Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-февралы № 121
№ 2231 Мазар-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын №2232 Чолпон-Ата участкалык шайлоо комиссиясынын №2231 Ак-Тектир участкалык шайлоо комиссиясынын № 2234 Кара-Кунгөй участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнундөгү протоколдорду бекитүү жөнүндө.
“ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзүлөт.
“ Кыргыз Респуликасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары “ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 22 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын5-ноябрындагы № 121 мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамы беш жыл мөөнөткө түзүү боюнча
№ 2231 Мазар-Суу участкалык шайлоо комиссиясынын курамына 16 ( он алты)
№2232 Чолпон-Ата участкалык шайлоо комиссиясынын курамына 15 ( он беш )
№2231 Ак-Тектир участкалык шайлоо комиссиясынын курамына 19 ( он тогуз )
№ 2234 Кара-Кунгөй участкалык шайлоо комиссиясынын курамына 15 ( он беш ) талапкерлерди көрсөтүү жөнундөгү протокол бекитилсин.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн № 2231 Мазар-Суу № 2232 Чолпон-Ата , № 2233 Ак-Тектир, № 2234 Кара-Күнгөй шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдору сунушталсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жооптуу катчы А.Аманбековага тапшырылсын.
3.Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасы | С.Кылданов |