Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-марты № 19
Шаар аймагы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан жана шаар ичиндеги соода түйүндөрүнүн иштөөсүнө чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул райондук Жарандык коргонуу штабынын чечимдерине ылайык, Токтогул шаарында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылып кетишинин алдын алуу, ага карата ыкчам чараларды көрүү үчүн Бишкек-Ош автожолу аркылуу өтүп жаткан унаа айдоочулар, жүргүнчүлөр менен жергиликтүү жашоочулардын, соода-сатык жүргүзүүчүлөрдүн байланыштарын болтурбоо, жашоочулардын көчөлөрдө жүрүүсун максималдуу азайтуу боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 28.03.2020-жылдагы №01-34/232 карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуусуна жол бербөө боюнча зарыл болгон бардык иш-аракеттер көрүлсүн.
2. Аймакта өзгөчө кырдаал алынып салынганга чейин, төмөндөгү чектөөлөр аткарууга алынсын:
1) Токтогул шаарынын аймагы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан (жээгиндеги) бардык соода-сатык жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизилсин.
2) Шаар ичинде:
- азык-түлүк сатуучу түйүндөр эртең мененки саат 08.00дөн кечки саат 18.00гө чейин гана иштешсин, иштөө учурунда санитардык эрежелердин кынтыксыз сакталышын камсыздашсын;
- башка ар кандай соода, кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизилсин;
3. Эпидемиологиялык кырдаалга байланышкан жогорудагы чектөөлөрдун аткарылышы катуу көзөмөлгө алынсын, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (З.Бекматова, У.Тойчубековго) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |