Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 5
Турак-жай субсидиясын берүү боюнча УБАКТЫЛУУ СТАНДАРТТарды бекитүү жөнүндө
Хельветас Свисс Интеркооперейшн менен Масы айыл өкмөтүнүн ортосунда Ковид-19 пандемиясынын мезгилинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн сапатуу, үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүсү үчүн жардам көрсүтүү максатында түзүлгөн грант келишимди Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын XXXVII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. "Тиричиликтеги катуу таштандыларды жок кылуу" боюнча коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн турак-жай субсидиясын берүү боюнча УБАКТЫЛУУ СТАНДАРТ №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. №1-тиркеме тиркелет.
2. "Ичүүчү сууну сатуу" товарын төлөө үчүн турак-жай субсидиясын берүү боюнча УБАКТЫЛУУ СТАНДАРТ №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. №2-тиркеме тиркелет.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |
Масы айылдык Кеңешинин ХХVII
чакырылышынын кезектеги 2020-
жылдын 10-июлундагы XXXVII
сессиясынын № 5 токтомунун №1
тиркемеси менен бекитилген
Турак-жай субсидиясын берүү боюнча УБАКТЫЛУУ СТАНДАРТ | ||
"Тиричиликтеги катуу таштандыларды жок кылуу" боюнча коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн турак-жай субсидиясынын паспорту | ||
1 | Турак жай субсидиясынын аталышы | Масы айыл аймактарда турмуш-тиричиликте пайдаланылган катуу таштандыларды жок кылуу боюнча коммуналдык кызматтарга төлөө |
2 | Турак-жай субсидиясын берүүчү муниципалдык органдын (мекеменин) толук аталышы | Масы айыл өкмөтү |
3 | Турак-жай субсидиясын алуучулар | «Масы Тазалык» муниципалдык ишкана |
4 | Турак-жай субсидиясын алуу боюнча укуктук негиздер | 1. Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодекси (12-берененин 4-бөлүгү; 75-берене), 2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (22-берененин 5-пункту). |
5 | Берилүүчү турак-жай субсидиясынын акыркы жыйынтыгы | Турак-жай субсидияларын берүү төмөнкүлөргө багытталган: 1. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу. 2. Аймактын территориясында таштандылардын чаржайыт/башаламан пайда болушун алдын-алуу 3. Экологиялык коопсуздукту сактоо 4. Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу |
6 | Турак-жайды субсидиялоо боюнча шарттар | 1 Турак-жай субсидияларын берүү Масы айыл аймагынын өзүндө жүзөгө ашырылат.
2 Масы айыл өкмөтү турак-жай субсидиясын айыл өкмөтү менен муниципалдык ишкананын ортосундагы келишимге ылайык берет.
|
6.1. | Турак-жай субсидиясын берүү боюнча өзгөчө шарттар
| 120 000 сом өлчөмүндөгү турак-жай субсидиясы, ушул Убактылуу стандартка тиркелген кызматтарды жакшыртуунун максаттуу Планына (1-Тиркеме) ылайык, көрсөтүлгөн кызматты кайталап өндүрүү жолу менен инвестициялоо аркылуу субсидияланган сумманы кайтарып берүү принцибинин негизинде, муниципалдык ишканага төлөнүп берилет. “Масы Тазалык” Муниципалдык ишкана келерки календардык жылга карата боло турган чыгымдарды өндүрүш программасынын планына киргизип, максаттуу планды аткаруу боюнча милдеттенмелерди ишке ашыруудан мурда, каралган субсидия өлчөмүнөн кем эмес акча каражаттарын жергиликтүү калктан топтоону камсыз кылышы керек.
|
7 | Турак-жай субсидиясын берүү мөөнөтү | 2020-жылдын 1-июлунан тартып, 31-ноябрынан кечиктирбестен, апрелден августка чейин 5 (беш) ай ичинде кызматтарды көрсөтүү мезгилинде каралат. |
Турак-жай субсидиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө | ||
8 | Турак-жай субсидиясын алуучу тарабынан талап кылынган документтеринин жана / же аракеттеринин тизмеси | 1. Масы айыл өкмөтү менен "Масы Тазалык" муниципалдык ишкананын ортосунда түзүлгөн келишим.
1) 2020-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейинки мезгилде 2) 1-июлдан 31-июлга чейинки мезгилде 3) 1-августтан 31-августка чейинки мезгилде аткарылган кызматтар боюнча актылар.
|
9 | Турак-жай субсидиясынын өлчөмү | 120 000 СОМ |
10 | Турак-жай субсидиясын эсептөө методикасы |
Хельветас Свисс Интеркооперейшн менен Масы айыл окмотунун ортосунда түзүлгөн грант келишими эсептөө үчүн негиз болуп саналат. |
| ||
Турак-жай субсидиясынын өлчөмү муниципалитеттин калкынын керектөөчүлөрүнүн санына жараша, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген тарифтин негизинде аныкталат.
| ||
11 | Турак-жайды субсидиялоо булактары | Турак-жайларды субсидиялоо булактары катары, тиешелүү гранттык макулдашуунун негизинде, Хельветас Свисс Интеркооперейшн тарабынан бөлүнгөн 120 000 сом өлчөмүндөгү грант саналат.
|
12 | Турак-жай субсидиясынын өлчөмүн аныктоо тартиби
| Ай сайын берилүүчү турак-жай субсидиясынын суммасы турак-жай субсидиясынын жалпы суммасынын бештен бир бөлүгүн түзөт, бирок көрсөтүлгөн кызматтар актысында жарыяланган суммадан ашпайт.
|
13 | Турак-жай субсидиясын төлөө тартиби | Кызмат көрсөтүүчү отчеттук мезгил ичинде аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн актыларын даярдайт. Көрсөтүлгөн кызматтар БМжБ (биргелешкен мониторинг жана баалоо) топтору тарабынан өз убагында жана эч кандай олуттуу кемчиликтери жок экендиги, кол коюу аркылуу тастыкталууга тийиш. Аткарылган иштердин актылары жергиликтүү ӨАБО (өз алдынча башкаруу органынын) башчысы тарабынан бекитилип, 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү ӨАБОнун бухгалтердик эсеп-кысап бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.
|
Масы айылдык кеңешинин жоопктуу катчысы А.Саитова
Масы айылдык Кеңешинин ХХVII
чакырылышынын кезектеги 2020-
жылдын 10-июлундагы XXXVII сессиясынын
№ 5 токтомунун №2 тиркемеси менен бекитилген
Турак-жай субсидиясын берүү боюнча УБАКТЫЛУУ СТАНДАРТ |
"Ичүүчү сууну сатуу" товарын төлөө үчүн турак-жай субсидиясынын паспорту | ||
1 | Турак-жай субсидиясынын аталышы | Масы айыл аймак аймагында ичүүчү суу товарын сатуу төлөмү |
2 | Турак-жай субсидиясын берүүчү муниципалдык органдын (мекеменин) толук аталышы | Масы айыл өкмөтү |
3 | Турак-жай субсидиясын алуучулар | «Масы Карабулак» муниципалдык чарбалык эсептеги ишкана. |
4 | Турак-жай субсидиясын алуу боюнча укуктук негиздер | 1. Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодекси (12-берененин 4-бөлүгү; 75-берене), 2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (22-берененин 5-пункту). |
5 | Берилүүчү турак-жай субсидиясынын акыркы жыйынтыгы | Турак-жай субсидияларын берүү төмөнкүлөргө багытталган: 1. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу. 2. Аймактын территориясында жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо 3. Ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы бардык нормативдерди сактоо 4. Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу
|
6 | Турак-жайды субсидиялоо боюнча шарттар | 1. Турак-жайды субсидиялоо Масы айыл аймагында жүргүзүлөт 2. Масы айыл өкмөтү жана “Масы Карабулак” МЧЭИ ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Масы айыл өкмөтү турак-жай субсидиясын берет. |
6.1. | Турак-жай субсидиясын берүү боюнча өзгөчө шарттар
| 67 000 сом өлчөмүндөгү турак-жай субсидиясы, ушул Убактылуу стандартка тиркелген кызматтарды жакшыртуунун максаттуу Планына (1-Тиркеме) ылайык, көрсөтүлгөн кызматты кайталап өндүрүү жолу менен инвестициялоо аркылуу субсидияланган сумманы кайтарып берүү принцибинин негизинде, муниципалдык ишканага төлөнүп берилет. “Масы Карабулак” Муниципалдык чарбалык эсептеги ишкана келерки календардык жылга карата боло турган чыгымдарды өндүрүш программасынын планына киргизип, максаттуу планды аткаруу боюнча милдеттенмелерди ишке ашыруудан мурда, каралган субсидия өлчөмүнөн кем эмес акча каражаттарын жергиликтүү калктан топтоону камсыз кылышы керек.
|
7 | Турак-жай субсидиясын берүү мөөнөтү | 2020-жылдын 1-июлунан тартып, 31-ноябрынан кечиктирбестен, апрелден августка чейин 5 (беш) ай ичинде кызматтарды көрсөтүү мезгилинде карайт. |
Турак-жай субсидиясы менен камсыз кылуу жана тейлөө | ||
8 | Турак-жай субсидиясын алуучу тарабынан талап кылынган документтеринин жана / же аракеттеринин тизмеси | 1. Масы айыл өкмөтү менен "Масы Карабулак" муниципалдык чарбалык эсептеги ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишим.
1) 2020-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейинки мезгилде 2) 1-июлдан 31-июлга чейинки мезгилде 3) 1-августтан 31-августка чейинки мезгилде аткарылган кызматтар боюнча актылар. |
9 | Турак-жай субсидиясынын өлчөмү | 67000 СОМ |
10 | Турак-жай субсидиясын эсептөө методикасы | Хельветас Свисс Интеркооперейшн менен Масы айыл окмотунун ортосунда түзүлгөн грант келишими эсептөө үчүн негиз болуп саналат.
Турак-жай субсидиясынын өлчөмү муниципалитеттин калкынын керектөөчүлөрүнүн санына жараша, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген тарифтин негизинде аныкталат.
|
11 | Турак-жайды субсидиялоо булактары | Турак-жайларды субсидиялоонун булактары катары тиешелүү гранттык макулдашуунун негизинде, Хельветас Свисс Интеркооперейшн тарабынан бөлүнгөн 67000 сом өлчөмүндөгү грант саналат. |
12 | Турак-жай субсидиясынын өлчөмүн аныктоо тартиби
| Ай сайын берилүүчү турак-жай субсидиясынын суммасы турак- жай субсидиясынын жалпы суммасынын бештен бир бөлүгүн түзөт, бирок көрсөтүлгөн кызматтар актысында жарыяланган суммадан ашпайт.
|
13 | Турак-жай субсидиясын төлөө тартиби | Кызмат көрсөтүүчү отчеттук мезгил ичинде аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн актыларын даярдайт. Көрсөтүлгөн кызматтар БМжБ (биргелешкен мониторинг жана баалоо) топтору тарабынан өз убагында жана эч кандай олуттуу кемчиликтери жок экендиги, кол коюу аркылуу тастыкталууга тийиш. Аткарылган иштердин актылары жергиликтүү ӨАБО (өз алдынча башкаруу органынын) башчысы тарабынан бекитилип, 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү ӨАБОнун бухгалтердик эсеп-кысап бөлүмүнө өткөрүлүп берилет. |
Масы айылдык кеңешинин жоопктуу катчысы А.Саитова