АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи сессиясы
2019-жылдын 26-июну №27/7
Салыктарды жыйноо мамилелеринин чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 жана 2017-жылдын 15-мартындагы №160 токтомдорун аткаруу жөнүндө
Авлетим айылдык кеңешинин салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү « Бюджет жана экономика» жана «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 2019-жылдын 26-июнундагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик е ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Абылаевге милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |