Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №19/13
Келишимди бекитүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун жана айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндөгү келишимин бекитип берүү сунушун карап,сессия токтом кылат:
1. Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча салык кызматкерлери тарабынан түзүлгөн келишим бекитилсин. (Тиркеме 7 баракта)
2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Жыгач айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | Ш.Мазакеев |
|
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык Кеңешинин
2019-жылдын 27-декабрындагы №19/13 токтому
менен бекитилди
Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өз алдынча башкаруу органдарна өткөрүп берүү жөнүндө №8 келишим
1.Келишимдин тараптары
1.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде аракеттенген
____Аксы мамлекеттик салык кызматынын_____________________начальниги
(мамлекеттик ыйгарым укукту өткөрүп берип жаткан органдан толук аталышы)
_______________Карабаев С.Д.________________________________атынан,
(аты-жөнү)
мындан ары “аймактык салык органы деп аталуу менен,бир тараптан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алднча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” жобонун негизинде аракеттенген
___Момунбеков Турдалы Кочкорбаевичтин_______________________атынан,
(аты-жөнү)
_________________Кара-Жыгач айыл өкмөтү____________________мындан ары
(ЖӨБ аткаруучу органынын аталышы)
“жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деп аталуучу менен.экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жүргүзүү тартиби жонүндө2 Мыйзамдарын жетекчиликке алып,төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.
2. Келишимдин предмети
2.1, МСКнын _Аксы мамлекеттик салык кызматы_________________
(аймактык салык органдн аталышы)
___ _Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө________________________________төмөнкү
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)
мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берет:
1) ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салыкты чогултуу;
2) 1,2,3 жана 4-топтогу мүлк салыгын чогултуу;
3) жер салыгын чогултуу;
4) рейддик салыктык контроль жүргүзүү (салык төлөөчүнүн салык органындагы салыктык жана эсептик катталуу фактысын; салыктын төлөнгөндүгүн жана патенттин негизиндеги салыкты төлөөчүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчүн).
5.салык органы менен биргеликте салык постун орнотуу.
2.2 __ _Кара-Жыгач айыл өкмөтү____________________________
жогору көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.
3.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө
мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. МСКнын _______ Аксы мамлекеттик салык кызматы_____________
(аймактын салык органынын аталышы)
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын
өткөрүп берүүдө төмөнкү укуктарга ээ:
-өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылышын контролдоого;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселеси боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү буйрук берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жободо (мындан ары –Жобо) белгиленген отчеттор жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан маалымат алууга;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым
мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Мыйзамында жана ушул келишимде белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда берүүнү демилгелөөго.
3.2. _______ Аксы мамлекеттик салык кызматы_________________
(аймактын салык органынын аталышы)
өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын алкагында методикалык,уюштуруучулук, кеңеш берүү жана башка жардамдард корсөтүүгө;
-зарылдыгына жараша өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөң адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окутууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоого
4. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке
ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу
органынын укуктары жана милдеттери
4.1.________ Кара-Жыгач айыл өкмөтү_ ______________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө
укуктуу:
-өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн
мамлекеттик органдан методикалык, уюштуруучулук, кеңеш берүүчү жана башка жардамдарды алууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген мыйзам бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү буйругун сот тартибинде даттанууга;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Мыйзамында жана ушул келишимде белгиленген учурларда жана тартипте, мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда берүүнү демилгелөөго.
4.2._____ _Кара-Жыгач айыл_өкмөтү________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө
милдеттүү:
- ага өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана келишимге ылайык ишке ашырууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу бөлүгүндө
мамлекеттик органдын тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүүсү үчүн шарт түзүүгө;
- мамлекеттик орган тарабынан квалификацияны жогорулатуу үчүн жүргүзүлгөн окутууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыз кылууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жол берилген мыйзам бузууларды жоюу боюнча салык органдарынын жазма буйругун аткарууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органга Жободо белгиленген мөөнөттө отчет берүүгө;
- өткөрүлүп берилген салыктарды чогултуу боюнчак айлык,кварталдык жана жылдык болжолдук планды сапаттуу аткарууга жана салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так сактоого.
5. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды
аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу
органынын адиси
5.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу муниципалдык кызматчы болуп саналат.
5.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,КР Салык кодексин,КР Администрациялык кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик айрым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин укуктарн жана милдеттеринин толук тизмеси көрсөтүлүшү керек.
6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке
ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруучу органынын отчеттуулугунун формасы жана
мезгилдүүлүгү
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча маалыматтарды жана отчетторду Жободо аныкталган мөөнөттө аймактык салык органына берилишин камсыз кылат.
7. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын мамлекеттик орган тарабынан контролго алуу тартиби
7.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо (мындан ары- контролдоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы жана келишимдеги талаптардын сакталышын какмсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын МСКнын
__Аксы мамлекеттик салык кызматы________________башкармалыгы контролго алат.
(аймактын салык органынын аталышы)
7.3. Ыйгарым укуктуу салык органы жана МСКнын
_ Аксы мамлекеттик салык кызматы _________________ башкармалыгы:
(аймактын салык органынын аталышы)
-аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук жиберүү укугу менен,
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан толугу менен сапаттуу аткарылышын контролдойт;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө тийиштүү маселелер
боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле,алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарлышын контролго алат;
-келишимде каралган учурларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын токтотуу жана ушул келишимди бузуу тууралуу сунушту даярдап,жогору турган органга киргизет.
7.4. Тийиштүү мамлекеттик орган өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын төмөнкү түрдө контролдойт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ишин.анын ичинде
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын координациялоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өткөрүп берүү жөнүндө келишимде же мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу отчет алууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ишин,анын ичинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын текшерүү;
-өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына сунуштарды берүү;
мыйзамдуулук жана м аксатка ылайыктуулук жагнан алганда,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди баалоо.
8.Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү
8.1.Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын келишимди бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
8.2. Ушул келишимди колдонуу мөөнөтү 1 (бир) жыл.
Эгерде. тараптардын бири ушул келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн келишимди бузуу ниети жонүндө билдирбесе, анда автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө ошол эле шарттарда узартылат.
9. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
9.1.Келишимге өзгөртүү жана толуктоо тараптардын макулдугу менен киргизилет.
9.2. Келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын келишимге өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу негизи жана тартиби
10.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүң:
- келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
-соттун келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
-___ Аксы мамлекеттик салык кызматы _________________________________
(аймактын салык органынын аталышы)
боюнча өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн алып салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алууда;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө мамлекеттик орган чечим кабыл алганда (келишимдин күчүн мөөнөтүнө чейин бузуу);
-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамында жана/же келишимде белгиленген шарттарда жана тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы баш тартканда (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).
10.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
10.3. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан аткарылышын мөөңөтүнөң мурда токтотуунун шарттары болуп төмөңкүлөр саналат:
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан көз каранды эмес себептер боюнча болуп саналат;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну жана (же) берүүнүн шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
10.4. Мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары ишке ашыруусун,анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүң мамлекеттик орган тарабынан максатка ылайыксыз деп табылуусу;
берүүнүн шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
10.5. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөң мурда токтотулган учурда. токтотууну демилгелеген тарап өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткрууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
10.6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөң мурда токтотуу жөнүндө билдирүү алган тарап ан 15 жумушчу күндүн ичинде карап чыгууга жан билдирүүнүн кароонун жыйынтыгы жөнүндө башка тарапка кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү боюнча макул болгон учурда, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптарын макулдашуусунун негизинде токтотулат.
10.7. Билдирүүнүн кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндө жооп келбесе же 30
күн аралыгында башка тараптан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул эмес болсо, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөң мурда токтотуу жөнүндөгү маселе сот тартибинде чечилет.
10.8. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан токтотулган күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берген мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.
10.9. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткаруудан баш тартуу,токтотуу жана токтотуп туруу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруучу органынын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
11.Тараптардын жоопкерчилиги
11.1.Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы укуктарын басмырлагандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн күнөөлүү тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
11.2.Шаардын мэри (айыл өкмөт башчысы) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү деңгээлде аткарылышы жана келишимдеги жоболордун так аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
12. Талаштарды чечүү тартиби
12.1.Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө жаралган бардык талаштар жана пикир келишпестиктер тараптардын өз ара сүйлөшүү жолу менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
13. Тараптардын даректери жана койгон колдору
Аксы мамлекеттик салык Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн
кызматынын башчысы: башчысы:________________
___________ Карабаев.С.Д. Момунбеков Т.К.