Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 1-июлу № 230
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынынЖазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн өкүл шайлоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” жобосунун 6-беренесине ылайык
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө”Жобосунун 6-беренесине ылайык атайын эсептин Байкоочу кеӊешинин бекитилген мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 01.06.2020-жылдагы №891 катынын негизинде Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн өкүлүнө айылдык кеӊештин 12 депутатынын добушу менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан “Мол Булак” финансы компаниясынын адиси Кубат уулу Эрмек шайлансын .
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Байсопуев |