Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13- марты № 16
Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2020-жылга түзүлүшүнүн долбооруна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысы С.Темирбаевдин 11.03.2020-жылдагы 04-62/321 катынын негизинде Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 11.03.2020-жылдагы № 01-34/189 сунушу, “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияда каралып, талкууланды.
Жыйынтыгында, 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун жана башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жогорудагылардын негизинде, 07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 06 токтомунун 3-тиркемесин өзгөртүп кабыл алуу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын.
Ага ылайык Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2020-жылга түзүлүшү ушул токтомдун Тиркемесине ылайык бекитилсин.
Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин
13.03.2020-жылдагы кезексиз XXI
сессиясынын № 16 токтому менен бекитилди
Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2020-жылга түзүлүшүнүн долбоору | |||||
Тиркеме (миң сом) | |||||
| |||||
Кирешелердин аталышы | Киреше лердин беренеси | 2020-жылга долбоор КМ контрол дук цифра | 2020-жылга шаардык мэриянын болжолу менен | Айрымасы (+,-) | |
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 11111100 | 26183,0 | 25483,0 | -700,0 | |
Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык | 11121100 | 85,5 | 85,5 | 0 | |
Милдеттүү патенттин негизинде салык | 11122100 | 508,7 | 508,7 | 0 | |
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 11122200 | 6792,0 | 6992,0 | 200,0 | |
Кыймылсыз мулкко салык | 11311200 | 129,0 | 129,0 | 0 | |
Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 11132110 | 100,0 | 100,0 | 0 | |
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 11322120 | 1876,0 | 1876,0 | 0 | |
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321100 | 850,0 | 850,0 | 0 | |
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321300 | 1550,0 | 1550,0 | 0 | |
Сатуудан салык | 11412100 | 7164,0 | 3664,0 | -3500,0 | |
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 14152100 | 400 | 400 | 0 | |
Атайын каражаттар аппарат,детсад | 1423 | 9237,8 | 9237,8 | 0 | |
Баардыгы: | 54876,0 | 50876,0 | |||
Атайын каражаттарды кошпогондо | 45638,2 | 41638,2 | -4000,0 | ||
Төрага: М.Н.Жусупахунов