Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09-июну № 2
Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат орду (Б-Б) кызмат орундарынын классификациясы кадамдарына ылайык 2020-жылдын 1-июлунан тартып бекитилсин.
2. Бекитилген кызмат ордун ээлеген кызматкерди КРдин мыйзамдарына ылайык каржылоо айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Мансиркулов |