Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры №27-18/3
Каракол "Суу түтүк" муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 13-июнундагы, кир. №01-7/304 Каракол "Суу түтүк" муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол "Суу түтүк" муниципалдык ишканасынын мурда бекитилген Уставы жокко чыгарылсын.
2. Каракол "Суу түтүк" муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин (№1 тиркеме).
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
БЕКИТИЛДИ
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
2017-жылдын "27"декабрь
№27-18/3 токтому менен
Каракол «Суу Түтүк»
муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
КАРАКОЛ ШААРЫ 2017-ЖЫЛ
1. Жалпы жоболор
1.1 Каракол «Суу түтүк»муниципалдык ишканасы- Каракол шаарынын мэриясынын чарбалык эсептеги структуралык бөлүкчөсү.
1.2 Каракол «Суу түтүк»муниципалдык ишканасынын (мындан кийинки текстте «Муниципалдык ишкана») Түзүүчүлөрү-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигинин органдары болгон- Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык депутаттарынын Кенеши (мындан кийинки текстте – «Түзүүчүлөр»).
1.3 Каракол «Суу түтүк» ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Түп көчөсү,3.
1.4 Менчиктин түрү –муниципалдык.
1.5 Уюштуруу-укуктук формасы- муниципалдык ишкана.
1.6 Ишканынын расмий аталышы: мамлекеттик тилде«Каракол Суу түтүк»муниципалдык ишканасы; ишканынын орус тилинде аталышыКаракольское муниципальное предприятие «Водоканал».
2. Юридикалык макамы
2.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекиткен процедураларга ылайык,муниципалдык ишкана, мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин юридикалык жак болот.
2.2 Өзишмердүүлүгүндө муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык Кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин жана токтомдорун, Түзүүчүлөрдүн тескемелерин, Кыргыз Республикасынын аймагындагы аракеттеги башка ченемдик-укуктук актыларды жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
2.3 Муниципалдык ишкана, ага бекитилген, негизги фонддордон, жүгүртмө каражаттардан турган мүлккө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен чектөөлөр менен жана ага, функцияларын аткаруу үчүн берилген жана өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжжасында сатып алган, башка материалдык баалуулуктарга чарбалык алып баруу укугуна ээ.
2.4 Муниципалдык ишкананын өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, кыргыз жана орус тилинде аталышы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби бар мөөрү, штамптары бар.
25. Муниципалдык ишкананын банк системасында эсептик, валюттук ж.б. эсептери бар.
2.6 Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен тартипте жана ушул Уставга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Уставдагы максаттарга жетүү үчүн, Кыргыз Республикасынынмыйзамдуулугу тарабынан, муниципалдык ишканаларга берилген укуктар менен пайдаланууга;
- мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга, сотто доокер жана жоопкер болууга;
- өзүнүн ишмердүүлүгүн өз күчү менен, ошондой эле келишимдердин негизинде, башка ишканаларды жана уюмдарды, убактылуу чыгармачыл жамааттарды, адистерди тартуу менен жүргүзүүгө;
-Жумуштарга, товарларга жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн ишкана катары мамлекеттик сатып алууларга катышууга укугу бар;
- Уставдык максаттарды ишке ашыруу алкагында, ишмердүүлүк менен алектенүүгө;
-Түзүүчүлөрдүн кароосуна, муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди жана сунуштарды киргизүүгө, аларды талкуулаганга, чечүүгө катышууга;
- Кенеште түзүүчүлөрдүн макулдугу менен тарифтерди бекитүү;
- эмгек күн тартибин жана персоналдын иштөө режимин бекитүүгө;
- муниципалдык ишкананын директорунун жана башкы эсепчисинин кызматынан башка, бекитилген номенклатурага ылайык, кадрлар менен камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечүүгө;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык ишке алуу жана бошотуу шарттарын бекитүүгө;
- айкалыштыруу шарттарында жана эмгектик макулдашылуурадын негиздеринде, эмгек акы фондунун чегинде, жумуштарды аткаруу үчүн адистерди тартууга;
- муниципалдык ишкана көрсөткөн кызматтардын акыларынабааларды коюуга;
- ишкананын персоналы үчүн ички жоболорду, кызматтык нускамаларды иштеп чыгууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу берген укуктарды, жеңилдиктерди камсыз кылуу үчүн, өз кызматкерлерин социалдык жактан коргоонун бирдиктүү саясатын жүргүзүүгө;
3. Каракол «Суу түтүк» ишканасынын негизги максаттары жана милдеттери
3.1 Муниципалдыкишкананыннегизгимаксаты- анын балансында турган суу түтүк, канализация курулмаларын жана тутамдарын эксплуатациялоо жана шаардынаймагындагы,жакынкыайылдардагы, Пристань-Пржевальскпоселогундагыкалкка, ишканаларга, уюмдаргаичүүчүсуунуберүүбоюнчажанаагынсуулардыкабылалуу, алыпкетүүбоюнчакызматтардыкөрсөтүү.
3.2Муниципалдык ишкана Түзүүчүлөргө Каракол шаарынын суу түтүк, канализация чарбасын өнүктүрүү боюнча программаны даярдап, аны ишке ашыруу үчүн сунуш кылат.
3.3Муниципалдык ишкана бирдей шартта, шаардын аймагындагы жана жакынкы айылдардагы, Пристань-Пржевальск поселогундагыкалкты, ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди ичүүчү суу менен бирдей шартта камсыз кылат.
3.4Муниципалдыкишкана, керектөөчүлөргө жеткирилген суу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекиткен сапат стандарттарынаылайык келерине кепилдик берет.
3.5Ичүүчү сууну, канализацияны пайдалануу үчүн тарифтер, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында бекитилет.
3.6Керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүнү, оптималдуу түрдө камсыз кылуу максатында муниципалдык ишкана, болгон суу түтүк, канализация тутамдарын иштетет, ремонт иштерин жүргүзөт.
4.Жумуштарды башкаруу жана уюштуруу
4.1. Муниципалдык ишкананы директор жетектейт. Аны шаардын мэри, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин макулдугу менен кызматка дайындайт жана бошотот.
4.2.Муниципалдык ишкананын номенклатурасындагы кызматтарга адистер, ишкананын директору тарабынан ишке алынышат жана бошотулушат.
4.3. Муниципалдык ишкананын директорлук кызматына талапкерди көрсөтүү укугуна, Каракол шаарынын мэри ээ.
Каракол шаарынын мэри муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкерди, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине, макулдук алуу үчүн көрсөтөт. Маселе Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги сессиясында каралат.
Эгерде добуш берүүүнүн жыйынтыгында муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкер, шайланган депутаттардын көпчүлүк добушун алса, Каракол шаарынын мэри, бул талапкерди муниципалдык ишкананын директорлугуна дайындоо жөнүндө буйрукчыгарат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкер, шайланган депутаттардын көпчүлүк добушун ала албаса, Каракол шаарынын мэрии, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине макулдук алуу үчүн, муниципалдык ишкананын директорлугуна башка талапкерди көрсөтөт.
4.4. Муниципалдык ишкананын директорун кызматтан бошотуу үчүн, төмөнкүлөр негиз болот:
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин тиешелүү ченемдери;
Мэрдин сунушу;
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, муниципалдык ишкананын директорунун талапка жооп бербеген жетекчилигинен улам, ишкананын экономикалык, финансылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү начарлашы үчүн, анын иши канааттандырарлык эмес деп табуусу;
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, муниципалдык ишкананын директорунун талапка жооп бербеген жетекчилигинен улам, ишкананын экономикалык, финансылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү начарлашы үчүн, ага ишеним көрсөтпөөсү;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында муниципалдык ишкананын иши канааттандырарлык эмес деп табылса, муниципалдык ишкананын директору автоматтык түрдө ээлеген кызматынан, Каракол шаарынын мэри тарабынан, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде бошотулат;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында муниципалдык ишкананын директоруна ишеним көрсөтүлбөсө, муниципалдык ишкананын директору автоматтык түрдө ээлеген кызматынан, Каракол шаарынын мэри тарабынан, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде бошотулат.
Муниципалдык ишкананын директоруна, ишкана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарышы үчүн персоналдык жоопкерчилик жүктөлөт:
муниципалдык ишкананын жана анын структуралык бөлүкчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат;
муниципалдык ишкананын атынан аракет кылат, ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялардын жана уюмдардын алдында анын кызыкчылыктарын коргойт;
юридикалык аракеттерди аткарат, келишимдерди жана макулдашууларды түзөт,банкта эсептерди ачат жана ишеним каттарды берет;
Түзүүчүлөрдүн менен макулдашуунун негизинде, муниципалдык ишкананын структурасын аныктайт;
муниципалдык ишкананын бөлүмдөрү жана бөлүкчөлөрү жөнүндө Жоболорду, эмгек тартибин бекитет;
Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, муниципалдык ишкананын мүлкүн жана каражаттарын башкарат;
Түзүүчүлөрдүн компетенциясына тиешеси жок, муниципалдык ишкананын маселелерин, өз алдынча чечет.
Директоржокто, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө орун басар жебашкы инженержетекчилик кылат.
5.Материалдык – финансылык камсыздоо
5.1Муниципалдык ишкана, негизги фонддордон, жүгүртмө каражатардан жана башка материалдык баалуулуктардан, финансылык ресурстардан турган, мүлккө ээлик укугун, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жана мүлктүн максатына жараша, Түзүүчүлөрдүн макулдугу менен жүргүзөт.
5.2. Муниципалдык ишкананын финансылык базасы төмөнкүлөрдүн эсебинентаризделет:
- келишимде m р жана макулдашуулар боюнча жүргүзүлгөн өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелерден;
- башка уюмдардын, ишканалардын, физикалык жактардын инвестицияларынан, гранттарынан, салымдарынан.
5.3Муниципалдык ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше Түзүүчүлөрдүн макулдугу менен бөлүштүрүлөт.
5.4. Муниципалдык ишкананын милдеттемелери боюнча, Түзүүчүлөрдүн жоопкерчилик көтөрбөйт. Муниципалдык ишкана Түзүүчүлөрдүн милдеттемелери боюнча жоопкерчилик көтөрбөйт.
6.Эсеп жана отчет берүү
6.1 Бухгалтерлик, статистикалык эсептерди жана отчетторду берүү, муниципалдык ишканалар үчүн бекитилген тартип менен жүргүзүлөт.
6.2. Тиешелүү мамлекеттик органдарга, бекитилген отчеттордун туура жана өз убагында берилиши үчүн, муниципалдык ишкана жооптуу.
6.3 Муниципалдык ишкананын балансынан моралдык жактан эскирген, иштетилип бүткөн жабдууларын, унаа каражаттарын эсептен чыгаруу, Түзүүчүлөрдүн тарабынан бекитилген комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт.
6.4 Директор жана башкы бухгалтер, бахгалтердикэсептин алып баруусуна, тууралуулугуна персоналдык түрдө жооп беришет.
7.Ишкананы жоюу
7.1 Муниципалдык ишкана, өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөнкү учурларда токтотот:
-соттун чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда каралган башка негиздер боюнча.
7.2Муниципалдык ишкананы кайрадан түзүүдө, ага тиешелүү укуктар жана милдеттер, анын укуктарын кабыл алуучуга өтөт.
7.3Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн токтотуу, аны кайрадан түзүү төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
Бириктирүү;
Кошуу;
Бөлүү;
Кайра түзүү;
Жоюу.
7.4Тиешелүү жазуу мамлекеттик реестрге киргизилгенден тартып, муниципалдык ишкана, өз ишмердүүлүгүн токтоткон болуп эсептелет.
7.5Муниципалдык ишкананы, жоюу процессинде пайда болгон документтер, «Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндөгү» мыйзамга ылайык сакталат.
Каракол шаарынын
мэриясынын аппарат башчысы С. Кубатов