Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-июну № 1
Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4- мартындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын XXXVI сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4- мартындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат орду (Б-Б) кызмат орундарынын классификациясы кадамдарына ылайык 2020-жылдын 1-июлунан тартып бекитилсин.
2. Бекитилген кызмат ордун ээлеген кызматкерди КРдин мыйзамдарына ылайык каржылоо айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |