Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 703, 2017-жылдын 9-февралындагы № 89 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин (мындан ары - Атайын эсеп) каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт. Атайын эсептин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу чыгымдоону "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемеси камсыз кылат.
2. Зыянды компенсациялоону каржылоонун булагы болуп "Электр станциялары" акционердик коомунун инфляцияга индексациялоону эске алуу менен Токтогул ГЭСинин сарптоолорунун эсебинен 70,0 (жетимиш) млн. сом өлчөмүндөгү сумманы Токтогул ГЭСи иштеп чыккан электр энергиясынын өздүк наркына киргизүү менен атайын эсепке жыл сайын чегерүүсү саналат, бул отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электр энергиясына тарифтин түзүмүндө жыл сайын каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Атайын эсептин максаты Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын (мындан ары - Жазы-Кечүү айылы) аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыянды компенсациялоо болуп саналат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-октябры № 703 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Атайын эсептин каражаттары социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды, жана курулмаларды курууга, курулуш техникаларын алууга, жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртуу үчүн, атап айтканда:
- суу чарба жана маданий тиричилик объекттерин курууга, реконструкциялоого жана Токтогул районунун калктуу конуштарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга (Атайын эсептин каражаттарынын кеминде 70 пайызы);
- Токтогул районунун калктуу пункттарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иш-чараларга;
- Токтогул районунун жана Жазы-Кечүү айылынын аймагында жерлерди өздөштүрүүгө жана жакшыртууга;
- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн курулуш техникаларын алууга;
- "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоого пайдаланылат.
Атайын эсептин каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга, анын ичинде мааракелер, тойлор, майрамдар сыяктуу коомдук иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-октябры № 703 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жана максаттуу пайдаланууга контролдоо жөнүндө чечимдерди коллегиялуу орган болуп саналган Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы бекиткен Байкоочу кеңеш ишке ашырат.
6. Байкоочу кеңеш 13 мүчөдөн туруп, алардын 11и Токтогул районунун жергиликтүү айылдык кеңештеринин жыйындарында шайланышат (ар бир айылдык кеңештен жана Токтогул шаарынан бирден өкүл), Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысынын жана Жазы-Кечүү айылынын айыл башчысынын бирден өкүлү жергиликтүү кеңештердин сессияларында айылдык аймактардын башчылары көрсөткөн талапкерлердин ичинен шайланышат. Байкоочу кеңештин курамы Токтогул районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан 3 жылдык мөөнөткө бекитилет.
7. Байкоочу кеңеш биринчи жыйынында өз мүчөлөрүнүн ичинен - төраганы, төраганын орун басарын шайлайт. Байкоочу кеңештин төрагасы жок болгон убакта анын милдеттерин орун басары аткарат.
8. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук негиздерде жана алмаштырууга укуксуз катышат.
9. Байкоочу кеңештин негизги функциялары:
- Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- "Конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү;
- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциянын (мындан ары - Дирекция) аткаруучу директорунун кызмат ордуна конкурс жарыялоо жана өткөрүү;
- Дирекциянын ички аудитин өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Дирекциянын акчалай каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- Атайын эсептин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө аткаруучу директордун кварталдык жана жылдык отчетторун угуу жана бекитүү болуп саналат.
10. Байкоочу кеңештин жыйындары квартал сайын өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн кезексиз жыйындар өткөрүлүшү мүмкүн.
11. Байкоочу кеңештин жыйыны Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде 3/2си жыйынга катышкан шартта укук ченемдүү деп эсептелет.
12. Байкоочу кеңештин жыйындары Байкоочу кеңештин катчысы тарабынан протоколдонот, ал Дирекциянын кызматкерлеринин ичинен төрага тарабынан дайындалат. Протоколдорго төрага кол коет жана Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
13. Байкоочу кеңештин чечимдери Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жыйынга катышкан көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.