Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 8
Жеке турак жай куруу үчүнжарандарды жер тилкелери мененкамсыз кылуу боюнча Теплоключенка айыл өкмөтүнүнПрограммасын бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын калкын турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөМыйзамынын 6-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жеке турак жай куруу үчүн жарандарды жер тилкелери менен камсыз кылуу боюнча Теплоключенка айыл өкмөтүнүн Программасы бекитилсин, тиркелет.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышыайыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |
Теплоключенка айылык кеңешинин
2020-жылдын “___”_____
№_____ токтомуна тиркеме
Жеке турак жай салуу үчүн жарандарды жер тилкелери менен
камсыз кылуу боюнча Теплоключенка айыл өкмөтүнүн
Программасы
1. Программаны иштеп чыгуунунун негиздери жана актуалдуулугу
1.1.Бул программаны иштеп чыгуунун негизги максаты Теплоключенка айыл аймагында жаш үй-бүлөлөргө турак-жайдын жеткиликтүү болушуна шарт түзүп берүү болуп саналат. Ал үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу керек:
- жарандарга жеке турак жай курууга жер тилкелерин бөлуп берүү үчүн айыл чарба жерлеринин багытын өзгөртүү ( трансформация);
- Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесине ылайык иш алып баруу.
1.2. 1996-жылы турак жайга болгон керектөөнүү кеңейтүү боюнча Теплоключенка айыл өкмөтүндө өзүнчө чаралар көрүлгөн. Теплоключенка калктуу конушунун бардык курулуш түшө элек жер тилкелери толугу менен инвентаризацияланган. Курулуш түшө элек бош жер тилкелери жаш үй-бүлөлөргө турак-жай курууга берилген. Калктуу конуштун чегинде үй салууга жер тилкелери жетишпегендигине байланыштуу, айыл аймактын географиялык абалын эске алуу менен тоолу жана суу жетпеген 99.0гектар жердин багытын өзөртүп (трансформация), жаштарга турак жай курууга берүү боюнча Теплоключенка айылдык кеңеши 2008-жылдын 11-мартында №12 токтом кабыл алган.
2.Учурдагы абалды баалоо
2.1. Теплоключенка айыл аймагынын калкын турак жай салуу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу Теплоключенка айыл өкмөтү менен мамлекеттин негизги милдети болуп саналат. Кыргыз Республикасында кабыл алынган санитардык ченемге ылайыктурак жайдын аянтыбир кишиге 12,0 кв.м туура келет.
2.2. Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан бери 29 жыл ичинде айыл чарба багытындагы жерлер калктуу конушка үй салуу категориясына которулган эмес.
Мамлекет тарабынан “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32- беренесинин ченемдери аткарылбай келүүдө. Бүгүнкү күндө Теплоключенка айыл аймагында жарандардын турак жай менен камсыз болуусу бир кишиге 8.75 кв.м туура келүүсү 60 кв.м аянттагы турак жайда 7 киши жашайт дегенди билдирет.
2.3. Кыргызстанда ипотека программасы жайылгандан бери, турак жайды ипотекага алууну сунуштаган банктар көбөйүүдө. Бирок алар сунуштаган жогорку пайыздык көрсөткүчтөр Теплоключенка айыл аймагынын тургундарынын шартына туура келбейт. Айыл аймактын калкынын саны өскөн сайын турак жайдын баасы дагы көтөрүлүүдө. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө суроо талап жок.
2.4. Турак жай салууга жер тилкелеринин жоктугунан айыл аймакта нааразычылыктар көп болуп, жаштардын баары чет жактарга кетип жатышат.
3.Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу: максаты, милдети
жана артыкчылыктуу багыттары
3.1. Бул программада жарандардын жер тилкесин алуууга болгон муктаждыгы аныкталган.
3.2. Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекет тарабынан Теплоключенка айыл өкмөтүнө колдоо көрсөтүүлүүсү программанын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.
3.3. Жарандарды жер тилкелери менен камсыз кылуудан мурун жер тилкесин алуу үчүн арыз берген жарандардын баарына анализ жүргүзүлүп, турак жайга өтө муктаж болуп турган жарандарга биринчи берилет. Бир кишиге 8кв.м. кем эмес жер аянты берилет.
4. Программаны ишке ашыруу
процессти башкаруу жана көзөмөл жүргүзүү
4.1. Программаны ишке ашыруунубашкаруу, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өкүлдөрү;
- райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү;
- Каракол-Ак-Суу аймактык кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлдөрү
Айылдык кеңештин чечими менен комиссиянын курамына коомчулуктун өкүлдөрү да киргизилиши мүмкүн.
4.2. Ар бир бөлүнүп берилген жер тилкеси боюнча комиссия тарабынан төмөндөгүдөй маалымат пакети даярдалат:
- жайгашкан жери (дареги), жер тилкесинин кадастрдык номери;
- чектери (граница) аныкталган, жалпы пайдалануучу сервитуттары (кошуналар жалпы пайдалануучу чектер) такталган жер тилкенин планы;
- ар түрдүү инженердик коммуникацияларга туташуунун шарттары жана орточо баалары белгиленген жалпы корутунду.
4.3. Комиссия бекитилген тартипте жер тилкесин алууну каалаган жарандын арызын жана тиешелүү иш кагаздарынын баарын тыкан изилдеп, андан кийин жер тилкесин бөлүп берүү же жер тилкесин бөлүп берүүдөн баш тартуу боюнча чечим чыгарат.
4.4. Комиссия өзүнүн ишмердүүлүгүн мөөнөтүнө жараша алып барат. Бирок иштөө кварталына бир жолудан кем эмес отурум өткөрөт. Комиссиянын жумушун комиссиянын курамындагы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү алып барышат
4.5.Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына жер участогун акысыз берүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жер участогун берүү кезектүүлүк тартибинде берилет. Бирок 2010-жылы апрель-июнь айларындагы окуядан каза болгон жарандардын балдарына жер тилкелери кезексиз берилет
4.6. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет. Комиссиянын чечими - жеке турак жай куруугажер тилкесин бөлүп берүүгө жана мамлекеттик актысын алууга негиз болот.
5. Программанын жыйынтыгы
Бул программанын ишке ашырылышы – Теплоключенка айыл аймагынын жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртат.