- укуктук;
- экономикалык;
- эстетикалык;
- дене тарбиялык;
- экологиялык ж.б.
1. Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын мамлекеттик-атуулдулукка тарбия берүү инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүүгө багытталат, ал Кыргызстандын атуулунун-жаранынын маанилүү сапаттарына ээ жана тынчтык жана согуш мезгилинде кесиптик милдеттерин ийгиликтүү түрдө аткарууга жөндөмдүү.
Мамлекеттик-атуулдук тарбия берүүнүн негизги жолдору:
- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн азыркы заманга шайкеш шарттарын эске алуу менен атуул-жаранды калыптандыруу процессиндеги карамакаршылыктарды чечүү;
- Кыргызстан элинин ынтымагы рухунда тарбиялоону өркүндөтүү;
- Кыргызстан элинин жана Куралдуу Күчтөрдүн каармандык салттарында аскер кызматчыларын тарбиялоо;
- ар кандай мамлекеттик институттардын, уюмдардын ж.б. тарбия берүү потенциалын чыгармачылык менен колдонуу.
2. Аскердик тарбия берүү аскер кызматчыларын Мекендин куралдуу коргоочулары катары даярдоо кызыкчылыгында рухий жана дене тарбиялык жактан өнүгүүсүнө максаттуу таасир этүүнү камтыйт.
Аскердик тарбия берүүнүн негизги жолдору:
- аскер кызматчыларына тарбия берүүдө жана окутууда үзгүлтүксүз биримдик процессин турмушка ашыруу;
- аскердик бөлүктөрдө (бөлүкчөлөрдө) бардык аскер кызматты, тиричиликти уюштурууда бекем уставдык тартипти сактоо;
- аскердик ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүндө ар бир аскер кызматчысынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана моралдык-психологиялык жардам көрсөтүү;
- окуу процессинде согуштун реалдуу заманбап шарттарын жана кырдаалды моделдөө;
- бардык категориядагы кызмат адамдарынын өздүк үлгүлүүлүгүн камсыз кылуу;
- Куралдуу Күчтөрдө калыптанып калган аскердик ритуалдар системасын ж.б. колдонуу;
3. Адеп ахлактык тарбия берүү деп аскер кызматчысынын аң сезимине жана эркине таасир этүү жана аларда адеп-ахлактык белгилерди жана сапаттарды калыптандыруу зарыл максат катары саналат.
Адеп ахлактык тарбия берүүнүн негизги жолдору төмөнкүлөр болуп саналат:
- алардын кесиптик жана адеп ахлактык келбетине коом талап кылган билим менен аскер кызматчыларын куралдандыруу, алардын күжүрмөн кызматынын социалдык маанилүүлүгүн камсыз кылуу;
- аскер кызматчыларынын моралдык өзүн-өзү өркүндөтүү суроо-талабына, оң адеп-ахлактык идеалга умтулуусуна демилге берүү;
- тарбиянын таасиринин ийкемдүүлүгүн камсыз кылуу, аларды аскер кызматчыларынын адеп ахлактык жетишкендик деңгээлине ылайык өркүндөтүү;
- аскер кызматчыларынын адеп ахлактын ишинин маанилүүлүгүн максаттуу багытта уюштуруу, ал процессте моралдык принциптин жана ченемдин жеке мазмуну калыптанат, түшүнүлөт жана баштан өткөрөт.
- тарбиялоонун ыкмаларын, формаларын жана моралдык дем берүүнү колдонуу, жана алар адеп ахлактык сезимдерди жана жоопкерчиликти ойготот;
- коомдук пикирди, социалдык психологиялык климатты, жоокерлердин жеке өзгөчөлүктөрүн талдоо жана эсепке алуу;
4. Укуктук тарбия берүү аскер кызматкерлеринде туруктуу укуктук көз караштарды жана ой-жүгүртүүлөрдү, ынанымдарды жана сезимдерди калыптандыруу, аларга бийик укуктук маданиятты, көндүмдөрдү жана укуктук жүрүш-туруш адептерин каныктандыруу таламында алардын аң-сезимине жана психикасына туруктуу максатка багытталган таасирди билдирет.
Укуктук тарбия берүүнүн негизги жолдору болуп төмөнкүлөр саналат:
- укуктук пропаганданы уюштуруу;
- укуктук маселелер боюнча аскер кызматчыларынын теориялык жана методикалык даярдыгын жогорулатуу;
- өздүк курамга укуктук тарбия берүү процессинде жигердүү катышуусун мобилизациялоо;
- алдыңкы укуктук тажрыйбаларды жалпылоо жана жайылтуу;
- мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти, аскердик тартипти жана тартиптик тажрыйбаны ж.б. так жана туура сакталышын көзөмөлдөө.
5. Экономикалык тарбия берүү аларда кызматтык милдеттерди ийгиликтүү түрдө аткарууга зарыл экономикалык билимдердин, көндүмдөрдүн, жөндөмдөрдүн жана жеке сапаттардын системасын түзүүдө турат.
Экономикалык тарбия берүүнүн негизги жолдору төмөнкүлөр болуп саналат:
- аскер техникасына, курал-жаракка жана аскердик мүлккө этияттык мамилени, материалдык-техникалык жана окуу-методикалык каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну калыптандыруу;
- ар түрдүү экономикалык демилгелерди ар кандай категориядагы аскер кызматчыларынын тарбия иштеринде пайдалануу;
- бөлүктөрдүн турмуш тиричилигинин ишмердигинде жана ар түрдүү чарбачылык маселелерде экономикалык билимдерди пропагандалоо;
- аскер кызматчыларына өзүнүн ишмердүүлүгүнүн экономикалык натыйжасын кыраакылык менен алдын-ала көрө билүүгө жана баа берүүгө үйрөтүү, аскер кызматынын ж.б экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу.
6. Эстетикалык тарбия берүү аскер кызматчысынын руханий дүйнөсүнүн эмоциялык-сезим чөйрөсүн (кооздукту сезе билүүсүн) ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталат;
Эстетикалык тарбия берүүнүн негизги жолдору болуп төмөнкүлөр саналат:
- аскердик чөйрөгө, кесиптик ишмердүүлүктүн субъекттерине жана объекттерине болгон эстетикалык мамилени калыптандыруу;
- аскердик формага жана курал-жаракка болгон эстетикалык мамилесин каныктандыруу жана алардын тарыхын билүү;
- армияны сүрөтчүлөрүн, жазуучулардын, композиторлордун жана акындарын көркөм-чыгармачыл турмушу менен тааныштыруу;
- аскер проблемасын театрда, кинодо, адабиятта, живописте ж.б көрсөтүү;
7. Дене тарбия, ден-соолукту бекемдөөгө жана чыйралтууга, кайратты калыптандыруу, күжүрмөн жана психологиялык сапаттарды чыңдоого жардам берет.
Дене тарбиянын негизги жолдору төмөнкүлөр болуп саналат:
- ар түрдүү категориядагы аскер кызматчыларынын пландуу дене бой даярдыгын уюштуруу;
- спорттук-массалык иш-чараларын өткөрүү;
- дем алыш жана майрам күндөрү өздүк курамдын бош убактысын активдүү уюштуруу;
- сергек жашоо ыңгайына үгүттөө;
- спорттогу эң мыкты жетишкендикти ж.б жайылтуу;
8. Экологиялык тарбия берүү аскер кызматчыларында экологиялык ой-жүгүртүүнү, керектүү экономикалык, адеп ахлактык, эстетикалык табиятка болгон көз караштарды жана айлана чөйрөнү коргоо жана коопсуздук максатында андагы адам баласынын ордун калыптандырууга багытталган.
Экологиялык тарбия берүүнүн негизги жолдору болуп төмөнкүлөр саналат:
- согуштук иштин негативдүү экологиялык себебинин кесепеттерин жана аларды алдын ала алуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүү;
- жаратылышты коргоо боюнча практикалык иш-чараларга аскерлерди тартуу;
- өздүк курамды экологиялык окутууну жакшыртуу.
Каралган негизги багыттар жана аскер кызматчыларын тарбиялоо жолдору өз ара шартталган жана өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар.
Тарбиялоо мазмунун ишке ашыруу, анын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн биримдигин жана макулдашылгандыгын алдын ала караган комплекстүү мамилелерди божомолдойт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тарбиялоо тутумунун элементтери субъекттер жана объекттер болуп саналат.
1. Аскер кызматчыларына тарбия берүү системасынын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коом, мамлекет, мамлекеттик институттар жана мекемелер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- жалпыга маалымдоо каражаттары;
- ар кандай коомдук жана өкмөттүк эмес бирикмелер;
- аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана жакын туугандары;
- бардык даражадагы командирлер жана зардалдар;
- штабдар, кызматтар, аскердик башкаруунун башка органдары;
- социалдык-психологиялык иш алып баруу органдары;
- аскердик жана эмгек жамааттар;
- аскердик маданий мекемелер;
- аскер бөлүктөрүндөгү коомдук уюмдар;
2. Тарбия берүү системасынын объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- генералдар;
- офицерлер, прапорщиктер;
- солдаттар жана сержанттар (старшиналар);
- аскердик жана эмгек жамааттары;
- аскер кызматчылардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- аял-аскер кызматчылар;
- жарандык персонал ж.б.;
- аскерге чакырууга чейинки жаштар ж.б.
Субъекттердин жана объекттердин өз-ара аракетинин натыйжалуулугу тарбия ишиндеги педагогикалык технологияларды билгичтик менен колдонуудан көз каранды болот.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбиялоо системасынын маанилүү курамдык бөлүгү болуп педагогикалык технологияларды иштен чыгуу, жайылтуу жана аларды ишке ашыруу саналат.
Педагогикалык технология деп тарбиялоочу таасир этүүнүн жана өз ара аракеттердин мыйзам ченемдүү комплекстери, принциптери, ыкмалары, формалары жана каражаттары түшүнүлөт.
Аскер кызматчыларына тарбия берүү системасынын негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
1. Коомдун, аскердик кызматтын талаптарына, адамдын руханий адеп-ахлактык идеалдарына тарбия берүүнүн максаттарынын жана милдеттеринин дал келиши.
2. Тарбиялык таасир этүүлөрдүн командирдин (зардалдын) өздүк жүрүш-турушу анын маданий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн деңгээли менен дал келиши.
3. Тарбия берүүнүн каражаттарынын жана ыкмаларынын анын максаттарына жана милдеттерине ылайык келиши.
4. Тарбия берүү ишинин аскер кызматчыларынын жеке жана жамааттык өзгөчөлүгүнө, алардын өнүгүү деңгээлине ылайык келиши.
5. Тарбия берүү системасынын натыйжаларынын коюлган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келиши.
Тарбия берүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик-атуулдук жана кесиптик багыттуулук;
- аскер ишинин процессинде тарбиялоо;
- аскер кызматчыларын тарбиялоого комплекстүү мамиле;
- аскерлердин жакшы инсандыгына таянып, талап кылуучу жана негиздүү мамилелерди жасоо;
- жекече жана дифференцияланган мамиле кылуу;
- тарбиялоодо биримдик, макулдашылгандык жана жолун жолдоочулук.
Аскер кызматчыларын тарбиялоодо төмөндөгү ыкмалардын тобу колдонулат (болжолдуу тизме):
1. Тарбиялоо субъекттеринин жана объекттеринин окуп үйрөнүү ыкмалары:
- аскер кызматчыларын максатка багытталган көзөмөлдөө;
- документтер боюнча инсанды изилдөө;
- биографиялык ыкма;
- аскер кызматчыларынын иш тажрыйбасын талдоо;
- көз каранды эмес мүнөздөмөлөрдү талдоо жана иликтөө;
- тестирлөө;
- жазуу жана оозеки түрүндө сурамжылоо;
- жеке (топтук) маектешүүлөр ж.б.
2. Тарбиялоочу таасир этүүлөрдүн жана өз ара аракеттердин ыкмалары:
- ынандыруу;
- үлгү көрсөтүү;
- көнүгүү;
- жоокерлерди ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө кошуу;
- сыйлык берүү;
- сынга алуу жана өзүн-өзү сындоо;
- мажбурлоо.
3. Аскер кызматчыларын кайра тарбиялоо жана алдын-алуу чаралары:
- кайра үйрөтүү;
- кайра ынандыруу;
- "жагымсыз байланыштарды үзүү";
- сынга алуу жана өзүн-өзү сындоо;
- өзүн өзү тарбиялоо.
Тарбия берүү системасында маанилүү ролду тарбиялоо каражаттары ойнойт, аларга төмөнкүлөр кирет (болжолдуу тизме):
- бөлүктөрдөгү (бөлүмдөрдөгү) ар түрдүү аскердик ишмердиктер;
- моралдык жана материалдык дем берүү;
- техникалык каражаттар;
- маалыматтык каражаттар;
- педагогикалык чөйрө жана анын нерселери ж.б.
Жогоруда каралган ыкмалар жана каражаттар тарбиялоо ишинин төмөнкү формаларында иш жүзүнө ашырылат (болжолдуу тизме):
- жеке жана жамааттык маектешүүлөр;
- өздүк курамга маалымдоонун ар кандай түрлөрү;
- лекциялар, маектешүүлөр, суроо жана жооп кечелер;
- ар кандай категориядагы аскер кызматчылары менен жолугушуулар жана кеңешүүлөр;
- алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу;
- илимий-практикалык конференциялар;
- тематикалык кечелер, диспуттар, викториналар жана тегерек столдор;
- Куралдуу Күчтөрдүн, эмгектин, согуштун ардагерлери менен жолугушуу;
- тарыхый жерлерге жана согуш даңкынын талааларына экскурсиялар жана жүрүштөр;
- курал жаракты жана техниканы, аскер кызматчыларынын жашоосун жана турмушун көргөзүү менен Мекен коргоочунун, Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүшүнүн, ачык эшиктер, укуктук сабактар, аскерге чакырылуучунун ж.б. күндөрүн өткөрүү;
- кызыкчылык боюнча клубдардын, өздүк көркөм кружокторунун иши;
- аскердик бөлүктөрдөгү жана бирикмелердеги Күжүрмөн даңк бөлмөлөрүндө, музейлерде сабак өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөнү популяризациялоону турмушка ашыруу;
Саналып чыккан мыйзам ченемдүүлүктөрдү, принциптерди, ыкмаларды, каражаттарды жана формаларды эсепке алуу, комплекстүү колдонуу аскер кызматчыларын тарбиялоо системасынын сапаттуу иштөөгө жана белгилүү бир деңгээлде анын натыйжалуулугуна жана жыйынтыктуулугуна жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Аскер кызматчыларын жана алардын субъекттерин тарбиялоону бардык даражада уюштуруу жана ыкмалары өз-ара байланышкан эки функцияны аткарат: тарбиялоо жана башкаруу. Бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүнө тарбиялык функция таандык, ал эми жогорку звенодогу кызмат адамдарынын иши үчүн башкаруу функциясы мүнөздүү. Бул өзгөчөлүктү жана аскер кызматчыларын тарбиялоону жаңыча түшүнүүнү эсепке алуу менен учурдагы болгон башкаруу системасын кайра карап чыгуунун жана өркүндөтүүнүн зарылдыгы келип чыгат.
Бул максатта төмөнкүлөр зарыл:
- биринчиден, тарбия берүүнүн жалпы максаттарын жана милдеттерин аныктаган, анын ченемдик укуктук базасын иштеп чыккан, тарбия берүү системасын жана аны башкаруунун ишинин уюштуруучу, материалдык, кадрдык, илимий жана башка өбөлгөлөрүн түзүүчү мамлекеттик (ведомстволук) органдарды түзүү;
- экинчиден, бардык даражадагы тарбиялоо жана социалдык психологиялык жаатындагы ишинде тийиштүү кесипкөй кызмат адамдарды даярдоо жана кайра даярдоону уюштуруу;
- үчүнчүдөн, Куралдуу Күчтөрдө тарбиялоо системасын оптималдуу башкарууну камсыз кылуу, бул өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
учурдагы жана келечектеги тарбиялоо ишмердигинин максаттарын аныктоо;
тарбиялоо ишин илимий-негизделген пландаштыруу;
абдан ойлонуп уюштурулган тапшырмаларды коюу;
өздүк курамдын күжүрмөн даярдык деңгээлин, моралдык-психологиялык абалын, аскердик тартипти жана социалдык-укуктук жактан корголушун эсепке алуу;
тандап алууда, окутууда, кадрларды коюуда, тапшырылган участоктордогу социалдык-психологиялык жана тарбия ишинин абалына катуу талап коюу;
өздүк курам менен иштөө боюнча офицерлерди бардык категориядагы аскер кызматчыларын эске алуу менен социалдык-психологиялык жана тарбия иштеринин формаларын, ыкмаларын жана түрлөрүн пайдалануунун алдыңкы ыкмалары менен жабдуу;
иштин системасынын абалына жана таасирдүүлүгүнө систематикалык контроль жана талдоо;
тарбиялоо системасынын таасир этүүсүн өз убагында корректирлөө.
Тарбиялоо системасын башкаруунун натыйжалуулугу төмөнкүлөр менен жетишилет:
- моралдык-психологиялык камсыз кылуу, ал өздүк курамдын бийик моралдык духун жана моралдык психологиялык абалын, аскердик жамааттардын тартибин, укуктук тартипти жана биримдиктерин колдоо максатында жана өздүк курамды душмандын терс жана психологиялык таасир этүүсүнөн коргоо үчүн уюштурулат;
- маалыматтык камсыз кылуу, ал Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын ар тараптуу жана өз убагында өлкөнүн турмушунун маанилүү проблемаларын жана өзүлөрүнүн түзүмдөрүндөгү ишмердүүлүгүн маалымдоо максатында өткөрүлөт;
- укуктук камсыз кылуу, ал өздүк курамда мыйзамдык саясатты туура түшүнүүнү жана аткарууну камсыз кылган терең жана туруктуу укуктук көз караштарды жана түшүнүктөрдү, ынанымдарды жана сезимдерди калыптандырууну, аларга жогорку укуктук маданиятты, көндүмдөрдү жана активдүү укуктук жүрүш-туруш адаттарын каныктыруу максатында уюштурулат жана өткөрүлөт;
- аскердик-социалдык камсыз кылуу, ал аскер кызматчыларынын күнүмдүк кызматтык-күжүрмөн кызматында көп түрдүү тапшырмаларды сапаттуу аткаруу кызыкчылыгында аскер кызматчыларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык шарттарды жана кепилдиктерди түзүү максатында уюштурулат жана турмушка ашырылат;
- маданий-эс алууну камсыз кылуу, ал өздүк курамдын моралдык жана дене күчүн колдоо жана калыбына келтирүү, коюлган максаттарды аткарууда анын рухун мобилизациялоо максатында уюштурулат жана турмушка ашырылат.
- материалдык-техникалык камсыз кылуу, ал коюлган милдеттерди аткаруу үчүн аскер кызматчыларына ылайыктуу материалдык жана социалдык шарттарды түзүү максатында жүргүзүлөт;
- кадрдык камсыз кылуу, ал Куралдуу Күчтөрдү кадрлар менен комплекттөөдө калыптанган системаны өркүндөтүү, тарбиялык милдеттерди сапаттуу чечүүгө жөндөмдүү кадрларды тандап алуу, комилекттөө, окутуу жана коюуда, бирдиктүү көз караштарды жана мамилени иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт;
- Аскер кызматчыларын тарбиялоонун натыйжаларын баалоо деп аскер кызматчылар жана аскердик жамааттар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, фиксациялоо, жалпылоо системасы жана командирлердин (зардалдардын) тарбиялоо ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү максатында объективдүү критерийлердин (көрсөткүчтөрдүн) деңгээлин эсепке алуу түшүнүлөт.
Тарбиялоонун натыйжаларын баалоодо анын принциптери системанын критерийлери катары кызмат кылат.
1. Тарбиялоонун максатка багыттуулугу (тарбиялоонун максаттары жөнүндө так түшүнүк):
- тарбиялоо системасы жөнүндө офицердин илимий-негизделген түшүнүгү;
- максаттарга ылайык, офицердин конкреттүү тарбиялоо тапшырманы кое билүүсү;
- тарбиялоонун милдеттерин коюуда жолун жолдоочулук;
- тарбиялоо иш-чарасынын мүнөзү жана пландаштыруунун багыттуулугу;
- максаттарга жана милдеттерге жетишүүнү талдоо жана баалай билүү.
2. Колдонуу негизинде окутууга тарбиялоочу мүнөздү киргизүү деңгээли:
- күжүрмөн жана коомдук мамлекеттик предметтердин даярдыгы;
- ар кандай окутуу ыкмалары;
- окуу сабактарында келип чыгуучу педагогикалык кырдаалдар;
- окуу сабактарында иштин топтук түрлөрү;
- пландык тарбиялоо иш-чаралар.
3. Аскер кызматчыларын тарбиялоодо жеке жана дифференциалдуу мамиле кылууну көрсөтүү даражасы:
- инсандын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү;
- аскер кызматчыларынын улуттук өзгөчөлүктөрүн жана каада-салттарын билүү;
- армиядагы кызматка чейинки жана анын учурундагы тарбиялоонун шарттарын жана жыйынтыктарын эсепке алуу;
- тарбиялоо ишиндеги дифференциянын жана жекече иштөөнүн даражасы;
- конкреттүү педагогикалык жардам көрсөтүү жана өз ара жардамды уюштуруу.
4. Бөлүктөрдө (бөлүмдөрдө) социалдык-баалуулук топтук башталышты өнүктүрүүгө жетекчилик кылуу;
- командирлердин (зардалдардын) даярдыгы;
- тапшырмаларды жана табыштамаларды турмушка ашыруусун контролдоо;
- активдердин багыттуулугу;
- аскер кызматчыларынын өз демилгелик башатынын өнүккөндүгү;
- демилгенин төмөндөн болушу.
5. Өздүк курамдын бөлүктөрүн (бөлүмдөрүн) баш коштуруу боюнча ишмердиги:
- бөлүктөрдөгү (бөлүмдөрдөгү) өз ара жардамдашуу, досчулук жана өз ара куткаруу деңгээли;
- коомдук пикирдин, үрп-адаттардын, каада-салттардын ж.б. калыптанган даражасы;
- кылган иштерге жана жосундарга топтук баа берүү;
- бөлүктөгү (бөлүмдөгү) ээлеген орду.
6. Тарбиялоо процессинде бардык категориядагы аскер кызматчыларынын өз ара байланышын жана өз ара аракетин камсыз кылуу:
- тарбия ишиндеги формалдуулукту алып салуу менен пландаштырууну ишке ашыруу;
- тарбиялоо ишин координациялоо;
- тарбиялоодо коомдук уюмдарды жана ата-энелерди тартуу;
- аскердик жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүү;
- аскер кызматчылары менен тыгыз байланышта болуу.
7. Аскер ишинин ар кандай түрүнө жетекчилик кылуу:
- активдүүлүктү жана чыгармачылыкты камсыз кылуучу ишти уюштуруунун жана мазмунунун деңгээли;
- аскер ишинин багытталган негизин түзүү;
- бардык аскер кызматчыларын биргелешкен социалдык-маанилүү ишке тартуу даражасы;
- иштин түрүн мезгил-мезгили менен которуштурууну ишке ашыруу;
- демилгеге жана чыгармачылыкка дем берүү.
8. Пландуу тарбиялоо иш-чараларына берилген убакытты рационалдуу колдонуу;
- тарбиялоо ишиндеги эң негизги аракеттерди топтоого жөндөмдүүлүгү;
- бардык колдо бар тарбиялоо каражаттарын оптималдуу колдоно билүү;
- тарбия ишинде шаблондорго уруксат бербөө;
- тарбия ишине бардык даражадагы командирлерди (зардалдарды) тартуу;
- белгиленген мөөнөттө коюлган тарбиялоо максаттарына жетишүү.
9. Тарбиялоо системасындагы объекттердин жана субъекттердин өз ара мамилеси:
- тарбия ишиндеги мажбурлоо жана кубаттоо чараларынын катышы;
- өздүк жана коомдук пикирди сыйлоо;
- педагогикалык кызматташууга жана биргелешип чыгармачылык менен иштөө даражасы;
- өздүк мамилелердеги үстөмдүк кылуу деңгээли;
- өздүк мамилелерди гумандаштыруу, социалдык багыты.
10. Офицердин жеке сапаттары:
- педагогикалык маданияттын болушу;
- педагогикалык чебердүүлүктү көрсөтүү;
- педагогикалык этиканын деңгээли;
- тартиптүүлүктүн даражасы;
- өзүн-өзү тарбиялоого жана өз алдынча билим алууга умтулуусу.
Аскердик-атуулдукка тарбиялоонун максаттары жана милдеттери.
Аскердик-атуулдукка тарбиялоо - жаштарда атуулдукту, Мекенге болгон берилгендиктин жогорку сезимин калыптандыруу жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоодо маанилүү конституциялык милдеттерди аткарууда жарандык милдетин аткарууга даяр болуусу боюнча мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин, уюмдардын көп пландуу, системалуу, максатка багыттуу, координацияланган ишмердүүлүгү.
Аскердик-атуулдукка тарбиялоонун максаты:
1. Аскердик чакырууга чейинки жаштарда жарандыкты, атуулдукту, рухий-адеп-ахлактык жана социалдык баалуулук катары өнүктүрүү.
2. Аларда кесиптик маанилүү сапаттарды, коомдук турмуштун ар кайсы чөйрөлөрүндө, өзгөчө аскердик жана аны менен байланыштуу мамлекеттик кызматтын түрлөрүндө жөндөмдөрүн жана өзүн активдүү көрсөтүүгө даяр болуусун калыптандыруу.
3. Согуш жана тынчтык мезгилдериндеги шарттарда аскердик жана конституциялык милдетке берилгендикти калыптандыруу.
4. Жогорку жоопкерчилик жана тартиптүүлүктү тарбиялоо.
Аскердик-атуулдук тарбиялоонун негизги милдеттери:
1. Жаштарды аскердик-атуулдукка натыйжалуу тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча илимий жактан негизделген башкаруу жана уюштуруу иштерин жүргүзүү.
2. Атуулдук баалуулуктарды, көз караштарды, өз Ата Мекенинин маданий жана тарыхый баскан жолун сыйлоо, мамлекеттик жана өзгөчө аскердик кызматтын баркын көтөрүүнү жаштардын аң-сезимине, түшүнүгүнө бекемдөө.
3. Жаштарды коомго жана мамлекетке татыктуу кызмат кылууга, кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен так аткарууга, Ата Мекенге берилгендиктин оптималдуу шарттарын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу аскердик-атуулдукка тарбиялоонун жаңы натыйжалуу системасын түзүү.
4. Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскерлердин, аскердик түзүмдөрдүн жана органдардын катарында кызмат өтөп жаткан жаштарды аскердик атуулдукка тарбиялоону бирдиктүү система катары натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуучу механизмди түзүү.
1. Социалдык-педагогикалык компонент. Бул төмөндөгү элементтерге негизделет: негизги социалдык, тарыхый, адеп-ахлактык, саясый, аскердик маселелерге болгон позитивдүү көз караш, дүйнө тааным; рухий-ыймандык, ишмердүүлүк сапаттар (Мекенге болгон сүйүү, мыйзамды сыйлоо, Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерди аткаруудагы жоопкерчилик, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу).
Мазмундун социалдык-педагогикалык компоненти анын ядросун түзөт жана негизи болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жаранынын жана атуулунун инсанын тийиштүү баалуулуктар, көз караштар, кызыкчылыктар, ишмердүүлүк мотивдери, жүрүш-туруштары менен калыптандырып гана Мекенди коргоо, аскердик жана аны менен байланышкан мамлекеттик кызматтарды аркалоо сыяктуу конкреттүү маселелерди ийгиликтүү чечүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскер бөлүктөрүнүн, аскердик түзүмдөрүнүн жана органдарынын өздүк курамынын кесипкөйлүгүнүн көйгөйлөрүн чечүүнүн мааниси арткан азыркы шарттарда аскердик атуулдукка тарбиялоо компонентинин мааниси жана мазмуну өсүүдө. Бул коюлган милдеттерди терең, ырааттуу жана ар-тараптан негиздүү иштеп чыгуу менен Мекенди коргоочулардын аскердик, башка жана алар менен байланышкан мамлекеттик кызмат өтөөсүндө аларга коюлган конкреттүү милдеттерди дифференциялоону максат кылат.
2. Аскердик-атуулдукка тарбиялоонун өзгөчөлүк компоненти конкреттүү ишмердүүлүккө багытталгандыгы менен өзгөчөлөнүп мүнөздөлөт. Бул мазмунду иш жүзүндө турмушка ашыруу төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга багытталган:
- ар бир жаш адам Мекенге кызмат кылууда аскердик жана мамлекеттик кызматтагы талаптарды аткарууда жеке жоопкерчиликке негизделген өзүнүн, кызматтагы ордун, ролун терең түшүнүшү;
- азыркы шарттарда Мекенди коргоонун функцияларын аткаруунун зарылдыгына ишенимдүүлүк.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлердин, аскердик бирикмелердин, органдардын катарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткаруу үчүн негизги зарыл болгон сапаттарды, көндүмдөрдү, билимдерди калыптандыруу.
Өзгөчөлүк компоненттин негизги мазмуну болуп Мекенди сүйүү, атуулдук жана аскердик милдетке берилгендик, аскердик абийир, ар-намыс, эр-жүрөктүүлүк, бекемдик, кайраттуулук, өз-ара куткаруучулук болуп саналат.
Азыркы шартта жаштарды аскердик атуулдукка тарбиялоонун мазмунунда артыкчылык катары төмөндөгү рухий-ыймандык баалуулуктарды бөлүп көрсөтүүгө болот:
- жарандуулук, таптыктан, партиялуулуктан, корпоративдүүлүктөн жогору болуу;
- мамлекеттик масштабдагы жалпы улуттук;
- жеке кызыкчылыктардан жалпы коомдук-мамлекеттик кызыкчылыктардын артыкчылыгы;
- мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн негиздерине, аракеттеги саясый системага лоялдуулук;
- атуулдук, Мекенге берилгендик;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскерлердеги, аскер бирикмелериндеги жана органдардагы жакшы салттарды жолун жолдоочулук, сактоо жана өнүктүрүү;
- кыйынчылыктарды жеңүүдө жанын аябастык жана билгичтик;
- гумандуулук, ыймандуулук, ар-намыстуулук сезим;
- социалдык активдүүлүк, жоопкерчилик, укуктун жана моралдын ченемдеринин бузулушун болтурбоо.
Негизги принциптер жана аны ишке ашыруунун багыттары.
Аскердик атуулдукка тарбиялоонун негизги принциптеринин ичинен бул чөйрөдө практикалык ишмердүүлүктү ишке ашырууда жетекчиликке алуучу жоболор катары төмөндөгүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
- илимийлик;
- гуманизм;
- демократизм;
- Кыргызстандын тарыхый маданий мурастарынын, рухий баалуулуктарынын, салттарынын артыкчылыгы;
- жаштардын ар кайсы категорияларын эске алуу менен аларды өнүктүрүүдөгү системалуулук, жолун жолдоочулук, үзгүлтүксүздүк;
- натыйжалуу тарбиялоону камсыз кылуу максатында колдонулган каражаттардын, ыкмалардын, формаларынын көп түрдүүлүгү;
- жеке мамиленин негизинде ар-бир инсандын жөндөмүнө, мүмкүнчүлүгүнө жараша өнүктүрүүгө багытталгандыгы;
- тарбиялоонун башка түрлөрү менен ажырагыс тыгыз байланыш.
Аскерге чакырууга чейинки жаштарды аскердик атуулдукка тарбиялоо процессинде аскердик жана мамлекеттик кызматка чын ниетинен кызыгуу, Мекенди коргоодо ал функцияларды аткарууга ар дайым даярдыкка чакыруу жогорудагы принциптерди ишке ашырууда негизги багыттардан болуп саналат.
- рухий-адеп-ахлактык - инсандын баалуулуктарды, багыттарды, идеалдарды, социалдык маанилүү процесстерди, турмуштук көрүнүштөрдү аңдап билүүсү, аларды аныктоочу принциптер катары практикалык ишмердүүлүктө жана жүрүш-турушта жетекчиликке алуусу. Ал өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт: жогорку маданияттуулукту жана билимдүүлүктү өнүктүрүү, Мекенге татыктуу кызмат кылуу жөнүндөгү идеяларды аңдап билүү, жогорку ыймандуулук, жүрүш-туруштун жогорку этикалык ченемдерин калыптандыруу, аскердик абийирдүүлүктүн сапаттары, жоопкерчилик жана жамааттык.
Биздин тарыхый тамырыбызды таанып билүү, Мекенибиздин кайталангыстыгын моюнга алуу, мекенибиздин тагдырында ата-бабаларыбыздын тиешесин жана азыркы муундун конституциялык жана аскердик милдеттерин аткаруудагы, коомдогу жана мамлекеттеги саясый-укуктук окуяларга жана процесстерге, аскердик саясатка, өлкө коопсуздугунун концепциясынын жана аскердик доктринанын жоболорун, мамлекеттин саясый системасындагы КР Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлердин, аскер түзүмдөрдүн жана органдардын тарыхый жоопкерчилигин аңдап билүү.
Таанып билүү мындан тышкары өз ичине мамлекеттин мыйзамдары менен тааныш болууну, өзгөчө Кыргыз Республикасынын атуулунун укуктук милдеттерин, коомдогу аскердик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздерин, аскердик ант берүүнү, аскердик уставды, командирлердин, зардалдардын, жогору турган кызмат адамдарынын буйруктарын аткарууну өз ичине камтыйт.
- атуулдук - кыргызстандыктардын тагдырына, дүйнө таанымына, жашоо ыңгайына, улуттук өзүн-өзү аңдап билүүсүнө, мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнүн, калыптанышынын өзгөчөлүктөрүнө таасир этүүчү маданий-тарыхый жана рухий-адеп-ахлактык маанилүү баалуулуктарга тарбиялоо;
- кесипкөйлүк-ишмердүүлүк - кызматтык милдеттерди жана алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу кызыкчылыгында жаштарды Мекенге кызмат кылуу менен байланышкан эмгекке абийирдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, кесиптик-эмгекчилдик сапаттарды активдүү көрсөтүүгө умтулуу. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: инсандын өзүн-өзү ишке ашырууда мотивдери, максаттары жана милдеттери, кесиптик ишинин баалуулук багыты, иштеги жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн кесиптик умтулуу жана өжөрлүк, кызматтык милдеттерди аткарууда натыйжалуулукка жөндөмдүүлүк жана аны аткаруунун натыйжалуулугу, конкреттүү максаттарга жетишүү, өзүнүн кесиптик өсүшүнүн планын божомолдой билүү жана турмушка ашыруу;
- психологиялык - жаштар арасында жогорку психологиялык туруктуулукту, ар кандай шарттарда татаал жана жооптуу тапшырмаларды аткарууга даяр болууну, аскердик жана мамлекеттик кызматтын башка түрлөрүндө оорчулуктарды жана жокчулуктарды жеңе билүүгө жөндөмдүүлүктү, аскер бөлүгүндө, аскердик жана башка жамааттардын жашоо турмушунун жана ишинин ийгилиги үчүн зарыл маанилүү психологиялык сапаттарды калыптандыруу. Ал өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт: аскердик же башка жамааттарда социалдык-психологиялык процесстерди изилдөө, божомолдоо, терс көрүнүштөрдү алдын-алуу жана девианттык жүрүм турумдарды, психологиялык чыңалууларды четтетүү, стресстен арылуу, өздүк курамдын ар кандай категориясындагы ар бир инсандагы өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен психологиялык сапаттарды калыптандыруу, кесиптик тандоо процессинде алынган жыйынтыктардын негизинде жекече - тарбиялык иштерди жүргүзүү;
- аскердик салттарда тарбиялоо аскердик жана мамлекеттик кызматты жана турмуш-тиричиликти уюштурууда, окуу-аскердик милдеттерди аткаруу менен байланышкан тартип, жүрүм-турум эрежелери жана ченемдери, рухий баалуулуктар, адеп-ахлактык салттар түрүндө коомду аскердик жактан уюштурууда муундан-муунга өтүп, тарыхый салт болуп калган мамилелерди өз ичине камтыйт.
Жаштарга тарбиялык жактан көбүрөөк таасир этүүчү аскердик салттар болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- аскердик антка, Күжүрмөн тууга берилгендик;
- кайсы бир саясый партияга же анын лидерине эмес, жалпы элдин кызыкчылыгына кызмат кылуу;
- жалпы жеңишке жетишүүдө өз жанын аябоо, керек болсо кыюу;
- Мекендин көз карандысыздыгынын тагдыры чечилип жатканда массалык эр-жүрөктүүлүк жана эрдик;
- аскердик күжүрмөндүк, аскер кызматынын кыйынчылыктарын чыдамкайлык менен көтөрө билүү;
- аскер кызматчыларынын арасында өз ара мамилелерде демократиялуулук жана өз ара ишенүүчүлүк;
- жеңилген душманга, чет мамлекеттердин элине жана туткундарга гумандуу мамиле.
Бул багыттардын бардыгы органикалык жактан өз ара байланышта жана аскердик-атуулдук тарбиялоонун максаттары, рухий-ыймандык жана дүйнө таанымдын негиздерине, принциптерге, формаларына иш жүзүндөгү процессте бириктирилген.
Аскердик-атуулдук иштерди уюштуруу жана жүргүзүү тиешелүү формалардын бүтүндөй комплексин пайдаланууну божомолдойт, ал үч негизги топко бөлүнөт.
Биринчи топ аскердик-атуулдук тарбиялоонун жалпы өнүктүрүүчү компоненти мазмунун шарттайт, жалпы атуулдук мүнөздөгү кеңири жана көп түрдүү формаларды өз ичине камтыйт. Алар окутуу-тарбиялоо мекемелер системасында жүзөгө ашырылып жаткан шарттарда процесс же аны толуктоочу элементтер түрүндө ар кандай окуу сабактары, өзгөчө гуманитардык сабактар боюнча, атайын факультеттерде, кружоктордо, курстарда, секцияларда ж.б. пайдаланылат:
- аңгемелешүү;
- утренниктер;
- суроолор жана жооптор кечеси;
- "тегерек столдор";
- запастагы аскерлер, аскер кызматчылары, ардагерлер менен жолугушуу;
- баштапкы аскердик окутуунун окуу-материалдык базасын өркүндөтүү ж.б.
Экинчи топ аскердик-атуулдук тарбиялоонун спецификалык мазмунуна шартталат да анчалык көп түрдүү эмес жана аскердик, аскердик-колдонмо багыттуулугу менен мүнөздөлөт. Мындай формалар көбүнчө практикалык сабактар, иштер, ар-кандай оюндар түрүндө өткөрүлөт да, өз ичине өспүрүмдөрдү жана уландарды аскердик турмуш, аскердик ишмердүүлүк, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү жана турмуш-тиричилиги менен тааныштырууну камтыйт:
- аскердик техникалык кружоктор;
- тактикалык окуулар;
- тактикалык тизилүүгө туруу окуулары;
- аскердик спорттук оюндар;
- спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча оюндар.
Аскердик-атуулдукка тарбиялоонун милдеттерин жогорку натыйжалуулукта аткарууда комбинирленген интеграцияланган аралашма комплекстүү форманы колдонуу келечектүү болуп саналат, ал үчүнчү топту түзгөн жалпы да, ошондой эле спецификалык мазмунун да оптималдуу айкалыштырат. Аларга төмөндөгүдөй формалар кирет:
- ден-соолукту чыңдоочу коргонуу-спорттук лагерь;
- окуу-талаа жыйындары;
- атуулдук клубдар жана ар кандай багыттагы бирикмелер;
- келечектеги жоокердин, офицердин университеттери;
- учкучтардын, чек арачылардын, десанттардын ж.б мектептери.
Бул формалар системалуу, белгилүү-бир мезгилде, илимий жактан негизделген уюштуруу шарттарга ылайык өткөрүлгөн ар кандай көп пландуу иш-чараларды өзүнө камтыйт. Муну менен аскердик-атуулдукка тарбиялоодогу теориялык жана практикалык-колдонмо компоненттердин ортосундагы, анын жалпы өнүктүрүүчү багыты менен спецификалык милдеттеринин ортосундагы ажырым жоюлат.
Аскерге чакырылууга чейинки жаштарды атуулдукка тарбиялоону ишке ашыруу төмөнкү үч негизги компонентти камтыган каражаттардын системасын пайдалануу менен ишке ашырылат:
1. Материалдык-техникалык;
2. Билим берүү;
3. Уюштуруу.
Материалдык-техникалык каражаттарга төмөндөгүлөр кирет:
- окуу аудиториялары;
- жаштарды аскерге чейинки даярдык боюнча сабактар өтүлүүчү класстар, кабинеттер;
- музейлер;
- согушуу жери;
- эстеликтер, сөөк коюлган жерлер;
- адистештирилген мектептер;
- атуулдук жана аскердик атуулдук клубдар;
- техника;
- атайын жабдуулар;
- куралдар;
- макеттер;
- окуу талаалары;
- спорттук шаарчалар;
- тирлер;
- тренажерлор;
- жалпыга маалымдоо каражаттары;
- адабият жана көркөм өнөр чыгармалары.
Билим берүү каражаттары төмөндөгүлөр болуп саналат:
- аскердик-атуулдук тарбиялоону жүргүзүү жана уюштуруу, көз караштарды, ынанымдарды, керектөөлөрдү жана кызыкчылыктарды түзүү боюнча, Мекенге болгон сүйүүнү тарбиялоо, анын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоого даярдык, коомдогу стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу жана бекемдөө проблемасы жөнүндө коомдук пикирди иштеп чыгуу боюнча, Мекенди коргоо функцияларын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик жана социалдык институттар жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө негизги теориялык жана илимий-практикалык сунуштар.
Атуулдук тарбиялоонун уюштуруу каражаттары - материалдык-техникалык жана билим берүү каражаттарын колдонуу менен тиешелүү формаларда жүргүзүлүүчү жалпы жана спецификалык максаттарды ишке ашыруучу жарандын, атуулдун инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын жыйындысы.
