Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-ноябры № 2
Жалал-Абад шаардык кецешинин 18.06.2020-жылдагы кезексиз XXIV сессиясы 7-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.10.2020-жылдагы чыг.№ 05-03/3427-кат менен мэрдин орун басары Алтымышев Руслан Алтымышевичдин кайрылуусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 17.09.2020-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын 11-токтомунун 1-пункту жана 28.10.2020-жьшдагы кезексиз XXVIII сессиясынын 5-токтомунун 1-пункту жокко чыгарьшсын.
2. Жалал-Абад шаардык кецешинин 18.06.2020-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын «Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алууга макулдук беруу жөнүндө» №7-токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда бекитилсин: «Жалал-Абад шаарынын Курортный ключ, 20а дарегинде жайгашкан идентификациялык коду №3-10-03-0009-0598 №27 "Шүүдүрүм" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты жана имарат жайгашкан жалпы 5738.5 чарчы метр жер аянты менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин».
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына ушул токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын тийиштүү кызматтарга аткаруу үчүн жеткирүү, Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |