Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры №236/44-7
“Мамлекеттик салык кызматынынЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын балансындагыимараттын бош турган 3-бөлүгүн бала бакча ачуу үчүн муниципалдык менчикбашкармалыгына кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна катышуу максатында 3 саттык кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын балансындагы имараттын бош турган 3-бөлүгүн бала бакча ачуу үчүн муниципалдык менчик башкармалыгына кабыл алуу жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Т.Муратовдун 3.11.2020-ж. чыгыш №052/20/04-32/3035 сандуу кепилдик катын эске алып Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХXXIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын балансындагы имараттын бош турган 3-бөлүгүн бала бакча ачуу үчүн муниципалдык менчик башкармалыгына акысыз, кайтарымсыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардык мэриясы (И.М.Еркеев), Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы (М.Курамаев) Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын балансындагы имараттын бош турган 3-бөлүгүн өткөрүп алуу иштерин мыйзам чегинде жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэрияга ( И.М.Еркеев), Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Курамаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага
| Б.Н.Кыргызалиев |