Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/4
"Каракол жол чарба муниципалдык ишканасынын" Уставын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 13-июнундагы, кир.№01-7/304 "Каракол жол чарба муниципалдык ишканасынын" Уставын бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. "Каракол жол чарба муниципалдык ишканасынын" мурда бекитилген Уставы жокко чыгарылсын.
2. "Каракол жол чарба муниципалдык ишканасынын" Уставы бекитилсин. (№1 тиркеме).
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
БЕКИТИЛДИ
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
2017-жылдын 27-декабрындагы
№27-18/3 токтому менен
Муниципалдык жол чарба ишканасынын
уставы
2017-ж. Каракол ш.
1. Жалпы жобо
1.1 «Каракол шаарынын жол чарба» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын граждандык Кодексине ылайык түзүлгөн Каракол шаардык мэриясынын чарбалык эсептеги (хозрасчеттук) түзүмү болуп эсептелет.
1.2. Каракол шаарынын мэриясы жана каракол шаардык депуттар
Кенеши «Каракол шаарынын жол чарба» муниципалдык
ишканасынын “Түзүүчүлөрү” болуп саналат.
1.3 Юридикалык дареги: Кырыгыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Кыдыр-Аке кѳчѳсү 105-а.
1.4 Түзүлүшү:муниципалдыкменчик.
1.5 Уюштуруучу-укуктуктүзүлүшү: муниципалдык ишкана.
1.6 Мекеменин толук аталышы: Мамлекеттик тилде: «Каракол шаарынын жол чарба»муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде: Муниципальное предприятие“Дорожного хозяйства”Мындан ары (Муниципалдык ишкана).
2.Юридикалык макамы
2.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекиткен процедураларга ылайык, муниципалдык ишкана, мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин юридикалык жак болот.
2.2 Өз ишмердүүлүгүндө муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык Кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин жана токтомдорун, Түзүүчүлөрдүн тескемелерин, Кыргыз Республикасынын аймагындагы аракеттеги башка ченемдик-укуктук актыларды жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
2.3. Муниципалдык ишкана, ага бекитилген, негизги фонддордон, жүгүртмө каражаттардан турган мүлккө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен чектөөлөр менен жана ага, функцияларын аткаруу үчүн берилген жана өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжжасында сатып алган, башка материалдык баалуулуктарга чарбалык алып баруу укугуна ээ.
2.4 Муниципалдык ишкананын өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, кыргыз жана орус тилинде аталышы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби бар мөөрү, штамптары бар.
2.5 Муниципалдык ишкананын банк системасында эсептик, валюттук ж.б. эсептери бар.
Муниципалдык ишкана КыргызРеспубликасынын мыйзамдуулугу бекиткен тартипте жана ушул Уставга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Уставдагы максаттарга жетүү үчүн, КыргызРеспубликасынын мыйзамдуулугу тарабынан, муниципалдык ишканаларга берилген укуктар менен пайдаланууга;
- мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга, сотто докер жана жоопкер болууга;
- өзүнүн ишмердүүлүгүн өзкүчү менен, ошондой эле келишимдердин негизинде, башка ишканаларды жана уюмдарды, убактылуу чыгармачыл жамааттарды, адистерди тартуу менен жүргүзүүгө;
- Жумуштарга, товарларга жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн ишкана катары мамлекеттик сатып алууларга катышууга укугу бар;
-Уставдык максаттарды ишке ашыруу алкагында, ишмердүүлүк менен алектенүүгө;
-Түзүүчүлөрдүн кароосуна, муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди жана сунуштарды киргизүүгө, аларды талкуулаганга, чечүүгө катышууга;
- эмгек күн тартибин жана персоналдын иштөө режимин бекитүүгө;
-муниципалдык ишкананын директорунун жана башкы эсепчисинин кызматынан башка, бекитилген номенклатурага ылайык, кадрлар менен камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык ишке алуу жана бошотуу шарттарын бекитүүгө;
- Түзүүчүлөрдүн макулдугу менен, тарифтик ставкаларды бекитүүгө;
- айкалыштыруу шарттарында жана эмгектик макулдашылуулардын негиздеринде, эмгекакы фондунун чегинде, жумуштарды аткаруу үчүн адистерди тартууга;
- муниципалдык ишкана көрсөткөн кызматтардын акыларына бааларды коюуга;
- ишкананын персоналы үчүн ички жоболорду, кызматтык нускамаларды иштеп чыгууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу берген укуктарды, жеңилдиктерди камсыз кылуу үчүн, өз кызматкерлерин социалдык жактан коргоонун бирдиктүү саясатын жүргүзүүгө;
3.Муниципалдык ишканасыныннегизгимаксаттарыжанамилдеттери
3.1.Ишкананын шаардын инфраструктурасын жаӊыртууга жана ѳнүктүрүүгѳ аткара турган милдети;
3.2.Ишкана ѳзүнѳ берилген укугу менен белгилүү Уставтын негизинде, тѳмѳнкүлѳрдү иш жүзүнѳ ашырууга укуктуу:
- келечектүү болжолдорун иштеп чыгуу, алардын негизинде техникалык абалы жана, жол, жолчарбасын ремонттоо жана тейлѳѳ үчүн келечектеги пландары:
Жумуштардын сапатына стандарттуу даражасын жана баардык жол объектилери техникалык тейлѳѳ менен камсызкылуу:
-Техникасынын жана жабдуулардын, транспорт жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу тѳмѳндѳгү учурларда:
- ишчараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу айлана жол коопсуздукту, жер казынасын коргоону жакшыртуу:
- коомдук коргоо жана эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу:
- курулуш ремонт жана жолдорду тейлѳѳ боюнча илимий жетишкендиктер жана заманбап технологияларды ишке киргизүү:
-Инженердик иликтѳѳчүлѳр жана коомдук жолдорду архитектуралык жасалгасы;
ϴндүрүш ичинде ишкана тѳмѳнкү ыкманы колдонот:
-кыймылын башкаруу боюнча техникалык каражаттардын, жолбелгилерин, жолчырактарын, жолтосколдуктарды жана жетектѳѳчү аппараттардын колдонуу эрежелерин сакталышына түзүлдү:
-долборлорду коргоо ѳндүрүү жана алып жүрүү:
-ѳндүрүшчүлѳр менен темир бетондон курулуштарды жана ѳнүмдѳрдү белгилейт:
-Чыгарышат жана камсыз кылат :
- полимер-чайыр негизинде жол бѳгѳттѳѳлѳр полимерлерди, стирол –бутадион-стирол эмульсияларды жана чайыр аралашмалары колдонулат;
- оор бетон жана майда бүртүкчѳлѳрдү жабуу:
-бетон аралашмалары контролдук үлгүлѳрдүн күчүн аныктоо үчүн сууга чыдамдуу дилатометрикалык негизги жана конкретүү ыкмасын аныктоо.
-урандылар жана куру үчүн тыгыз тоотектеринин жана ѳнѳр-жай калдыктарынан алынган шагыл;
-урандылардын-шагыл –кум жол аралашмалары органикалык эмес куймалары жол аэродром курулуштарында колдонулат.
-нефть битумдары жана суюк жолдору;
4.Жумуштарды башкаруу жана уюштуруу
4.1. Муниципалдык ишкананы директор жетектейт. Аны шаардын мэри, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин макулдугу менен кызматка дайындайт жана бошотот.
4.2. Муниципалдык ишкананын номенклатурасындагы кызматтарга адистер, ишкананын директору тарабынан ишке алынышат жана бошотулушат.
4.3.Муниципалдык ишкананын директорлук кызматына талапкерди көрсөтүү укугуна, Каракол шаарынын мэри ээ.
Каракол шаарынын мэри муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкерди, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине, макулдук алуу үчүн көрсөтөт. Маселе Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги сессиясында каралат.
Эгерде добуш берүүүнүн жыйынтыгында муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкер, шайланган депутаттардын көпчүлүк добушун алса, Каракол шаарынын мэри, бул талапкерди муниципалдык ишкананын директорлугуна дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкер, шайланган депутаттардын көпчүлүк добушун ала албаса, Каракол шаарынын мэрии, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине макулдук алуу үчүн, муниципалдык ишкананын директорлугуна башка талапкерди көрсөтөт.
4.4. Муниципалдык ишкананын директорун кызматтан бошотуу үчүн, төмөнкүлөр негиз болот:
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин тиешелүү ченемдери;
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, муниципалдык ишкананын директорунун талапка жооп бербеген жетекчилигинен улам, ишкананын экономикалык, финансылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү начарлашы үчүн, анын иши канааттандырарлык эмес деп табуусу;
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, муниципалдык ишкананын директорунун талапка жооп бербеген жетекчилигинен улам, ишкананын экономикалык, финансылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү начарлашы үчүн, ага ишеним көрсөтпөөсү;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында муниципалдык ишкананын иши канааттандырарлык эмес деп табылса, муниципалдык ишкананын директору автоматтык түрдө ээлеген кызматынан, Каракол шаарынын мэрии тарабынан, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде бошотулат;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында муниципалдык ишкананын директоруна ишеним көрсөтүлбөсө, муниципалдык ишкананын директору автоматтык түрдө ээлеген кызматынан, Каракол шаарынын мэрии тарабынан, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде бошотулат.
Муниципалдык ишкананын директоруна, ишкана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарышы үчүн персоналдык жоопкерчилик жүктөлөт:
Муниципалдык ишкананын жана анын структуралык бөлүкчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат;
Муниципалдык ишкананын атынан аракет кылат, ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялардын жана уюмдардын алдында анын кызыкчылыктарын коргойт;
Юридикалык аракеттерди аткарат, келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, банкта эсептерди ачат жана ишеним каттарды берет;
Муниципалдык ишкананын бөлүмдөрү жана бөлүкчөлөрү жөнүндө Жоболорду, эмгек тартибин бекитет;
Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, муниципалдык ишкананын мүлкүн жана каражаттарын башкарат;
Түзүүчүлөрдүн компетенциясына тиешеси жок, муниципалдык ишкананын маселелерин, өз алдынча чечет.
Директор жокто, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө орун басар жетекчилик кылат.
5.Материалдык – финансылыккамсыздоо
5.1Муниципалдык ишкана, негизги фонддордон, жүгүртмө каражатардан жана башка материалдык баалуулуктардан, финансылык ресурстардан турган, мүлккө ээлик укугун, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жана мүлктүн максатына жараша, Түзүүчүлөрдүн макулдугу менен жүргүзөт.
5.2.Муниципалдык ишкананын финансылык базасы төмөнкүлөрдүн эсебинен таризделет:
- келишимдер жана макулдашуулар боюнча жүргүзүлгөн өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелерден;
- башка уюмдардын, ишканалардын, физикалык жактардын инвестицияларынан, гранттарынан, салымдарынан.
5.3Муниципалдык ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше Түзүүчүлөрдүн макулдугу менен бөлүштүрүлөт.
5.4.Муниципалдык ишкананын милдеттемелери боюнча, Түзүүчүлөр жоопкерчилик көтөрбөйт. Муниципалдык ишкана Түзүүчүлөрдүн милдеттемелери боюнча жоопкерчилик көтөрбөйт.
6.Эсеп жана отчет берүү
6.1Бухгалтерлик, статистикалык эсептерди жана отчетторду берүү, муниципалдык ишканалар үчүн бекитилген тартип менен жүргүзүлөт.
6.2. Тиешелүү мамлекеттик органдарга, бекитилген отчеттордун туура жана өз убагында берилиши үчүн, муниципалдык ишкана жооптуу.
6.3.Муниципалдык ишкананын балансынан моралдык жактан эскирген, иштетилип бүткөн жабдууларын, уна акаражаттарын эсептен чыгаруу, түзүүчү тарабынан бекитилген комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт.
6.4. Директор жана башкы бухгалтер, бахгалтердик эсептин алып баруусуна, тууралуулугуна персоналдык түрдө жооп беришет.
7.Ишкананы жоюу
7.1 Муниципалдык ишкана, өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөнкү учурларда токтотот:
-соттун чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда каралган башка негиздер боюнча.
7.2Муниципалдык ишкананы кайрадан түзүүдө, ага тиешелүү укуктар жана милдеттер, анын укуктарын кабыл алуучуга өтөт.
7.3Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн токтотуу, анны кайрадан түзүү төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
Бириктирүү;
Кошуу;
Бөлүү;
Кайра түзүү;
Жоюу.
7.4Тиешелүү жазуу мамлекеттик реестрге киргизилгенден тартып, муниципалдык ишкана, өз ишмердүүлүгүн токтоткон болуп эсептелет.
7.5 Муниципалды кишкананы, жоюу процессинде пайда болгон документтер, «Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндөгү» мыйзамга ылайык сакталат.
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат башчысы |
С. Кубатов |