КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-июну ПЖ № 296
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки
жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүүнүн тиркелген Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясын жүзөгө ашырууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыксын жана кабыл алсын.
3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |