Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели № 8
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо,социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобосу маалымат сайттарына жарыяланган тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айыл Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |
"Атай айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу " жөнүндө
ЖОБО
I .Жалпы жоболор
II ."Ардактуу атуул" наамына көрсөтүүнун негизи жана тартиби
III "Атай айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу" наамын алган атуулга наам ыйгаруунун тартиби
IV "Ардактуу атуул" наамынын ээсинин укугу
V Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Жобо айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына, өсүп- өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон адамдарга "Айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2. "Ардактуу атуул" наамы айыл өкмөттүн тургундарын сыйлоонун жогорку формасы, интелектуалдык жана рухий байлыктарын артырууга кошкон зор салымын, ошондой эле айыл өкмөттүн алдында мамлекеттик, саясий, экономикалык, илимий изилдөө, социалдык-маданий жоомдук, гуманитардык жайрымдуулук жана башка иштердеги синирген эмгегин таануу болуп саналат.
1.3. Бул наам айыл өкмөткө жасаган өзгөчө эмгеги үчүн айыл өкмөттүн аймагында жашабаган Кыргыз Республикасынын атуулуна жана чет өлкөлөрдүн граждандарына ыйгарылышы мүмкүн.
1.4. "Ардактуу атуул" наамын ыйгаруу жаш өзгөчөлүгүнө карабайт.
II. "Ардактуу атуул" наамына көрсөтүүнүн негизи жана тартиби
2.1."Ардактуу атуул" наамына көрсөтүүнүн негизи болуп айыл өкмөт үчүн үзүрлүү, коомго маанилүү өзгөчө эмгеги, көрүнүктүү жана пайдалуу иштери учун эл алдындагы кадыр баркы эсептелет.
2.2. "Ардактуу атуул" наамына керсетулген адамдардын сунуштары айылдык Кеңеш тарабынан сессияныны чечими менен бекитилет жана наам тапшыра турган мезгилге 1ай мөөнөт калганча даярдалат..
2.3. "Ардактуу атуул" наамын ыйгаруу айылдык Кеңештин кароосуна киргизип туруп, айыл өкмөттүн алдындагы сыйлыкка көрсөтүү боюнча комиссиясына сунуштайт.
2.4. Айыл өкмөттүн алдындагы сыйлыкка көрсөтүү боюнча комиссиянын мучелеру"Ардактуу атуул" наамын ыйгаруу, же болбосо ыйгарбоо женунде айьш екметтун сунушун комиссиянын заседаниесинде карайт.
2.5. "Ардактуу атуул"наамын ыйгаруу боюнча кабыл алынган чечим комиссия мучелерунун жалпы санынын 50%дан жогору добуш берген учурда мыйзамдуу болуп эсептелет.
2.6. Чечим айыл екметтун токтому менен кабыл алынып, айыл өкмөттүн колу менен бекитилет.
2.7. "Ардактуу атуул" наамын ыйгаруу тууралуу документтерди жобого ылайык даярдоо айыл өкмөттүн алдындагы сыйлыкка көрсөтүү боюнча комиссиянын курамына тапшырылат.
III. "Айыл екметунун Ардактуу атуулу" наамын алган атуулга наам
ыйгаруунун тартиби.
"Айыл екметтун Ардактуу атуулу" наамын айыл өкмөттүн башчысынын тапшырмасы менен айыл өкмөттүн орун басары же айыл өкмөттүн жооптуу катчысы тапшырат.
Айыл өкмөттүн "Ардактуу атуулу" наамы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына жана жыл жыйынтыгына карата "Жаңы жыл" майрамына карата салтанаттуу түрдө тапшырылат. Наам менен бирге сыйланган адамга "Айыл өкмөттүн Ардактуу атуулу" наамын күбөлөндүрүүчү "эстелик лентасы" жана теш белгиси тапшырылат.
"Айыл өкмөттүн Ардактуу атуулу" наамы бир гана жолу ыйгарылат жана кайталап берүү жүргүзүлбөйт.
IV. "Ардактуу атуул" наамынын ээсинин укугу
4.1. "Ардактуу атуул" наамынын ээси төмөндөгүлөргө укуктуу: -Айылдын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн айыл өкмөткө сунуш менен кайрылууга;
-айыл өкмөттүн аймагындагы мекеме-уюмдардын , ишканалардын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын кабыл алуусунда эч тоскоолдуксуз кабыл алынууга жана тийиштүү маселелер боюнча алардан жооп алууга.
V .Корутунду жоболор
11 .Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзам актыларын бузган кылмыш жоопкерчилигине тартылган атуулдан "Айыл өкмөттүн Ардактуу атуулу" наамын алып салуу айыл өкмөттүн башчысы тарабынан айыл өкмөттун алдындагы сыйлыкка көрсөтүү боюнча комиссиянын мучелеруне сунушталып, комиссия мучелерунун жалпы санынын 50% нан ашыгы тарабынан чечим кабыл алынып, айыл өкмөттүн башчысы тарабынан токтом менен бекитилет.
12. Ыйгарылган наамды билгизүүчү "эстелик лентасын" жана теш белгини жасап алуу, сатуу, алмашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.