Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 1
Момбеков айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошундар (ЫЭК) жɵнʏндɵгʏжобону бекитʏʏ жɵнʏндɵ
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу жɵнʏндɵгʏ” Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык, жана жергиликтʏʏ маанидеги маселелерди чечʏʏ ʏчʏн Момбеков айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошундар (ЫЭК) жɵнʏндɵгʏЖобонун долбоорун угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошундар (ЫЭК) жɵнʏндɵгʏжобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы Ж Сейитовага жʏктɵлсʏн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Стамбаев |
БЕКИТЕМИН
Момбеков айыл аймагынын
Момбеков айылдык кеңешинин
ХХVII-чакырылышынын кезексиз
33-сессиясынын 2020-жылдын
23-мартындагы № 1-токтомунун
№ 1-тиркемеси
Момбеков айыл аймагында ыктыярдуу элдик
кошуундар жɵнʏндɵ
ЖОБО
COVTD-19 коронавирустук инфекция пандемиясынын шартында калк тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, карантин режимин катуу сакталыш милдети олуттуу маанигее ээ болуп жатат, аларды бузуу Момбеков айыл аймагынын калкыньн ден соолугу жана жашоосу ʏчʏн ɵтɵ жагымсыз таасир алып келиши мʏмкʏн. Карантин мезгилинде ɵтɵ маанилʏʏ тапшырма болуп коомдук тартипти сактоо, ошондой эле калк тарабынан кылмыштын жана коомго каршы келген аракеттерди жасоону болтурбоо саналат.
Ушул маселелерди чечʏʏдɵ мамлекетгик органдары менен катар жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуусунда маанилʏʏ роль Момбеков айыл аймагынын жарандарына, алар тарабынан тʏзʏлʏп жаткан ыктыярдуу элдик кошуундарга туура келет. Тʏзʏлʏп жаткан элдик кошуундар коомдук тартипти сактоого, алдын алууга жана кылмыштар менен административдик укук бузууларды болтурбоого кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ ʏчʏн чакыртылды. Элдик кошуундар тургундардын COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алуусун болтурбоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик иш-чараларды ɵткɵрʏʏгɵ катышууга тартылышы мʏмкʏн, “Жарандык коргонуу жɵнʏндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын калкы ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу тузулуштɵрʏнʏн курамына кирʏʏ жана Жарандык коргонуу иш- чараларына катышуу (коргоого, даярдоо жана ɵзгɵчɵ кырдаалдарда калкты коргоо) укуктарга ээ.
I. Жалпы жоболор
Ушул жобо ыктыярдуу элдик кошуундарды тʏзʏʏ жана иш тартибин
аныктайт.
Ушул жобо Момбеков айыл аймагынын жергиликтʏʏ органы тарабынан
коомдук тартипти сактоого кɵмɵк кɵрсɵтʏʏнʏ жана ɵзгɵчɵ кырдаалдардын таасиринин алдын алууга жана жоюуга кɵмɵк кɵрсɵтʏʏнʏ аткаруу боюнча иштелип чыкты.
Ыктыярдуу элдик кошуундардын бардык иши мыйзамдуулук,
ыктыярдуулук, инсанды сыйлоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо принциптерине негизделет. ɵзʏнʏн ишинде ыктыярдуу элдик кошуундар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн токтомдорун жана буйруктарын, Момбеков айыл аймагынын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
П. Ыктыярдуу элдик кошуундардын
Негизги милдеттери жана функциялары
Ыктыярдуу элдик кошуундардын негизги милдеттери болуп теменкулɵр саналат:
а) Момбеков айыл аймагынын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына алардын коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, жарандардьш укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердʏʏлʏгʏнɵ кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ;
б) калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, кырсыктар, эпидемиялар жана башка ɵзгɵчɵ кырдаалдарда коомдук тартипти: сактоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
в) укуктук билимдерди жайылтуу, калкка коомдук жайларда ɵзун алып жʏрʏʏнʏ тʏшʏндʏрʏʏ
Ыктыярдуу элдик кошуундар аларга жʏктɵлгɵн тɵмɵнкʏ милдетгерди аткаруу менен катар:
а) кечелерде, парктарда, аянттарда жана башка коомдук жайларда коомдук тартипти сактоого, ошондой эле тʏрдʏʏ коомдук иш-чаларды ɵткɵрʏʏ учурунда тартипти сактоого катышат,
б) жаратылыш кырсыктары, эпидемиялар, кырсыктар, техногендик кыйроолор жана башка ɵзгɵчɵ кырдаалдарда калктын коопсуздугун камсыз кылууда жана коомдук тартипти сактоодо жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жардам кɵрсɵтʏшɵт;
в) укук коргоо органдарына алардын коомдук тартипти бекемдɵɵ жана укук бузуулар менен курɵшʏʏ боюнча ишине кɵмɵк кɵрсɵтʏшɵт,
г) укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге катышат,
д) кутулбɵгɵн кырсыктан же укук бузуулардан жабыркаган, ошондой эле коомдук жайларда начар абалда калган адамдарга кечиктирилгис жардам кɵрсɵтʏʏ боюнча чараларды кабыл алышат,
е) ɵзгɵчɵ кырдаалдар учурунда кырсыктан сактоо, карантиндик жана башка кечиктирилгис иш-чараларды ɵткɵрʏʏгɵ катышат,
ɵ)балдардын кароосуздугунун жана жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу боюнча ишке катышат,
ж) ɵрт коопсуздугун камсыз кылууда кɵмɵк кɵрсɵтɵт;
з) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана жол-транспорттук кырсыктарынын алдын алууга кɵмɵк кɵрсɵтɵт,
и) жаратылыш ресурстарын жана курчап турган чɵйрɵнʏ коргоого катышат,
й) укук тартибинин абалы жɵнʏндɵ алынган маалыматты жалпылайт жана талдайт, аны жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жеткирет, укук тартибин бекемдɵɵ, укук бузууларды жасоого туртку берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча сунуштарды киргизет.
Ш. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердʏʏлугʏнʏн формалары жана
ыкмалары
Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердʏʏлʏгʏнʏн негизги формалары болуп тɵмɵнкʏлɵр саналат:
а) ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирдикте кайгуулга чыгуу жана кечелерге, аянттарга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга кʏзɵттɵрдʏ коюу;
б) ички иштер органдарына массалык коомдук-саясий, спорттук жана маданий оюн-зоок иш-чараларын ɵткɵрʏʏдɵ коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берʏʏ ʏчʏн элдик кошуундардын нɵɵмɵткɵ туруусу;
в) укук коргоо органдарынын кылмыштардын алдын алуу, аларга бɵгɵт коюу, кылмыш ачуу жана иликтɵɵ боюнча иш-чараларга элдик кошуундардын катышуусу;
г) ички иштер органдарынын жашы жете электер иштери боюнча бɵлʏкчɵлɵрʏнʏн жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын тиешелʏʏ комиссиянын ишине социалдык кооптуу абалдагы уй-бʏлɵлɵрдʏ жана жашы жете элек ɵспʏрʏмдɵрдʏ аныктоо боюнча ишине катышуу;
укукка жат келген аракеттерге шыктуу жаш ɵспʏрʏмдɵр менен жекече профилактикалык иштер;
д) укук бузууга жол берген адамдар менен жекече тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ, жана мыйзамды тʏшʏндʏрʏʏ;
е) укуктук билимдерди, укук бузуулардын алдын алуу, калктын мыйзамга карата сый мамилесин калыптандырууну жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражатгарын, интернет булактарын пайдалануу;
Кырсыктан сактоо, карантиндик жана башка кечиктирилгис иш-чараларды ɵткɵрʏʏдɵ ɵзгɵчɵ кырдаалдар шарттарында ыктыярдуу элдик кошуундар Момбеков айыл аймагынын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары, КР ƟКМдин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашырат.
IV. Элдик кошуунчунун милдеттери жана укуктары
8.Элдик кошуунчу милдеттʏʏ:
жарандарга карата сылык жана сыпайы болууга, ɵзʏнʏн ыйгарым укуктарынан аша чабууга жол бербɵɵгɵ;
ыктыярдуу элдик кошуунда белгиленген тартипти сактоого, ыктыярдуу элдик кошуундун командиринин буйрутмаларын жана кɵрсɵтмɵлɵрʏн аткарууга;
коомдук тартипти сактоого, укук бузуулардын алдын алуу иштерине активдуу катышууга, укук коргоо органдарынын укук бузууларга каршы кʏрɵшʏʏ ишмердуулугунɵ жардам берʏʏгɵ;
тапшырмаларды аткарууда Штабдын башчысынын, ошондой эле укук тартибин коргоо боюнча иш чараларды ɵткɵрʏʏдɵ укук коргоо органдарынын кɵрсɵтмɵлɵрʏн, талаптарын так жана туура аткарууга;
жарандардьн жеке коопсуздугуна жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган бɵдɵ кырсыктар же башка ɵзгɵчɵ жагдайлардын жаралышы, же даярдалган факты, же жасалган кылмыштар тууралуу билгенде Штабга жана укук коргоо органдарына, же башка тиешелуу мамлекеттик органдарга ɵз убагында кабарлоого, ошондой эле аларга бɵгɵт коюу чараларьн кɵрʏʏгɵ;
жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин негизсиз чектɵɵгɵ, адамдын жана жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын басынтуу максатындагы аракеттерди жасоого жол бербɵɵгɵ;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоого, укук бузуу менен кʏрɵшʏʏ формаларын жана ыкмаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында колдонууга;
кьшмыштардан, администрациялык укук бузуулардан же бɵɵдɵ кырсыктардан, ɵзгɵчɵ кырдаалдарда жабыр тарткан, ошондой эле айласыз же ɵздɵрʏнʏн ɵмʏрʏ жана ден соолугу ʏчʏн коркунучтуу башка абалдагы жарандарга жардам кɵрсɵтʏʏ боюнча чара кɵрʏʏгɵ;
белгиленген ʏлгʏдɵгʏ кʏбɵлʏгʏн алып жʏрʏʏгɵ. Жарандарга же кызматтык адамдарга кайрылууда элдик кошуунчу ɵзʏн тааныштырууга жана элдик кошуунчунун кʏбɵлʏгʏн кɵрсɵтʏʏгɵ.
9.Элдик кошуунчу укуктуу:
жарандардан белгиленген коомдук тартипти сактоого жана укук бузулууларды токтотууну талап кылууга;
укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте жарандардьн документтерин текшерʏʏгɵ, ошондой эле транспорт каражаттарын кароого катышууга;
укук коргоо органдарынын кызматкерлерине укук бузууларды жасаганга шектʏʏ адамдарды кармоого жардам берʏʏгɵ жана кармалгандардын ким экендигин укук бузуу жагдайларын аныктоо ʏчʏн укук коргоо органдына жеткирʏʏгɵ;
укук коргоо органдарынын кызматкерлери укук бузууларга бɵгɵт койгондо окуя болгон жерди коргоого жана буюм далилдеринин сакталышын камсыздоого;
- жерлердин аймактарын курчоого алууга (тосмо коюуга), ɵзгɵчɵ кырдаалдын шарттарында коомдук тартипти коргоо боюнча аракеттерде текшерип ɵткɵрʏʏ режимин ишке ашырууда, жаратылыш кырсыктарынын, кырсыктардын жана кыйроолордун кесепеттерин жоюуда, карантиндик иш-чараларды ɵткɵрʏʏдɵ, массалык иш-чараларды ɵткɵрʏʏдɵ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтʏʏ ɵз алдынчча башкаруу органдарынын (кызматтык адамдарынын) чечими боюнча катышууга.
- жаратылыш кырсыктары, кыйроолор эпидемия, эпизоотия жана башкача ɵзгɵчɵ кырдаалдар учурунда кечиктирилгис кырсыктан сактоо жана карантиндик иш-чараларды жʏргʏзʏʏдɵ мамлекеттик органдар жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары менен аракеттешʏʏгɵ.
- ɵрттʏн алдын алууда жана ɵчʏрʏʏдɵ ɵрт коопсуздугу боюнча кызмат органдарына жардам кɵрсɵтʏʏгɵ.
- укук коргоо органдары менен укук тартибин камсыз кылуунун ачык-айкын милдеттерин чечʏʏ ʏчʏн кечиктирилгис учурларда менчигинин формасына карабастан мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин телефондорун жана башка байланыш каражаттарын акысыз пайдаланууга
- эгер ɵмʏрʏ жана ден соолугу коркунучка дуушар болот деп эсептесе, коомдук милдеттерди аткаруудан баш тартууга.
V. Ыктыярдуу элдик кошунду тʏзʏʏ жана анын ишин уюштуруу
10. Ыктыярдуу элдик кошуундар Момбеков айыл аймагында жашаган, иштеген окуган жери, аймактык коомдук ɵз алдынча башкаруу боюнча жарандардын демилгеси менен тʏзʏлɵт.
11. Ыктыярдуу элдик кошуунга бир кыйла активдʏʏ жарандардын арасынан он сегиз жашка толгон кошуундун алдына коюлган милдеттерди ɵзʏнʏн ишкердик жана жеке сапаты жактан ийгиликтʏʏ аткарууга жɵндɵмдʏʏ жарандар кабыл алынат.
12. Момбеков айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуун штабынын сунуштамасы боюнча ыктыярдуу элдик кошундар Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңеши тарабынан катталышат. Ɵзʏнчɵ кошундарды жоюу же кайра тʏзʏʏ Момбеков айыл аймагынын Элдик кошуун штабынын чечими боюнча Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинде кабыл алынган чечим тууралуу кабарлоо менен жʏргʏзʏлɵт.
13. Ыктыярдуу элдик кошуунга кабыл алуу сɵсʏз тʏрдɵ ыктыярдуу баштоодо жʏргʏзʏлɵт.
VI. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жектектɵɵ
14. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жалпы жетектɵɵнʏ Момбеков айыл ɵкмɵтʏ ишке ашырат.
15. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишине тʏздɵн-тʏз жетекчиликти Момбеков айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуундар штабы жана ыктыярдуу элдик кошундардын командирлери жʏргʏзɵт.
16. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишине ыкчам жана методикалык жетекчилик кылууну Ноокен РИИБ Момбеков айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошундар штабы менен макулдашуу менен ишке ашырат.
17. Момбеков айыл аймагынын Ыктыярдуу элдик кошуундар штабы (мындан ары- Штаб) Момбеков айыл аймагындагы ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жетектɵɵнʏ жана кɵзɵмɵлдɵнʏ ишке ашырат, Штабды тʏзʏʏ жана анын курамы жɵнʏндɵ чечим Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
18. Штабдын тʏзʏлʏшʏ:
1) Штабдын жетекчиси Момбеков айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысынын орун басары;
2) Штабдын жетекчисинин орун басары Момбеков айыл аймагы боюнча милициянын улук аймактык тескɵɵчʏсʏ;
3) Штабдын мʏчɵлɵрʏ Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин депутаттары, Момбеков айыл ɵкмɵтʏнʏн Ноокен РИИБдин, КР ƟКМдин аймактык органдарынын ɵкʏлдɵрʏ, муниципалдык ишканалардын жана мекемелеринин жетекчилери, ыктыярдуу элдик кошуундардын командирлери, коомдук уюмдардын ɵкʏлдɵрʏ.
19. Штабдын сандык курамы тʏзʏлгɵн ыктыярдуу элдик кошуундардын санын эске алуу менен белгиленет.
20. Штабдын ишинин уюштуруучулук формасы болуп Штабдын отуруму саналат. Штабдын отуруму эгер анда анын мʏчɵлɵрʏнʏн жарымынын кɵбʏ катышса укуктуу болуп саналат. Штабдын чечими протокол менен таризделет. Чечим эгер ал ʏчʏн Штабдын мʏчɵлɵрʏнʏн отурумунун теңинин кɵбʏ добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелет.
21. Штаб тɵмɵндɵгʏдɵй кызматтарды аткарат
- ыктыярдуу элдик кошуундарды жетектɵɵнʏ ишке ашырат, алардын ишин уюштурат жана пландаштырат.
- ыктыярдуу элдик кошуундардын ресстерин жʏргʏзɵт.
- ыктыярдуу элдик кошуундарды жана чыңдоо жана элдик кошуундардын катарына калктын мыкты ɵкʏлдɵрʏн тартуу чараларын кɵрɵт.
- элдик кошуундарды окутуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат.
- ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин текшерет, ачыкталган кемчилдиктерин жоюу чараларын кɵрɵт. Иштин оң тажрыйбаларын жалпылайт жана жайылтат.
- айрымаланган элдик кошуундарды сыйлоо тууралуу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине ошондой эле Момбеков айыл ɵкмɵтʏнɵн ɵтʏнɵт.
VIII. Ыктыярдуу элдик кошуундар менен укук коргоо органдарынын ɵз ара аракеттенʏʏлɵрʏ
22. Укук коргоо органдары ыктыярдуу элдик кошуундарга жʏктɵлгɵн тапшырмаларды аткарууга ар тараптуу кɵмɵк жана колдоо кɵрсɵтɵт, элдик кошуундардын командирлерине кошуундардын ишмердʏʏлʏгʏнɵ зарыл болгон укук бузуулар тууралуу маалыматтарды беришет.
23. Ички иштер органдары ыктыярдуу элдик кошуундар менен кʏнʏмдʏк ɵз ара кызматташууну камсыз кылышат, зарыл болгон учурларда кошуундарга нускама ɵтɵт, аларды укук бузуулар менен кʏрɵшʏʏнʏн формалары жана ыкмалары менен камсыз кылышат. Штаб менен макулдашуу боюнча коомдук тартипти коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш чараларды ɵткɵрʏшɵт. Мындай иш чараларды ɵткɵрʏʏ маалында кошуундардын ишин ыкчам жетектɵɵнʏ ички иштер органдарынын тиешелʏʏ кызмат адамдары ишке ашырат.
IХ. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
24. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык- техникалык жактан камсыз кылуу тɵмɵнкʏлɵрдʏн эсебинен жʏргʏзʏлʏшʏ мʏмкʏн:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде берилген жана башка келип тʏшкɵн каражаттардын эсебинен.
- Момбеков айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен.
25. Момбеков айыл аймагынын бюджеттик каражатынан каралышы мʏмкʏн.
- кошуундарды укуктук жана атайын окутууну уюштуруу.
- символдорду, атрибуттарды жана документацияларды даярдоо жана сатып алуу:
- жеке коргоонуу каражаттарын жана башка зарыл эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу:
- массалык иш-чараларды ɵткɵрʏʏдɵ, тамак-аш, транспорттук чыгымдар жана кошуундардын байланыш чыгымдарын:
- ɵзгɵчɵ кырдаалдар шарттарында – кошуундарга акчалай камсыздандыруу тɵлɵп берʏʏ, азык-тʏлʏк транспорттук чыгымдар, байланыш чыгымдары:
26. Момбеков айыл аймагынын жергиктʏʏ ɵз алдынча башкаруу органы ыктыядуу элдик кошуундарга, Штабка кызматтык колдонууга имарат, транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын жана башка алардын ишмердʏʏлʏгʏн ишке ашырууга зарыл болгон мʏлктɵрдʏ бериши мʏмкʏн.
Х. Жыйынтыктоочу бɵлʏк
27. Элдик кошуундардын мыйзамдуу ишмердʏʏлʏгʏнɵ каршы аракеттер, ыктыярдуу элдик кошуундардын коомдук тартипти коргоо боюнча алардын ишмердʏʏлʏгʏнɵ байланышкан аларга зомбулук кɵрсɵтʏʏ ɵмʏрʏнɵ, ден-соолугуна кол салуу, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирʏʏ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат:
28. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердʏʏлʏгʏн кɵзɵмɵлдɵɵнʏ Штаб Момбеков айыл аймагынын жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органы, укук коргоо органдары ишке ашырышат.