Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-майы № 2
Беш-Жыгач айылынын тургундарынын турак-жайларына жааган жаандан суу баскандыгы жөнүндө
Беш-Жыгач айылынын айыл башчысы А.Алиевдин кайрылуусун угуп жана тулкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Жыгач айылынын айыл башчысы А.Алиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. 2020-жылдын 5-май күнү жааган жаандан улам Беш-Жыгач айылынын 19 үй-бүлөнүн турак-жайларын суу каптап кеткендигине байланыштуу, материалдык колдоо көрсөтүү максатында 19 үй-бүлөөнүн ар бирине №1-тиркемеге ылайык 1 (бир) каптан ун жардам берүүнү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Саттаровго тапшырылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |
Масы айылдык Кеңешинин ХХVII
чакырылышынын кезектеги XXXV
сессиясынын № 2-токтомунун № 1-
тиркемеси
2020-жылдын 5-май күнү жааган жаандан улам Беш-Жыгач айылынын 19 үй-бүлөнүн турак-жайларын суу каптап кеткендигине байланыштуу, материалдык колдоо көрсөтүлүүчү жарандардын тизмеси.
1. Суяров Алмаз
2. Алиев Максат
3. Аттокурова Буажар
4. Аттокуров Абдырахман
5. Юлчиев Сүйүн
6. Алиев Жума
7. Шералиев Надир
8. Мырзакматов Акыл
9. Сатылганова Ырыс
10. Маматов Абсатар
11. Аттокуров Зулумбек
12. Умаров Максат
13. Маматова Гулай
14. Алиев Санжар
15. Хурбаев Жума
16. Амракулов Марат
17. Маматов Кошмат
18. Курбанов Азим
19. Беш-Жыгач ФАП Сулайманова Жамила