Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 2
“Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бекитилген киреше чыгаша пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
COVID-19 вирусунун жайылышы менен өлкөгө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана карантин киргизилгендигинин натыйжасында Курманбек айыл өкмөтүндөгү бала бакчалары жана салык төлөөчү жеке ишкерлердин ишмердүүлүгү убактылуу токтоп калгандыгын эске алуу менен Курманбек айылдык кеңешинин бюджет комитетинин туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык 2020-жылга бекитилген каражаттар төмөндөгүдөй тартипте кайрадан бөлүштүрүлсүн:
–айылдык кеңештин 27-декабрындагы XXIII сессиясынын №1/1-токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
COVID-19 вирусунун жайылышы менен өлкөгө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана карантин киргизилгендигинин натыйжасында , айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2020-жылга бекитилген милдетүү патент салыгынын планы 2,5 миң сомго, ыктыярдуу патент салыгынын планы 28,8 миң сомго жалпысы 31,3 миң сомго, билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдөн атайын каражаттар салыгынын планы 372,0 миң сомго кыскартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 107-беренесине негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин төмөндөшү эсебинен, Бюджеттик Кодексинин 27-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин тең салмактуулугун сактоо максатында 709-билим берүү бөлүмүнүн II кварталы 2218 тамак-аш азыктарын алуу беренеси 337,3 миң сомго, 3112 машиналар жана жабдуулар беренеси 66,0 миң сомго жалпысы 403,3 миң сомго азайтылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |