Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 2
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2020-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө
2020-жылга карата Жалал-Абад шаардык кеӊештин келечектүү иш планы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Бюджеттик Кодекстин», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана башка мыйзамдардын негиз кылып түзүлдү. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин 2020-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги XXI cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2020-жылга карата келечектүү иш планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратына 2020-жылга карата кабыл алынган келечектүү пландын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |
|
Жалал-Абад шаардык кеңешинин
«9» март 2020-жылдагы
XXI сессиясынын
№ 2- токтомуна
№1-тиркеме
Жалал-Абад шаардык кеңештин 2020-жылга келечектүү иш планы.
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, мыйзамдарына, Жалал-Абад шаардык кеңештин регламентине жана башка укуктук ченемдик актыларга таянып 2020-жылга карата шаардык кеңештин келечектүү иш планында приоритеттик багыты катары төмөнкүлөрдү эсептейт:
Жергиликтүү бюджетти бекитүү, анын аткаруусун көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жергиликтүү салыктарды, төлөмдөрдү жана жыйымдардын төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүү;
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин эффективдүү пайдаланууну көзөмөлдөө;
Шаардын социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышын көзөмөлдөө;
Жалал-Абад шаарынын сырткы архитектуралык абалы жөнүндө.
№ | Иш чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
I. Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелер | |||
| Шаардык кеңештин 2020-жылга келечектүү иш планын бекитүү; | 2020-жылдын I-кварталы | А.Джолдошев (төрага) О.Эшенкулов (жооптуу катчы) |
| Жалал-Абад шаарынын 2020-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшүн бекитүү жана 2021-2022-ж.ж. бюджетинин божомол (прогноз) көрсөткүчтөрүн кароо жөнүндө; | 2020-жыл I кварталы | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык кызматы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия |
| Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү; | 2020-жыл I кварталы | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык кызматы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар. |
| Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердеги шашке тамакты жана бала-бакчалардагы, балдар үйүндөгү тамак аштарды уюштуруунун абалын жеринде кароо жөнүндө; | 2020-жылдын II-кварталы
| Социалдык, укуктук маселелер, регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар менен байланышуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы, шаардык билим берүү башкармалыгы, шаардык мэрия. |
| Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө; | 2020-жылдын II-кварталы | Курулуш коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссия, ММБК |
| Жалал-Абад шаарында жайгашкан саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы жөнүндө.
| 2020-жыл III-кварталы | Социалдык, укуктук маселелер, регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар менен байланышуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы, шаардык билим берүү башкармалыгы, шаардык мэрия. |
| Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2019-жылы кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө | 2020-жыл III-кварталы | Туруктуу комиссиялар,аткаруу бийлиги, шаардагы мекеме-ишканалары |
| Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусун уюштуруу | 2020-жылдын III-кварталы | Шаардык кеӊештин аппараты, мэрия, аймактык башкаруулар |
| Жалал-Абад шаарындагы базарлардын, соода түйүндөрүнүн жалпы абалы боюнча кароо (өрт коопсуздугу, санитардык абалы, тамак аш, азык түлүктөрдүн сакталышы) | 2020-жылдын III кварталы | Өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти |
| Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу мекеме-ишканалардын, салык инспекциясынын бюджетти толтуруу боюнча ишмердүүлүгүн кароо | 2020-жылдын IV кварталы | Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия, ММБК, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, шаардык салык кызматы |
| Шаардагы жолдорго басылган асфальттардын сапаты жана тротуарлардын абалы жөнүндө | 2020-жылдын IV кварталы | Шаардык жолдор башкармалыгы, шаардык мэрия |
Шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери | |||
| Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо, туруктуу комиссиялардын отурумдарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштери | Планга ылайык | Шаардык кеңештин аппараты |
| Туруктуу комиссияларга, аймактык депутаттык топторго иш план түзүү жана ишти уюштуруу боюнча усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
| Ч.Айтматов, Достук, Спутник, Курманбек, Тайгараев аймактык башкармаларынын ишине усулдук жана практикалык жардам берүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
| Депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин семинар-тренингдерге, коомдук иш чараларга катышуусун камсыздоо | Зарылдыкка жараша | Шаардык кеңештин аппараты |
| Шаардык кеңешке түшкөн арыз, каттар жана документтер менен иштөө | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
| 23-февраль, 8-март, Нооруз, 9-май жеңиш күнүн, Эгемендүүлүк күнүн, улгайган адамдар күнүн, шаар күнүн, майыптар күнүн, Жаңы жыл майрамын өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине катышуу
| Календарь боюнча
| Шаардык кеңештин аппараты |
Шаардык кеңештин башкы адиси О.Эшенкулов