Атуулдук тарбиялоонун бул үч тобу тең өз ара тыгыз байланышта болуп бири-бирин толуктап турат жана бул ишмердүүлүктүн субъекттеринин жана объекттеринин өз ара аракеттенүү процессинде аларды комплекстүү пайдалануу анын башкы максатка жетүүсүн шарттайт.
Аскердик-атуулдук тарбиялоо системасынын натыйжалуулугун арттыруунун негизги багыттарын аныктоодо төмөндөгүлөр зарыл:
а) кыргыз коомундагы жана анын аскердик уюмдарындагы зарыл өбөлгөлөргө, тарбиялоонун азыркыга чейин колдонула элек эбегейсиз зор потенциалына, атуулдукка, бул ишти түп тамырынан жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүнүн реалдуу негизи катары Мекенге татыктуу кызмат кылууга таянуу;
б) тарбиялоо процессинде өз ара дээрлик байланышпаган ар кандай тарбиялоо ишин башкаруу түзүмдөрүнүн жана органдарынын тыгыз өз ара байланышын камсыз кылуу.
Бул багыттар бир катар жагымсыз жана карама-каршы факторлордун таасирин башынан өткөрүп жаткан тарбиялоонун калыптанбаган терс жактарынан арылуу зарылчылыгы менен шартталган.
Ошондо гана тарбиялоо ишинин жетекчилери жана уюштуруучулары бардык тиешелүү шарттарга, зарыл каражаттарга ээ болуп натыйжалуу жыйынтыкка жетүүнүн сапаттуу жаңы формаларын жана ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Буга ылайык төмөндөгү негизги багыттарды жана шарттарды бөлүп көргөзүүгө болот:
Маалыматтык-түшүндүрүүнү камсыз кылуу - өзгөчө мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы менен тыгыз байланыштыруу максатында аскерге чейинки даярдыктагы жаштардын аң-сезиминде атуулдукту, конституциялык милдетти, Мекенге татыктуу кызмат кылууга даяр болууну бекемдөө, ушул максатта жалпыга маалымдоо каражаттарын, өзгөчө аскердик мезгилдүү басылмаларды колдонуу менен негативдүү пландагы калыптанган комплекстерди жана стереотиптерди четтетүү.
Илимий-теориялык камсыз кылуу - аскерге чейинки даярдыктагы жаштарды аскердик атуулдукка тарбиялоо чөйрөсүндө изилдөөлөрдү кыйла активдештирүү, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практикалык ишмердүүлүктө колдонуу менен коомдо болуп жаткан шарттарды түп тамырынан жакшыртуу. Тарбиялоо ишинин мазмунун маданий-тарыхый, рухий-ыймандык жана башка социалдык-гуманитардык илимдердин жана азыркы аскердик философиянын маанилүү жетишкендиктери менен байытуу.
Педагогикалык жана усулдук камсыз кылуу - ар кандай формадагы аскердик-атуулдук иштерди жүргүзүүдө, уюштурууда окуу адистештирилген программалардын фундаменталдык комплексин иштеп чыгуу жана ал педагогикалык формалардын көп түрдүүлүгүн жаштардын тигил же бул категорияларынын өзгөчөлүктөрүнө ылайык колдонуу. Аскердик-атуулдук тарбиялоонун ыкмаларын жана формаларын өздөштүрүү жана өнүктүрүү. Ишмердүүлүктүн ушул чөйрөсүн чагылдырган тиешелүү адабияттарды алардын инновациялык өзгөчөлүгүн, алдыңкы окуу-тарбиялык тажрыйбасын эске алуу менен бат-бат жарыкка чыгарып туруу.
Субъекттердин жана алардын түзүмдөрүнүн өз ара аракетин камсыз кылуу - системанын натыйжалуулугун, анын негизги субъекттеринин функциялык мүмкүнчүлүгүн арттыруу, аскерге чейинки даярдыктагы жаштарда жарандуулук, атуулдук, Мекенге татыктуу кызмат кылуу сыяктуу сапаттарды калыптандыруу үчүн республикалык, облустук жана жергиликтүү деңгээлдерде ведомстволор жана региондор аралык комиссияларды түзүү. Кыргыз Республикасынын облустарында жаштарды тарбиялоо боюнча ишмердүүлүктүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруунун моделин иштеп чыгуу.
Уюштуруу иш-чаралары - атайын түзүмдөрдү ведомстволор, ведомстволор аралык катары калыптандыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүктүн бардык деңгээлдеринде тарбиялоонун ушул багыттагы ишин активдештирүү үчүн субъекттердин ортосундагы өз ара аракетин бирдиктүү кызыкчылыктагы кызматташуу принциптеринин негизинде калыптандыруу. Системанын өзүнчө элементтеринин, ошондой эле жалпы системанын иш жүргүзүүсүнүн уюштуруу деңгээлин көтөрүү. Аны билим берүү, маданият, ЖМК, коомдук аскердик уюм, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана социалдык институттардын башка элементтери менен болгон өз ара мамилесин, өз ара аракетин камсыз кылуу. Ушул чөйрөдөгү ишмердүүлүктүн жалпы стратегиясын түзүү максатында тарбиялоо процессин башкаруу системасын түзүү менен ар кандай уюмдардын, министрликтердин, ведомстволордун жана алар тарабынан көргөзүлгөн жардамдардын күчүн, аракетин бириктирүү.
Кадрдык камсыз кылуу - аскерге чейинки даярдыктагы жаштарды тарбиялоодо коюлган милдеттерди азыркы учурдун талаптарына ылайык натыйжалуу чече билген, Мекенге татыктуу кызмат кылууга жөндөмдүү адистерди даярдоо системасын уюштуруу. Бул процесс ар түрдүү категориядагы жаштарды тарбиялоо иштеринин жетекчилерин, уюштуруучуларын базалык окутуу менен эле чектелбей, алдын ала тандоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасынан турат.
Коомдун өнүгүүсүнүн азыркы этабында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын тарбиялоону жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүү мамлекеттин аскердик саясатынын артыкчылык багыттарынын бири болуп саналат.
1992-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү түзүлгөн күнүнөн баштап азыркы убакка чейин өздүк курамдын тарбиялоо системасын түзүүнү, даярдоону камсыз кылуу боюнча мамлекеттик иш-чаралар Куралдуу Күчтөрдүн курамына кирген министерстволорго, ведомстволорго жүктөлүп келген жана алар аны ишке ашырышкан. Ушул убакта, тарбия иштеринин органдары жана түзүмү түзүлгөн, комплекттөө, кадрларды тандоо жана даярдоо, кызмат өтөө, финансылык, материалдык-техникалык жана усулдук камсыздоо системасы жолго коюлган.
Жалпысынан алганда, кабыл алынган иш-чаралар өздүк курамды тарбиялоону уюштурууга, аны Ата Мекендин коргоочусунун моралдык-күжүрмөн жана рухий-нравалык сапаттарын түзүүгө багыттоого мүмкүнчүлүк берди.
Ошону менен бирге, Куралдуу Күчтөрдүн тарбия түзүмүн институттук өнүктүрүүгө бирдиктүү мамиленин жоктугу, тарбия түзүмүнүн натыйжалуулугуна жана сапаттуулугуна терс таасирин тийгизди. Мамлекеттин финансы ресурсунун жетишсиздиги өнүккөн тарбиялоо жана материалдык-техникалык базасынын инфраструктурасын түзүүгө, тарбиялоо жагында улуттук адистерди даярдоону уюштурууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Тарбиялык иштер түзүмүн түзүүдө жана өнүктүрүүдө негизги тоскоолдук Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын жана аскерге чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоодо иштелип чыккан концепциянын жана тарбия чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн даярдалган билимдүү кадрлардын жоктугу болуп калды. Тарбия иштери боюнча кадрлардын жетишсиздиги алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн аскер окуу жайларын бүткөн бүтүрүүчүлөрдөн, ошондой эле республиканын жарандык жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн эсебинен толукталган. Бул болсо, кыска мөөнөттүн ичинде кесиптик офицер-тарбиячылардын улуттук корпусун түзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.
Офицер-тарбиячыларды даярдоочу улуттук система жок. СССР мезгилиндеги аскерге чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоо системасы талкаланган, азыркы убакта анан өзүнчө фрагменттери гана калган.
Тарбия түзүмүнүн натыйжалуу иштеши, ал чече турган милдеттердин өзгөчөлүгү, тарбиялоо идеологиясын аныктаган, анын максаттарын жана милдеттерин, принциптерин жана түзүлүшүн, мамлекеттик башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын жана өздүк курамды жана аскерге чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоо органдарынын тарбия кызыкчылыгындагы өз ара аракетин координациялаган бирдиктүү мамлекеттик органга муктаж.
Тарбиялоо жагындагы укуктук-ченемдик база жана мыйзам чыгаруу кайра иштеп чыгууну жана өнүктүрүүнү талап кылат.
Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын жана аскерге чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоонун натыйжалуу түзүмүн түзүү мамлекеттин колдоосун талап кылат жана атайын мамлекеттик чаралардын программасын ишке ашыруу жолу менен турмушка ашат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын жана аскерге чакырууга чейинки жаштарын тарбиялоо жагындагы мамлекеттин жана мамлекеттик саясаттын жалпы корутундуланган негизги багыты төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тарбиялоонун бирдиктүү концепциясынын негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын жана аскерге чакырууга чейинки жаштарынын тарбиялоо түзүмүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
- тарбиялоонун материалдык-техникалык базасын, аскердик маданият мекемелерин жана объектилерин түзүү боюнча мамлекеттик колдоону;
- Кыргыз Республикасынын аскерге чакырууга чейинки жаштарын жана Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын адеп-ахлактык тарбиялоо үчүн интеллектуалдык көркөм продукция иштеп чыгарган искусство, маданият ишмерлерин, чыгармачылык союздарды, уюмдарды мамлекеттик колдоону;
- тарбиялоо маселелери боюнча максаттуу мамлекеттик программаларды жана илимий иштерди колдоо үчүн мамлекеттик гранттардын бөлүнүшүн.
Концепцияны жүзөгө ашырууга катышууга мамлекеттин аткаруу бийлигинин органдары жана ар кандай уюмдар, анын ичинде илимий жана окутуучу мекемелер жана чыгармачылык союздар тартылат.
Концепцияны күндөлүк башкаруу Концепциянын кээ бир компоненттерин ишке ашыруучу уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген министрликтердин, ведомстволордун тарбия иштери боюнча органдарынын жетекчилеринин республикалык Комитети жүргүзөт, аны күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин биргелешкен буйругу менен түзүү сунуш кылынат.
Концепцияны ишке ашыруу пландаштырылган жана жетекчиликке алынган тарбиялоо документтерине, анын практикалык аткарылышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана кайра иштеп чыгуунун негизинде ишке ашат.
Концепцияны ишке ашырууну баштоо мезгилинин алдында окутуп үйрөтүүчү семинарларды, окуулардын комплексин, жыйындарды жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү талап кылынат.
Концепцияны усулдук жактан камсыз кылуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөнүүчү чыгымдарды министрликтер жана ведомстволор төлөшөт.
Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун жана Ата Мекенди ишеничтүү коргоону камсыз кылган Куралдуу Күчтөрдөгү адам факторунун жүйөөсүн арттыруу.
Бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин күжүрмөн даярдыктарын бекемдөө, укуктук жана аскердик тартиптин абалындагы терс көрүнүштөрдү жок кылуу.
Аскердик кызматтын, аскердик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, аскер жамааттарын бириктирүү жана чыңдоо.
Коом менен Куралдуу Күчтөрдүн социалдык өнөктөштүгүн жогорулатуу, аскер кызматын демократизациялоо жана гумандаштыруу.
Аскерге чакырууга чейинки жаштардын аскердик-атуулдук тарбиялоонун деңгээлинин өсүшү.
Ушул Концепция аскер кызматчыларын жана аскерге чакырууга чейинки жаштарды тарбиялоо системасынын салттуу жоболорун, мамилелерин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун өзгөчөлүктөрүнө жараша кайрадан карап чыгууга багытталган.
Концепцияны иштеп чыгууда Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын жана аскерге чакырууга чейинки курактагы жаштарды тарбиялоо маселелери боюнча ата мекендик жана чет элдик тажрыйба колдонулду.
Концепция өздүк курамга тарбия берүүнү уюштурууда жалпы мамилелерди аныктайт, баштан өтүп жаткан кыйынчылыктарды эске алат жана тарбия берүү ишинин тутумунун, органдарынын жана түзүмдөрүнүн өнүгүүсүнүн артыкча актуалдуулугун, алардын кесипкөй деңгээлин жогорулатуусун, кызмат өтөө маселелеринде тарбия берүү ишинин органдарынын финансылык, материалдык-техникалык камсыз кылуусун, моралдык жана материалдык жөнгө салуусун негиздейт.
Бул Концепцияны ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бирикмелеринде, бөлүктөрүндө, мекемелеринде аскердик тартипти жана укуктук тартипти чыңдоо боюнча иштерин социалдык-психологиялык багытта жүргүзүү максатында жана биринчи кадам катары өздүк курам менен иштөө боюнча бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн командирлеринин орун басарларынын кызмат орду кайра түзүлгөн жана аларга өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалын жакшыртуу боюнча милдет жүктөлгөн.
Заманбап этапта тарбиялоо милдеттерин чечүүдө өнүккөн, күчтүү, концептуалдык, ченемдик, уюшкандык жана ресурстук жактан гана камсыз болгон тарбия берүү иштеринин органдарынын өзүнчө түзүмү гана аткарууга мүмкүн жана аларды өркүндөтүүгө жана бекемдөөгө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин артыкчылыктуу көңүлү бурулушу керек.
Бул иштердин жогорку натыйжалуулугуна социалдык-психологиялык ишти жогорку квалификациялуу кадрлар жана окуу-усулдук каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу гана жетишүүгө мүмкүн болот.
Концепция ачык мүнөзгө ээ болуу менен демократиялык, гуманисттик башаттарга негизделген жана аны өркүндөтүүдө илимий-окуу жайларына, коомдук кыймылдарга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамдарына катышууга жол берилет.