Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 2
“Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-1, 10-беренелерине ылайык, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөТИПТҮҮ ЖОБОну жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн акы, мал жаюуга пайдалануу үчүн каралган акыга барабар өлчөмдө бекитилсин.
2. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимге, берилүүчү жер участогунун чек арасы жана аянты көрсөтүлгөн пландык-картографиялык материал тиркелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Ч.Тайгараев |