Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 08
“Жаңы-Арал айылындагы аты жок көчөсүнө Эркулов Зикиралинин атын коюу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арал айылынын тургундарынын 2019-жылдын 08-августунда өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XХI- сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Жаңы-Арал айылындагы жаңы көчөгө “Эркулов Зикирали”нин аты ыйгарылсын.
2. Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу алардын үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3. Эркулов Зикиралинин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |