Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/5
"Каракол шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы" муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 13-июнундагы, кир.№01-7/304 "Каракол шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы" муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. "Каракол шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы" муниципалдык ишканасынын мурда бекитилген Уставы жокко чыгарылсын.
2. "Каракол шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы" муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин. (№1 тиркеме).
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
Каракол шаардык депуттар
Кенешинин № 27-18/5 2017-жылдын
27-декабырындагы токтому менен
БЕКИТИЛДИ
Муниципалдык жүргүнчүлөрдү
ташуучу автобазасынын
уставы
2017-ж. Каракол ш.
1. Жалпы жобо
1.1 Каракол шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын граждандык Кодексине ылайык түзүлгөн Каракол шаардык мэриясынын чарбалык эсептеги (хозрасчеттук) түзүмү болуп эсептелет.
1.2 Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык депутаттар Кенеши Каракол шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы муниципалдык ишканасынын «Түзүүчүлөрү» болуп саналат.
1.3 Юридикалык дареги: Кырыгыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Кыдыр-Аке кѳчѳсү № 2.
1.4 Түзүлүшү: муниципалдык менчик.
1.5 Уюштуруучу-укуктук түзүлүшү: муниципалдык ишкана.
1.6 Мекеменин толук аталышы: Мамлекеттик тилде: Каракол шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасы муниципалдык ишканасы.
Расмий тилде: Муниципальное предприятие Каракольская пассажирская автобаза.
2. Юридикалык макамы
2.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекиткен процедураларга ылайык, муниципалдык ишкана, мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин юридикалык жак болот.
2.2 Өз ишмердүүлүгүндө муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жарандык Кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин жана токтомдорун, Түзүүчүлөрдүн тескемелерин, Кыргыз Республикасынын аймагындагы аракеттеги башка ченемдик-укуктук актыларды жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
2.3 Муниципалдык ишкана, ага бекитилген, негизги фонддордон, жүгүртмө каражаттардан турган мүлккө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен чектөөлөр менен жана ага, функцияларын аткаруу үчүн берилген жана өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжжасында сатып алган, башка материалдык баалуулуктарга чарбалык алып баруу укугуна ээ.
2.4Муниципалдык ишкананын өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, кыргыз жана орус тилинде аталышы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби бар мөөрү, штамптары бар.
2.5 Муниципалдык ишкананын банк системасында эсептик, валюттук ж.б. эсептери бар.
2.6 Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен тартипте жана ушул Уставга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Уставдагы максаттарга жетүү үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу тарабынан, муниципалдык ишканаларга берилген укуктар менен пайдаланууга;
- мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга, сотто доокер жана жоопкер болууга;
- өзүнүн ишмердүүлүгүн өз күчү менен, ошондой эле келишимдердин негизинде, башка ишканаларды жана уюмдарды, убактылуу чыгармачыл жамааттарды, адистерди тартуу менен жүргүзүүгө;
- товарлардын жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн ишкана катары
мамлекеттик сатып алууларга катышууга укугу бар;
- Уставдык максаттарды ишке ашыруу алкагында, ишмердүүлүк менен алектенүүгө;
-Түзүүчүлөрдүн кароосуна, муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди жана сунуштарды киргизүүгө, аларды талкуулаганга, чечүүгө катышууга;
- Кенеште түзүүчүлөрдүн макулдугу менен тарифтерди бекитүү;
- эмгек күн тартибин жана персоналдын иштөө режимин бекитүүгө;
- муниципалдык ишкананын директорунун жана башкы эсепчисинин кызматынан башка, бекитилген номенклатурага ылайык, кадрлар менен камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык ишке алуу жана бошотуу шарттарын бекитүүгө;
- Түзүүчүлөрдүн макулдугу менен, тарифтик ставкаларды бекитүүгө;
- айкалыштыруу шарттарында жана эмгектик макулдашылуурадын негиздеринде, эмгек акы фондунун чегинде, жумуштарды аткаруу үчүн адистерди тартууга;
- муниципалдык ишкана көрсөткөн кызматтардын акыларына бааларды коюуга;
- ишкананын персоналы үчүн ички жоболорду, кызматтык нускамаларды иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу берген укуктарды, жеңилдиктерди камсыз кылуу үчүн, өз кызматкерлерин социалдык жактан коргоонун бирдиктүү саясатын жүргүзүүгө;
3.Муниципалдык ишканасынын негизги максаттары жана милдеттери
3.1. Каракол шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасы тарабынан жумуштардын төмөнкү түрлөрү аткарылат:
Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү областык, район аралык жана шаардык маршруттарда ташуу;
Автоунаа каражаттарынын ремонту, техникалык тейлөөсү жана эксплуатациясы;
Физикалык жана юридикалык жактарга, кызматтын баардык түрлөрүн көрсөтүү;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тыюу салбаган, ишмердүүлүктүн башка түрлөрү.
3.2 Ишкананын баардык иш чаралары келишимдин, тиешелүү органдардын ишин алып баруу үчүн берилген лицензияларынын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде иш жүзүнө ашырат.
4.Жумуштарды башкаруу жана уюштуруу
4.1. Муниципалдык ишкананы директор жетектейт. Аны шаардын мэри, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин макулдугу менен кызматка дайындайт жана бошотот.
4.2. Муниципалдык ишкананын номенклатурасындагы кызматтарга адистер, ишкананын директору тарабынан ишке алынышат жана бошотулушат.
4.3. Муниципалдык ишкананын директорлук кызматына талапкерди көрсөтүү укугуна, Каракол шаарынын мэри ээ.
Каракол шаарынын мэри муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкерди, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине, макулдук алуу үчүн көрсөтөт. Маселе Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги сессиясында каралат.
Эгерде добуш берүүүнүн жыйынтыгында муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкер, шайланган депутаттардын көпчүлүк добушун алса, Каракол шаарынын мэри, бул талапкерди муниципалдык ишкананын директорлугуна дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, муниципалдык ишкананын директорлугуна талапкер, шайланган депутаттардын көпчүлүк добушун ала албаса, Каракол шаарынын мэрии, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине макулдук алуу үчүн, муниципалдык ишкананын директорлугуна башка талапкерди көрсөтөт.
4.4. Муниципалдык ишкананын директорун кызматтан бошотуу үчүн, төмөнкүлөр негиз болот:
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин тиешелүү ченемдери;
Мэрдин сунушу;
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, муниципалдык ишкананын директорунун талапка жооп бербеген жетекчилигинен улам, ишкананын экономикалык, финансылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү начарлашы үчүн, анын иши канааттандырарлык эмес деп табуусу;
Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, муниципалдык ишкананын директорунун талапка жооп бербеген жетекчилигинен улам, ишкананын экономикалык, финансылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү начарлашы үчүн, ага ишеним көрсөтпөөсү;
4.5 Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында муниципалдык ишкананын иши канааттандырарлык эмес деп табылса, муниципалдык ишкананын директору автоматтык түрдө ээлеген кызматынан, Каракол шаарынын мэри тарабынан, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде бошотулат;
4.6 Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында муниципалдык ишкананын директоруна ишеним көрсөтүлбөсө, муниципалдык ишкананын директору автоматтык түрдө ээлеген кызматынан, Каракол шаарынын мэри тарабынан, сессиядан кийин, 10 күндүн ичинде бошотулат.
4.7 Муниципалдык ишкананын директоруна, ишкана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарышы үчүн персоналдык жоопкерчилик жүктөлөт:
муниципалдык ишкананын жана анын структуралык бөлүкчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат;
муниципалдык ишкананын атынан аракет кылат, ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялардын жана уюмдардын алдында анын кызыкчылыктарын коргойт;
юридикалык аракеттерди аткарат, келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, банкта эсептерди ачат жана ишеним каттарды берет;
муниципалдык ишкананын бөлүмдөрү жана бөлүкчөлөрү жөнүндө Жоболорду, эмгек тартибин бекитет;
Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, муниципалдык ишкананын мүлкүн жана каражаттарын башкарат;
Түзүүчүлөрдүн компетенциясына тиешеси жок, муниципалдык ишкананын маселелерин, өз алдынча чечет.
4.8 Директор жокто, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө орун басар же башкы инженер жетекчилик кылат.
5.Материалдык – финансылык камсыздоо
5.1 Муниципалдык ишкана, негизги фонддордон, жүгүртмө каражатардан жана башка материалдык баалуулуктардан, финансылык ресурстардан турган, мүлккө ээлик укугун, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жана мүлктүн максатына жараша, түзүүчүнүн макулдугу менен жүргүзөт.
5.2. Муниципалдык ишкананын финансылык базасы төмөнкүлөрдүн эсебинен таризделет:
- келишимдер жана макулдашуулар боюнча жүргүзүлгөн өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелерден;
- башка уюмдардын, ишканалардын, физикалык жактардын инвестицияларынан, гранттарынан, салымдарынан.
5.3 Муниципалдык ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше Түзүүчүлөрдүн макулдашуусу бонча бөлүштүрүлөт.
5.4. Муниципалдык ишкананын милдеттемелери боюнча, Түзүүчүлөр жоопкерчилик көтөрбөйт. Муниципалдык ишкана Түзүүчүлөрдүн милдеттемелери боюнча жоопкерчилик көтөрбөйт.
6.Эсеп жана отчет берүү
6.1 Бухгалтерлик, статистикалык эсептерди жана отчетторду берүү, муниципалдык ишканалар үчүн бекитилген тартип менен жүргүзүлөт.
6.2. Тиешелүү мамлекеттик органдарга, бекитилген отчеттордун туура жана өз убагында берилиши үчүн, муниципалдык ишкана жооптуу.
6.3 Муниципалдык ишкананын балансынан моралдык жактан эскирген, иштетилип бүткөн жабдууларын, унаа каражаттарын эсептен чыгаруу, түзүүчү тарабынан бекитилген комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт.
6.4 Директор жана башкы бухгалтер, бахгалтердик эсептин алып баруусуна, тууралуулугуна персоналдык түрдө жооп беришет.
7.Ишкананы жоюу
7.1 Муниципалдык ишкана, өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөнкү учурларда токтотот:
-соттун чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда каралган башка негиздер боюнча.
7.2 Муниципалдык ишкананы кайрадан түзүүдө, ага тиешелүү укуктар жана милдеттер, анын укуктарын кабыл алуучуга өтөт.
7.3 Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн токтотуу, аны кайрадан түзүү төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
Бириктирүү;
Кошуу;
Бөлүү;
Кайра түзүү;
Жоюу.
7.4 Тиешелүү жазуу мамлекеттик реестрге киргизилгенден тартып, муниципалдык ишкана, өз ишмердүүлүгүн токтоткон болуп эсептелет.
7.5 Муниципалдык ишкананы, жоюу процессинде пайда болгон документтер, «Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндөгү» мыйзамга ылайык сакталат.
Аппарат жетекчи | С. Кубатов |