Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
(Жалалабад шаардык кеңешинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 11 2020-жылдын 28-октябрындагы № 5 2020-жылдын 27-ноябры № 2 ,2020-жылдын 28 октябрындагы № 5,2020-жылдын 17-сентябрындагы № 11 токтомдоруна ылайык)
2020-жылдын 18-июну № 7
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.06.2020-жылдагы чыг.№05-03/2093 сандуу катынын негизинде жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице мэри М.Адылбековдун сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад шаарынын Курорт Булагы, 35 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду №3-10-03-0009-0598 №27 "Шүүдүрүм" мектепке чейинки билим беруу мекемесинин имараты жана имарат жайгашкан жалпы 57385 чарчы метр жер аянты менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин».
(2020-жылдын 28 октябрындагы № 5 редакциясына ылайык)
2. Мүлктөрдү кабыл алууда тийиштүү иш кагаздарды даярдап жана мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жоробаев |