Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 4
Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сынактын жобосунбекитүү жөнүндө
Хельветас Свисс Интеркооперейшн менен Масы айыл өкмөтүнүн ортосунда Ковид-19 пандемиясынын мезгилинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн сапатуу, үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүсү үчүн жардам көрсүтүү максатында түзүлгөн грант келишимди Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын XXXVII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча Масы айыл аймагынын көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактынтиптүү ЖОБОСУ №1 тиркемеге ылайык бкитилсин. 1-тиркеме тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |
Масы айылдык Кеңешинин ХХVII
чакырылышынын кезектеги 2020
-жылдын 10-июлундагы XXXVII
сессиясынын № 4 токтомунун №1
тиркемеси менен бекитилген
Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча
Масы айыл аймагынын
көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын
типтүү ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1.1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын / участоктордун / кварталдардын / көчөлөрдүн ортосундагы сынак (мындан ары - сынак), тарифтерге негизделген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултууну көбөйтүү жана стимулдаштыруу максатында өткөрүлөт.
1.2. Сынак Масы айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.
2. Сынактын шарттары
2.1. Сынакка катышуу Масы айыл аймагында көчөлөр ортосунда төмөнкү кызматтар үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү максатында өткөрүлөт:
Кызматы | Кызмат көрсөтүүчү | Байланыш маалыматтары |
Каттуу турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жокко чыгаруу. | “Масы Тазалык” Муниципалдык ишканасы | Масы айылы. Сорокин коч. №2.Телефону: (03734) 5-16-42 моб.байл: 0777-86-58-57 |
2.2. Сынакка катышуу үчүн тандалып алынган айыл аймактарынын айылдары жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтары үчүн 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин чогултулган төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатууну жакшыртуулары керек.
2.3. Сынактын башталаар алдында жана аны өткөрүү процессинде, кызмат көрсөтүүчү катышкан аймактардагы көрсөтүлгөн кызматтарга болгон төлөмдөрдү чогултуунун учурдагы абалы жөнүндө айыл өкмөтүн маалымдайт.
2.4. Айыл өкмөтү сынактын жүрүшү жана учурдагы натыйжалары жөнүндө калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.
3. Сынак өткөрүүнүн тартиби
3.1. Айыл өкмөтү сынактын башталышы жөнүндө маалымат такталарында жайгаштыруу, тургундардын чогулуштарында жарыялоо жана анын өкүлдөрү (айыл башчылары) аркылуу калкка билдирет.
3.2. Сынакка катышууну каалаган аймактар өз өкүлүн тандайт жана ал айыл өкмөтүн сынакка катышуу жөнүндө маалымдайт. Айыл өкмөтү катышкан айылдардын тизмесин түзүп, алардын өкүлдөрүнө сынактын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
4. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби
4.1. Сынактык комиссия айыл өкмөтүнүн буйругу менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, жамааттардын лидерлеринен жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн түзүлөт.
4.2. Сынактык комиссия 2020-жылдын 15-октябрына чейин сынактын жыйынтыгын чыгарат жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде, 2020-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки мезгилдеги кызматтар үчүн акы чогултуунун пайызына жараша жеңүүчүлөрдү аныктайт.
4.3. Сынактык комиссиянын чечими протокол менен бекитилет жана жалпыга маалымдоо үчүн маалымат такталарына илинет.
5. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи
5.1. Сынактын байге фонду “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан берилген 35.0 миң сомду түзөт. Байге фонду акчалай түрдө берилбейт. Бул каражаттар жеңүүчү аймакты жакшыртууга жумшалат.
5.2. Жеңишке ээ болгон аймактын өкүлдөрү, өз тургундарынын чечиминин негизинде, берилген сумманын чегинде, аймакты жакшыртууга багытталган демилгелерди сунушташат.
5.3. Айыл өкмөтү байге акчаларын аймактын өкүлү менен макулдашылган демилгени каржылоого багыттайт.
5.4. Жылдын аягында айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүчүлөр менен биргеликте айылдык аймактын тургундарына аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет.
Масы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Саитова