Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 5
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык оъектилерди өрт коопсудугунун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү шаймандар менен толук кандуу камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “2018-жыл 22-августунда №381 токтому менен бекитилген “Өрт коопсуздугу боюнча” эреженин талаптарына ылайык социалдык объектилерди өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз кылуу боюнча айыл өкмөт башчысы Б.Бобукеевдин сунушун угуп, талкуулап сунуш-пикирлерди эске алып Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “2018-жыл 22-августунда №381 токтому менен бекитилген “Өрт коопсуздугу боюнча” эреженин талаптарына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык оъектилерди өрт коопсудугунун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү шаймандар менен толук кандуу камсыз кылуу, сметасын түзүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын “2018-жыл 22-августунда №381 токтому менен бекитилген “Өрт коопсуздугу боюнча” эреженин талаптарына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык оъектилерди өрт коопсудугунун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз кылууга түзүлгөн сметага ылайык 49200 (кырк тогуз миң эки жүз) сом акча каржатын чечип берүү “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын башчысы Сталбек уулу Урматка милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин “План- бюджет жана финансы ” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы | У.Шерипов |