Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199
Жарлыгы менен бекитилген Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу СТРАТЕГИЯСЫ I. Киришүү II. Фонддун жерлеринин учурдагы абалы жана пайдалануу проблемалары III. Фонддун жерлерин пайдалануу Стратегиясынын максаттары жана милдеттери 3.1. Фонддун жерлеринен жер үлүштөрүн берүү 3.2. Ижарачылар чөйрөсүн кењейтүү менен ачык-айкын тооруктардын негизинде айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана чарбакер субъекттерге Фонддун жерлерин ижарага берүү 3.3. Уставдык милдеттерди аткаруу шартында үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбаларга Фонддун жерлерин берүү 3.4. Калктуу конуштардын негизги пландарына же алардын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерине ылайык калктуу конуштардын аймагын кењейтүү IV. Стратегияны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар V. Фонддун жерлерин пайдалануунун мониторинги жана ага баа берүү I. Киришүү Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдаланууСтратегиясы (мындан ары - Стратегия) Фонддун жерлерин андан ары колдо-нуунун максаттарын жана негизги багыттарын аныктайт. Стратегия "Жер жа-на агрардык реформанын жањы багыттары жана чаралары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 2004-жылдын 17-апрелиндеги Жарлыгын ишкеашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 22-июнундагы № 465 токтому жана Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 384-б буйругу менен бекитилгенКыргыз Республикасынын 2010-жылга чейинки агрардык саясатынын Концепци-ясына ылайык иштелип чыккан. Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фонду - бул айыл чарба аянт-тарынан (жайыттарды кошпогондо) түзүлгөн жана мамлекеттин менчигиндетурган жер участкалары. Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фонду (мындан ары - Фонд)жер реформасынын жүрүшүндө маселелерди жана проблемаларды чечүү үчүнайыл чарба жерлеринин мамлекеттик резервин калыптандыруу максатында тү-зүлгөн. Фонддун жерлерин пайдалануу жана тескөө маселелерин изилдөөдө биркатар проблемалар жана Фонддун жерлерин башкаруу системасынын жеткилењэместиги аныкталган. Фонддун жерлерин башкарууну жакшыртуу, пайдалануунун натыйжалуулу-гун жогорулатуу, мониторинг жүргүзүү жана коргоо максатында ушул Стра-тегия иштелип чыккам. II. Фонддун жерлеринин учурдагы абалы жана пайдалануу проблемалары Жер реформасын жүргүзүү мезгилинде жер үлүшүн алууга укугу барайыл калкына айыл чарба аянттарынын (жайыттардан башка) 75 пайызы пай-далануу укугунда берилген. Натыйжада 530 мињ үй-бүлө же Кыргыз Респуб-ликасынын 2,6 миллиондон ашык жараны айыл чарба багытындагы жер участ-каларынын менчик ээлери болуп калышкан. 1999-жылы "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушул жарандардын жерүлүштөрүнө болгон менчик укуктары таанылган. Айыл чарба аянттарынын 25 пайызы Улуттук жер фондунда, азыркы айылчарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунда калтырылган. Кайра уюштуруу учурунда Фонддун жерлеринин аянты 342,6 мињ гектар-ды, анын ичинен 296,6 мињ га - айдоону, 11,4 мињ га - көп жылдык өсүм-дүктөрдү жана 34,6 мињ га - чабындыны түзгөн. Сугат айдоонун аянты186,9 мињ гектарды түзгөн. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен калктуу конуштардын аймакта-рын кењейтүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлердин 12 мињ гектары калк-туу конуштардын жерлерине которулган. "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, жер үлүшүн алууга укуктарыбар, бирок ар кандай себептер менен аны албай калышкан Кыргыз Республи-касынын 82740 жаранына айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунунжер участкаларынын эсебинен 29,4 мињ га жер үлүшүн акысыз берүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши 2003-жылдын 20-февралындагы N1060-III; 2004-жылдын 2-апрелиндеги N 1528-III; 2006-жылдын 15-июнунда-гы N 1121-III жана 2007-жылдын 6-февралындагы N 1628-III төрт токтомункабыл алган. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Фонддун жерлери төмөнкүлөр үчүнпайдаланылат. - калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн негизги пландарына ылайык айыл-дык калктуу конуштардын аймагын кењейтүүгө; - үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чар-баларды жана мамлекеттик сорт сыноочу мекемелерди түзүүгө жана иштеши-не; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча айыл чарба өсүм-дүктөрүн өстүрүү боюнча атайын айыл чарба ишканаларын уюштурууга; - айылдык товар өндүрүүчүлөргө ижарага берүүгө; - жер участкаларын ушул чарбанын чегинен тышкары жерлерде иштегенжана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккан), ушул чарбанын аймагына1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашаганга көчүп келген жарандаргаорточо чарбалык жер үлүшү өлчөмүндө берүүгө; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен каралган башкамаксаттарда. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин 13-беренесине ылайык Фонддунжерлерин башкаруу жана тескөө аталган Фонд карамагына кирген мамлекет-тик орган менен макулдашуу боюнча айылдык, поселкалык кењештердин атка-руу органы тарабынан жүргүзүлөт. 2008-жылдын 1-январына карата Фонддун жерлери 287,7 мињ гектарды,анын ичинде айдоо аянты - 232,0 мињ га, анын ичинен сугат айдоо - 129,1мињ га, кайрак айдоо - 102,9 мињ га, көп жылдык өсүмдүктөрдүн аянты 9,2мињ га, чабынды - 41,4 мињ га жана кысыр жерлер - 5,0 мињ га түзөт. Көпчүлүк учурларда Фонддун жерлери пайдаланылбаган бойдон калат. 2007-жылы гана 72,4 мињ га жер же Фонддун жерлеринин жалпы аянты-нын 30 пайызы пайдаланылбай калган. Фонддун жерлеринин пайдаланылбайкалышынын негизги себептери болуп алардын алыстыгы жана өтө кайрак бо-лушу (32,5 мињ га же 44,8 пайыз), камыш басып кеткендиги, таштуулугу,саздуулугу, шор басып кеткендиги (30,6 мињ га же 42,2 пайыз), жүгүртүү-чү каражаттардын, жер семирткичтердин, химикаттардын жана башкалардынжетишсиздиги (9,3 мињ га же 13,0 пайыз) эсептелет. Фонддун жерлеринин саны жана сапаты жөнүндө маалыматтын жетишсиз-диги, аларды ижарага берүүдө ачык-айкындуулуктун жоктугу, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана адистеринин, Кыр-гыз Республикасынын жарандарынын Фонддун жерлерин ижарага берүүнүн тар-тибин начар билгендиги Фонддун жерлерин натыйжасыз башкарууга жана пай-даланууга алып келди. Фонддун жерлерин пайдаланууда төмөнкүдөй проблемалар бар: - Фонддун жерлеринин өлчөмдөрүнө жана чектерине карата мамлекеттикоргандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын картогра-фиялык маалыматтарында айырмачылыктын болушу; - Фонддун жерлеринин айрым участокторун картографиялык материал-дарга киргизбөө; - айрым мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарынын Фонддун жерлерин так эмес эсепке алуусу; - Фонддун жерлеринин аянтынын анык өлчөмү жана жайгашкан жери жө-нүндө калкта маалыматтын жоктугу; - Фонддун жерлеринин жер-пландоо зоналары жоктугу (экономикалыкжактан кызыктырган, инвестицияларды талап кылган, талап болбогон); - Фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча тооруктарды жол-жоболуктартип бузуулар менен өткөрүү, айрым жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарында - өткөрүлгөн тооруктардын документтеринин жоктугу; - Фонддун жерлерин ижарага берүүнүн жана аларды пайдалануунуначык-айкын механизминин жоктугу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин жанаайылдык товар өндүрүүчүлөрдүн Фонддун жерлерин ижарага берүү жол-жобо-лору боюнча билимдеринин жетишсиздиги; - Фонддун ижарадагы жерлеринин өлчөмдөрү жана пайдалануу мөөнөттө-рү жөнүндө коомчулукта маалыматтын жоктугу. III. Фонддун жерлерин пайдалануу Стратегиясынын максаттары жана милдеттери Ушул Стратегиянын максаты мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба аян-ттарын (жайыттарды кошпогондо) башкаруу системасын өркүндөтүү жана пай-далануунун натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп эсептелет. Стратегиясынын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - Фонддун жерлерин башкаруунун, пайдалануунун жана тескөөнүн на-тыйжалуулугун камсыз кылуучу ченемдик укуктук документтерди иштеп чы-гуу; - Фонддун жерлерин башкаруунун жана пайдалануунун негизги багытта-рын аныктоо, мында ал жерлерди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышыкаралат; - Фонддун жерлерин пайдаланууга жана коргоого мониторинг, коорди-нация жүргүзүү; - Фонддун жерлерин башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын компетенцияларын так аныктоо; - Фонддун жерлерин айыл чарба жүгүртүүсүнө тартуу максатында ин-вестицияларды тартуу жана Фонддун жерлерин жакшыртуу үчүн шарттарды тү-зүү. Фонддун жерлерин пайдалануунун учурдагы максаттарын кайра карооменен аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн чараларды көрүү жалпы мамлекет-тик жана экономикалык милдеттерди чечүү учун айыл чарба аянттарынын ре-зервин сактоого мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунунмаселелерин чечүүдө актуалдуу болуп эсептелет. Мамлекеттик резервди сактоо максатында пайдалануунун төмөнкүдөйбагыттарын белгилөө менен Фондду Айыл чарба аянттарынын мамлекеттикфондуна өзгөртүп түзүү зарыл: - жер үлүштөрүн алууга укугу бар, бирок аларды өз учурунда албайкалган жарандарга жер үлүштөрүн берүүнү токтотуу; - ачык-айкын тооруктардын негизинде айылдык товар өндүрүүчүлөргөжапа чарбакер субъекттерге жерлерди ижарага берүү; - уставдык милдеттерди аткаруу шартында жерди үрөнчүлүк, асыл-ту-кум, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбаларга берүү; - калктуу конуштардын негизги пландарына же анын негизинде иштелипчыккан шаар куруу документтерине ылайык калктуу конуштардын аймактарынкењейтүү; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен каралган башкамаксаттар. Ушул Стратегияда каралган багыттарды ишке ашыруу мыйзамдык рефор-маны, Фонддун жерлеринин сапатын жакшыртууга инвестицияларды тартууүчүн шарттарды түзүүнү кошкондо, чаралардын комплексин кабыл алууну та-лап кылат. 3.1. Фонддун жерлеринен жер үлүштөрүн берүү Жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн бө-лүштүрүү 1998-жылы аяктаган. 2003-2009-жылдары "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеши тарабынан өз учурунда жер үлүштөрүн албайкалган жарандарга Фонддун жерлеринен жер үлүштөрүн берүү боюнча бештоктом кабыл алынган. Жер үлүштөрүн бөлгөн учурдан тартып 10 жыл өттү жана бул процессиш жүзүндө аяктады, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жер мый-замдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен Фонддун жерлеринен жаран-дарга жер үлүштөрүн берүүнү токтотуу зарыл. 3.2. Ижарачылар чөйрөсүн кењейтүү менен ачык-айкын тооруктардын негизинде айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана чарбакер субъекттерге Фонддун жерлерин ижарага берүү Социалдык багыттагы субъекттерге талап болбогон жерлерди берүүучурларын кошпогондо, Фонддун жерлерин тоорук аркылуу гана ижарага бе-рүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылбайкелет. 130 айыл өкмөтүндө Фонддун жерлерин пайдаланууга талдоо жүргүзүүиш жүзүндө бардык айыл өкмөтүндө Фонддун жерлери тооруктарды өткөрбөс-төн ижарага берилээрин көрсөттү. Мында ижара акысынын өлчөмү жердин ры-ноктук наркынан көп эсе төмөн. Айыл өкмөтү Фонддун жерлерин ижарага бе-рүүдө тооруктарды өткөрүүгө кызыкдар эмес. Бир нече айыл өкмөтүндө аук-циондорду өткөрүү иш тажрыйбасы аукциондун натыйжасы боюнча ижара акысы5 эсеге өскөнүн жана бул жергиликтүү бюджетти толуктоонун мыкты ыкмасыболуп эсептелээрин көрсөттү. Мыйзамдардагы ижара мөөнөтү боюнча ченемдер сакталбайт, мунун өзүобъективдүү дагы, субъективдүү дагы себептер менен шартталган. Өлкөнүнтүштүк аймактарында калктын жыш жайгашканын жана Фонддун жерлеринин өл-чөмү кичине экендигин эске алуу менен айыл өкмөттөрү социалдык чыњалуу-ну болтурбоо үчүн 1 жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө аргасыз. Фонддунжерлерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусуна жананатыйжалуу пайдалануусуна мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар тарабы-нан контролдоону күчөтүү зарыл. Жерлерди ижарага берүү мөөнөттөрүнө карата жердин сапатын начар-латпастан, жергиликтүү өзгөчөлүккө жараша ижарага берүү мөөнөттөрүнаныктоо мүмкүнчүлүгүн мыйзамдык жактан карап чыгуу керек. Фонддун жакырланган жерлеринин аянттарынын көбөйүүсү негизги проб-лемалардын бири болуп эсептелет, аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө тартууүчүн сугат системаларын калыбына келтирүүгө жана башка иш-чараларды ат-карууга инвестициялар талап кылынат. Кыргыз Республикасынын колдонууда-гы жер мыйзамдары ушундай жерлерди жеке жана юридикалык жактарга берүүбоюнча конкурстарды өткөрүүнү карайт. Бирок иш жүзүндө бош акча кара-жаттарынын жоктугунун айынан ата мекендик фермерлер мындай жерлерди иш-тетүүгө кызыкдар эмес. Чет өлкөлүк инвестицияларды ушул максаттардатартуу ушундай жерлерди инвесторлорго узак мөөнөткө берүүнүн эсебиненжакырланган жерлерди жакшыртууга мүмкүндүк берет. 3.3. Уставдык милдеттерди аткаруу шартында үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбаларга Фонддун жерлерин берүү Үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттикчарбалар өсүмдүктөрдүн жањы сорттору, малдын жана канаттуулардын асылтукумдары менен мамлекетти камсыз кылууда зор мааниге ээ. Ушуга байла-ныштуу мамлекет ушул чарбаларга уставдык милдеттерин чечүү үчүн Фонддунжерлерин берет. Бирок иш жүзүндө аталган чарбалар Фонддун жерлерин өзбагытында, башкача айтканда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жана малгатоюттарды өндүрүү үчүн колдонбой, субижарага берген фактылар бар. Мындаижарачылар Фонддун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялыкжана эксперименттик чарбалардын ишмердиги менен байланышпаган максат-тарда пайдаланышат, мунун өзү Фонддун жерлеринен кошумча аянттарды ижа-рага алууга мүмкүнчүлүгү жок жергиликтүү фермерлерде мындай көрүнүшкөболгон терс мамиленин жаралышына алын келет. Республиканын айыл чарбасын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку са-паттагы үрөндөрү, себүү материалдары жана өндүрүмдүүлүгү жогору болгонмалдын жана канаттуулардын жањы тукумдары менен камсыз кылуу маселеле-ринде үрөн, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарба-ларга жүктөлгөн милдеттердин маанилүүлүгүн эске алуу менен Фонддун жер-леринин максаттуу пайдаланышына мамлекеттик контролду күчөтүү жана чар-балар мыйзамдарды бузган жана жерлер максатсыз пайдаланылган учурлардаФонддун жерлерин белгиленген тартипте алып коюу зарыл. 3.4. Калктуу конуштардын негизги пландарына же алардын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерине ылайык калктуу конуштардын аймагын кењейтүү Фонддун жерлерин башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү негизгимилдеттердин бири ушул жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" катего-риясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу маселеле-рин жөнгө салуу болуп эсептелет. Турак жай проблемаларын чечүү мамле-кеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат, бирок ошону мененбирге жерлерди берүүнүн колдонуудагы механизми көптөгөн проблемалардытүзүүдө. 130 айыл өкмөтүндө Фонддун жерлерин пайдаланууга талдоо жүргү-зүү ушул айыл өкмөттөрүндөгү Фонддун бардык жерлеринин 14 пайызы кото-рулбастан эле аларга турак үйлөр курулганын көрсөттү. Буга Фонддун жер-лерин которуу процессинин, жерлерге турак жай куруунун негизги планда-рынын же алардын негизинде даярдалган шаар куруу документтерининачык-айкын эместиги себеп болууда, ошого байланыштуу бул жерлерди кото-руу боюнча материалдарды даярдоого айыл өкмөтү кызыкдар эмес. Кењейтүү-гө берилүүчү жерлерге Фонддун түшүмдүү айдоо жерлери туш болууда. УшулСтратегияны аткаруу максатында мыйзам долбоорлорун кабыл алуудаазык-түлүк маселелерин чечүү үчүн кыйла баалуу болгон айдоо жерлеринсактоо максатында жер мыйзамдары менен белгиленген Кыргыз Республика-сында айыл чарба багытындагы жерлердин, анын ичинде Фонддун жерлерининартыкчылык принциби эске алынууга тийиш. IV. Стратегияны ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана коркунучтар Фонддун жакырланган жерлеринин сапатын жогорулатуу үчүн инвестици-яларды тартуунун жана каржылоонун жана ушул жерлерге инвентаризацияжүргүзүүнүн, чектерди жана өлчөмдөрдү тактоонун, калктын социалдык жак-тан корголбогон катмарын жумуш менен камсыз кылуунун шарттарын аныктоо-нун маселелерин жеткиликсиз жана убагынан кечиктирип чечүү ушул Страте-гияны ишке ашыруунун жүрүшүндөгү болжолдонгон тобокелдиктердин жанатоскоолдуктардын бири болуп эсептелет. V. Фонддун жерлерин пайдалануунун мониторинги жана ага баа берүү Ушул Стратегияны ишке ашыруу Фонддун жерлерин натыйжалуу пайдала-нууну камсыз кылат, мамлекеттик менчиктеги айыл чарба багытындагы жер-лерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө маселелеринде бирдиктүү мам-лекеттик саясатты түзүүгө өбөлгө болот. Мында жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн), райондук агрардык өнүктүрүүбашкармаларынын ролу жогорулайт, алардын уюштуруу-укуктук абалы жанаматериалдык-техникалык базасы чыњдалат, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармаларынын адистери-нин кесиптик дењгээли жогорулайт.