Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 27-18/6
"Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин" Жобосун бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 13-июнундагы, кир.№01-7/304 "Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин" Жобосун бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2003-жылдын 18-июнундагы, №29-2 "Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндөгү" мурда кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.
2. "Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин" Жобосу бекитилсин. (№1 тиркеме).
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
6.
Төрага | Э.Айсаракунов |
БЕКИТИЛДИ
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
2017-жылдын "27"декабрь
№27-18/6 токтому менен
Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу Департаменти жөнүндө
ЖОБО
Каракол ш.- 2017ж.
Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу Департаменти жөнүндө ЖОБО
Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына, Жарандык жана Жер Кодекстерине ылайык, иштелип чыкты жана муниципалдык мүлктү башкаруу Департаментинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1.1.Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу Департаменти (мындан ары департамент) – Каракол шаарынын мэриясынын, муниципалдык мүлктү башкаруу жаатында, аткаруучу, тескөөчү функцияларды ишке ашыруучу структуралык бөлүкчөсү .
Департамент Каракол шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.
Ушул Жобого ылайык, Департамент өз ишмердүүлүгүндө, Каракол шаарынын мэриясына баш ийет. Департамент башкарган муниципалдык мүлктүн объектилери – Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги.
1.2 Өзүнүн ишмердүүлүгүндө, Департамент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн ченемдик актыларынын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, Каракол шаарынын мэриясынын токтомдорунун, ушул Жобонун жетекчилиги менен иштейт.
1.3 Департамент - мекеме түрүндөгү юридикалык жак, киреше жана чыгаша сметалары, өз алдынча балансы, казынада бюджеттик эсеби, гербдүү мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, эмблемасы ж.б. расмий сыпаттары бар.
Банктык операцияларды жүргүзүүгө укугу бар адамдардын колдорун,
Каракол шаарынын мэри бекитет.
1.4 Департаментте иштегендер- муницпалдык кызматкерлер.
1.5 Муниципалдык мүлктү башкаруу Департаментинин дареги: Каракол шаары, Тыныстанов көч,21.
2. Департаменттин негизги милдеттери жана функциялары
2.2 Департаменттин негизги функциялары төмөнкүлөр:
Каракол шаарынын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген, муниципалдык мүлктүн ээсинин өкүлүнүн функцияларын аткаруу;
муниципалдык мүлктү башкаруу процессинин уюштуруу ыкмаларынын, сапатын көтөрүүнүн натыйжалуу формаларын издөө;
муниципалдык мүлк жаатында, анын эффективдүү жана келечектүү өнүгүшүн камсыз кылуу максатында, бирдиктүү техникалык жана экономикалык саясатты жүргүзүү;
шаардык бюджетке финансылык түшүүлөрдү пландоо жана муниципалдык мүлктү сатуудан, ижарага берүүдөн түшүүчү болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу;
муниципалдык мүлктү сатуунун жана ага ээлик кылуу укугун убактылуу же туруктуу ээ болууга жана пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
мүлккө муниципалдык менчик реестрин түзүүнүн жана алып баруунун, муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу үчүн, керек болгон маалыматтарды жыйноонун тартибин аныктоо;
Департаменттин структуралык бөлүкчөлөрүнүн уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык-аналитикалык жана контролдук – тескөөчү ишмердүүлүгүн камсыз кылуу;
муниципалдык мүлктү камсыз кылуунун тартибин жана анын сакталышынын башка ыкмаларын бекитүү;
автоматташтырылган малымдоо тутамдарын түзөт жана коштойт, Каракол шаарынын менчик объектилерин эсепке алуу боюнча маалыматтык ресурстарды топтойт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу тарабынан бекитилген, мамлекеттик сырга жана конфиденциялдуулукка ээ маалыматтарды коргоо режимин ишке ашырат;
муниципалдык мүлктү өнүктүрүү, аны кармоону каржылоо жаатында, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин жана социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана муниципалдык ишканалардын муниципалдык кызмат көрсөтүүсүнө катышат.
муниципалдык мүлк маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кароосуна киргизет;
шаардын муниципалдык менчик объектилериндеги жумуштардын натуралдык жана акчалай көлөмүн аныктайт, аларды бюджет түзүлүүдө жана каржыланууда коргойт, объектердеги жумуштар үчүн акыны төлөөгө берилген бюджеттик каражаттардын максаттуу, эффективдүү пайдаланышына көзөмөл жүргүзөт;
муниципалдык менчикке болгон мүлктүк укуктардын пайда болушун, өзгөрүлүшүн, чектелүүсүн жана токтолушун туруктуу негизде чагылдыруу максатында, муниципалдык (коммуналдык) менчик объектилеринин негизги каражаттарынын Реестрин жүргүзөт;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин чечими менен бекитилген тизмекке ылайык, муниципалдык менчик объектилерин: жер, турак-жай эмес фонддун, тармактык, социалдык инфраструктура, сырткы абаттоо объекттерин кабыл алат жана кармайт;
юридикалык жана физикалык жактар менен, муниципалдык мүлктү чарбалык алып баруу, оперативдик башкаруу, пайдалануу жана ижарага берүү боюнча келишимдерди түзөт, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын макулдугу менен мүниципалдык мүлктү сатат;
шаардык коомчулуктун жашоо тиричилигин камсыз кылуу, анын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, келишимдердин жана алардын Уставдарынын негизинде берилген менчиктердин сакталышына, тиешелүү деңгээлде иштетилишине жана максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзөт;
негизги каражаттарды жокко чыгаруу боюнча Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын токтомунун долбоорун даярдайт, алардын өсүшүнө, жылышына учет жүргүзөт;
тарифтерди, муниципалдык менчик объектилерин кармоо боюнча аткарылган жумуштарга, кызматтарга бааларды, ижара төлөмүнүн ставкаларын коюу жана корректировкалоо жөнүндө сунуштарды Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кароосуна киргизет;
муниципалдык менчик объектилерин, аларды ижарага конкурс жана аукциондун негизинде берүүдө бөлүштүрөт. Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн акыларды жыйнайт жана алардын түшүшүн көзөмөлдөйт;
шаардын уюмдары, мэриянын кызматтары тарабынан, субижарага берилген негизги каражаттардын жана турак эмес жайлардын эсебин алат, алардын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзөт;
бүтүрүлгөн, капиталдык ремонттон өткөн, реконструкцияланган муниципалдык менчик объектилерин кабыл алууга, Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү катары, катышат;
чыгашалуу муниципалдык менчик ишканаларын жоюу же алардын профилин өзгөртүү, инвестициялоо аркылуу алардын экономикасын калыбына келтирүү боюнча сунуштарды мэрияга киргизет;
жергиликтүү коомдоштуктун тиричилигин камсыз кылуучу жаңы объектилерди куруу боюнча сунуштарды Каракол шаарынын мэриясына киргизет;
муниципалдык ишканалардын, мекемелердин финансылык- чарбалык ишмердүүлүгүнө жетекчилик, координация жана көзөмөл жүргүзөт;
социалдык тармактын объектилеринин өнүгүшүн материалдык-техникалык жактан камсыздайт;
мамлекеттик мүлк фондунун муниципалдык менчик объектилерин приватташтыруу боюнча баалоо комиссиясынын ишине жергиликтүү өз адынча башкаруунун атынан, анын мүчөсү катары катышат;
муниципалдык мүлктү сатууга жана ижарага берүү жана жер тилкелерин түздөн-түз сатуу боюнча ачык сатык (аукцион жана конкурс) процессин уюштурууну өткөрөт;
имараттарды, курулмаларды, жер тилкелерин сатуудан, ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттардын бюджетке же мэриянын атайын эсептерине өз убагында түшүшүн камсыз кылат;
Мыйзамда каралган мамлекеттик сатып алуулар боюнча бюджеттен бөлүнгөн акча каражатына материал сатып алууларга жана кызмат көрсөтүүлөгө келишим түзөт;
Муниципалдык ишканалардын финансы-чарбалык иш алып баруусу боюнча мониторинг жүргүзөт;
Муниципалдык ишканалар менен мониторинг жүргүзүү менен ,пландаштырып иш алып баруусунда көзөмөл жүргүзөт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда жергиликтүү коомдоштуктун Уставында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана мэриясынын ченемдик актыларында каралган, башка акцияларды өткөрөт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда каралган учурларда, мэриянын тапшырмасы боюнча, чарбалык коомдордо акциялардын (үлүштөрдүн) кармоочусу болот жана өзүнүн компетенциясынын чегинде, Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызыкчылыктарын коргойт;
иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, муниципалдык мекемелерди, уюмдарды, ишканаларды, компанияларды өткөрөт, кайрадан түзөт;
жарнамалык саясатты оптималдаштыруу жана уюштуруу боюнча сунуштарды киргизет;
Каракол шаарынын мэриясынын структуралык бөлүкчөлөрү менен бирге шаарды көрктөндүрүү боюнча ишмердүүлүктү жүргүзөт, сырткы жарнама объектилерин каттайт, Каракол шаарынын аймагында сырткы жарнама объектилерин жайгаштырууга уруксаат берет;
шаардын кызматтар жана компетенттүү органдары менен бирдикте, Каракол шаарында сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруунун схемасын иштеп чыгат;
Бекитилген тартипте, муниципалдык менчиктин объектилерин приватташтырууну ишке ашырат;
өндүрүштүк, жарандык ж.б. курулуштарды, объекттерди иштетүүнү, жер мыйзамдуулугунун талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан агро-техникалык жана токой – мелиоративдик жумуштарды, жерлерди пайдалануунун бекитилген режимин бүзүү менен жүргүзүлүп жаткан жумуштарды токтотуу боюнча, ыйгарымдуу органдардга кайрылат;
Каракол шаарынын аймагындагы муниципалдык базарларды башкарат, жаңы муниципалдык базарларды, парковкаларды, токтоочу жайларды, алардын ичинде жер үстүндөгүлөрдү жана жер астындагыларды, уюштуруу, иштетүү маселелерин координациялайт жана макулдашат.
3. Департаменттин укуктары
3.1.Ага жүктөлгөн милдеттерди, функцияларды ишке ашыруу максатында,
Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, ал муниципалдык менчиктин мүлкүн пайдаланган ишканалар, уюмдар, мекемелер ж.б. чарба жүргүзүүчү субъектерден (менчиктин түрүнө жана ведомстволук тиешелигине карабастан) керек болгон маалыматтарды талап кылууга;
Департаменттин ишмердүүлүгүнө түздөн-түз же кыйыр тиешеси бар маалыматты, бекитилген тартипте, областтык жана республикалык мамлекеттик башкаруу органдарынан алууга;
Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча , чечимдердин долбоорлорун мэрияга (ал аркылуу жогорудагы мамлекеттик башкаруу органдарына), алар,муниципалдык чарбага кирбеген, чарба жүргүзүүчү субъектерге аткарууга милдеттүү, тиешелүү ченемдик актыларды кабыл алуу үчүн;
ар түрлүү чарба жүргүзүүчү субъектер менен, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, мэриянын кошумча тапшырмалары боюнча, чарбалык келишимдерди түзүүгө;
юридикалык жана физикалык жактардан муниципалдык менчиктин мүлкүн талаптагыдай кармоо боюнча милдеттерди аткарууну талап кылууга, милдеттер бузулганда, аларды жоюу боюнча, келишимди бузууга чейинки, пайда болгон зыянды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүгө;
бекитилген тартипте, муниципалдык мүлктү, чарбалык алып барууга, оперативдик башкарууга, ижарага жана пайдаланууга юридикалык жана физикалык жактарга, келишимдердин негизинде берүүгө;
чарба жүргүзүүчү субъектерге муниципалдык менчиктин мүлкүн кармоо үчүн жүргүзүлгөн иштерге акы төлөгөнгө бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө, муниципалдык менчик мүлкүнүн сакталышын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүүгө, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алууга;
мамлекеттик, коммерциялык, акционердик бактардан насыяларды мамлекеттик жана чет өлкөлүк валютада жана облигациялык заемдорду, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен тартипте жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин макулдугу менен алууга;
чет өлкөлүк физикалык жана юридикалык жактардын катышуусу менен, биргелешкен ишканаларды, эл аралык бирикмелерди жана уюмдарды түзүүгө катышууга;
зарыл болгондо, көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө менен, консультацияларды алуу үчүн, башкарууну жүргүзүү жана ченемдик документтерди иштеп чыгууда, эксперттерди, адистерди, алардын ичинде чет өлкөлүктөрдү тартууга;
Департаментке жүктөлгөн маселелерди чечүүгө, милдеттерди аткаруу үчүн, мыйзамдуулукта жана ушул Жободо каралган башка ыйгарымдарга ээ болууга;
Каракол шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын баардык сот органдарында коргоого жана сот иштеринде, мэриянын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ишеним каттарысыз катышууга жана өзүнүн компетенциясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын сотторуна доо арыздар менен, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин бузулушунун натыйжасында пайда болгон зыянды калыбына келтирүү боюнча;
Жер мыйзамдуулугу бузулгандыгы аныкталганда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жардамга жана администравтидик, кылмыштык чараларды көрүү үчүн кайрылууга;
4. Департаменттин ишин башкаруу жана уюштуруу
4.1. Департаментти, конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде менен Каракол шаарынын мэри дайындаган жана иштен бошоткон жетекчи башкарат.
4.2. Башчы:
Департаменттин ишмердүүлүгүн жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн функциялардын, милдеттердин аткарылышына жеке түрдө жооп берет;
Департаменттин учурдагы жана перспективдик пландарынын аткарылышын камсыз кылат, анын өнүгүшүнүн негизги багыттарын аныктайт;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешине, зарыл болгондо, ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
Департаменттин милдеттеринне, максаттарына жетүү үчүн, мэрдин макулдугу менен, ар кандай органдарды түзүү маселелерин чечет. Бул ишканалардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт, алардын ишмердүүлүгүнүн,өнүгүүсүнүн багыттарын аныктайт, кварталдык жана жылдык баланстарын бекитет, ишканалардын фонддорун түзүү жана пайдалануу режимин аныктайт, аларды жоюу боюнча комиссиялардын курамын жана жоюу балансын бекитет;
Каракол шаардык депутаттар Кеңешине жана мэрина муниципалдык менчик формасындагы ишканаларды түзүү жана алардын ишмердүүлүгүн токтоуу боюнча сунуштарды киргизет;
Департаменттин структурасын, тариздөө жана өзгөртүү, структуралык бөлүкчөлөрдүн Уставдарын өзгөртүү боюнча сунуштарды бекитүү үчүн мэрге киргизет. Департаменттин адистеринин функционалдык милдеттерин, кызматтык нускамаларын, ички тартип эрежелерин бекитет. Департаменттин кызматкерлеринин жоопкерчилик чегин бекитет, тартиптик жазаларды колдонот;
штаттык сыраттаманы эмгек акынын түрүн жана өлчөмүн, департаменттин кызматкерлеринин материалдык кызыктыруу боюнча жобону аныктайт жана Каракол шаарынын мэрине бекитүү үчүн киргизет;
Департаменттин атынан буйруктарга, тескемелерге түзүүчү ж.б. келишимдерге кол коет, физикалык жана юридикалык жактар менен иш алып барат, казынада операцияларды жүргүзөт жана Департаментин адистерине ишеним кат боюнча ыйгарым укуктарды берет;
Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча, Каракол шаарынын жергиликтүү башкаруу органдарын, ишеним катсыз, мамлекеттик, коомдук ж.б. алардын ичинде эл аралык уюмдарда жактайт;
бул Жободо көрсөтүлгөн башка ыйгарымдарды ишке ашырат;
администрация жана кызматкерлердин ортосундагы эмгек макулдашуулар, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөндөлөт.
5. Департаменттин ишкердик ишмердүүлүгү
5.1.Департаментбашкаруу социалдык ж.б. коммерциялык эмес функцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн жана өзүнүн негизги максаты катары киреше табуну көздөбөйт, өзүнүн Уставдык максаттарына жетүү үчүн, Департамент киреше берүүчү ишмердүүлүктү жүргүзө алат.
5.2. Департаменттин продукциясы – сатып алуу, сатуу жана мүлк комплекстерин жана алардын бөлүктөрүн жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү ижарага берүү, конкурстарды, аукциондорду уюштуруу, мыйзамдуулукта жана ушул Жободо аныкталган муниципалдык мүлктүн өкүлүнүн функцияларын аткаруу.
5.3. Түздөн-түз уруксаат берүүчү ж.б. башкаруучу кызматтарды көрсөткөн орган катары, Департаменттин калкка акылуу кызмат көрсөтүүсү ченемдик актылар менен жөндөлөт.
6. Финансылык - чарбалык ишмердүүлүк
6.1. Департаменттин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Департаменттин мүлкүнө «Түзүүчү» тарабынан бөлүнүп берилген жана өз алдынча тапкан негизги фонддор, жүгүртмө каражаттар түзөт, алардын ахыбалы өз алдынчалуу баланста көрсөтүлөт.
6.3. Департаменттин киреше, чыгаша сметаларын шаардык финансы бөлүмү бекитет.
6.4. Департаменттин финансылык каржылоо булактары шаардын бюджетинен ассигнованиелер жана атайын каражаттар түзөт.
6.5. Муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелердин 100 %, Каракол шаарынын бюджетине түшөт.
6.6. Департамент бухгалтердик, статистикалык отчетторду, Кыргыз республикасынын мыйзамдуулугу тарабынан юридикалык жактар үчүн бекиткен процедуралар жана ченемдерге ылайык жүргүзүлөт жана мамлекеттик, шаардык органдар тарабынан талап кылынганда берилет.
6.7. Каракол шаарынын мэриясы жылдык отчетту, аны бекитүүгө көрсөткөнгө чейин аудиттен өткөрүүнү талап кыла алат. Аудит өткөрүү зарыл болсо, аны өткөрүүгө кеткен чыгымдарды Департамент төлөйт. Департамент Каракол шаарынын мэрине квартал сайын финансылык отчет берет, жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык мүлктүн ахыбалы, жылуусу, бардыгы боюнча жалпы отчетту Каракол шааардык депутаттар Кеңешине берет.
6.8. Жылдык отчет кабыл алынгандан кийин, Каракол шаарынын мэриясы, аны менен коомчулукту ММКлар аркылуу тааныштырат.
7. Департаменттин жоюу жана кайра уюштуруу
7.1. Департаменттин ишмердүүлүгүн токтотуу, аны жоюу же кайра уюштуруу түрүндө, Каракол шаарынын мэриясынын же соттун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык жүргүзүлөт.
7.2. Департаментти кайра уюштурууда, анын укуктары жана милдеттери укук кабыл алуучуга өтөт. Департаментти жоюу мэрия бекиткен жоюу комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Ал департаментти жоюунун тартибин жана мөөнөтүн аныктайт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, Департаментти кайра уюштурууда жана жоюуда кызматкерлерге, алардын укуктарын сактоого кепилдик берилет.
7.3. Мамлекеттик Реестрге тиешелүү жазуу киргизилгенден тартып, Департамент жоюлган же кайра уюштурулган болуп эсептелет.
8. Жобону өзгөртүү
8.1. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизүүнү Каракол шаардык депутаттар Кеңеши бекитет жана алар Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин органдарында катталгандан кийин, юридикалык күчкө ээ болушат.
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат башчысы |
С. Кубатов |