Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-февралы № 1
Участкалык шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү талаптарына эске алып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №2183 Аримжан,№2184 Кагазды ,№2185 Сакалды ,№2186 Кыргызстан ,№2187 Чоң-Багыш ,№2188 Бѳбүй ,№2410 Сай-Бою шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасында белгиленген шайлоо жанан референдум ѳткѳрүү мезгилинде иш алып баруучу участкалык шайлоо комиссиялардын курамына айылдардан жарандардын чогулуштарынан, ишканалардан,коомдук уюмдардан талапкерлерди сунуштоо боюнча протоколдор бекитилсин.
2. Бул токтом аталган протоколдор менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл ѳкмѳттүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу М.Орозалиевге тапшырылсын.
Төрага | Д.Бекназаров |