Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жыл 10-июлю № 9
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Масы айылдык кеңешине кызмат орундары бекитилгенине байланыштуу күн тартибиндеги түрдүү маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагы райондун борборунда жайгашкандыктан социалдык жана айыл чарбасына тийиштүү болгон маселелерди ыкчам кароо үчүн автоунаа менен барганы күйүүчү май талап кылынгандыктан жергиликтүү бюджеттен айылдык кеңешке жеңил автоунаасы ижарага алынып, ижара акысы айына 13000 (он үч миң) сомдон ашпаган жана күнүнө 10 (он) литр күйүүчү май сатып алуу үчүн акча каражаты каралсын.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүн ФЭБ башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
| А Нарматов |