Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-майы № 1/1
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамдын 37-беренесине ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I сессиясынын эсептөө комиссиясынын №1 протоколунун негизинде сесиия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I сессиясынын эсептөө комиссиясынын №1 протоколдору бекитилсин (тиркеме тиркелет 2 барак).
2. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жашыруун жабык шайлоонун жыйынтыгынын негизинде депутат Турганалиев Мелис Жумабекович бекитилсин.
3. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына көпчүлүк добуш алган депутат Сабитакунова Назгүл Жолдошбековна бекитилсин.
Төрага Ш.Султаналиев
Нарын областы
Нарын районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ №01
19-май 2021-жыл Жерге-Тал айылы.
Катышты:
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү;
Эсептөө комиссиясынын төрагасы – А. Өмүрөв
Эсептөө комиссиясынын катчысы – Н. Жакыпов
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү – Ж. Сүйүнбаев
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү – Н. Сабитакунова
Күн тартибиндеги маселе:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамдын 37-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын кызмат ордуна жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү.
Күн тартибинде каралуучу маселе боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Өмүров Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Жергиликтүү кеңештин төрөгасынын кызмат ордуна добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүп, добуш берүүнүн бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүгө даярдыгы боюнча билдирме берди. Сессияга катышып жаткан ар бир депутатка добуш берүүнү баштоонун алдында добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырды.
Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасынан кызмат ордуна шайлоого талапкерликке көрсөтүлдү;
1) Турганалиев Мелис Жумабекович
2) Султаналиев Шейшенбек Шералиевич
Нарын районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы белгиледи:
1. Нарын районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны 11 (он бир).
2. Нарын районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарына берилген бюллетендердин саны 11 (он бир).
3. Жоюлган шайлоо бюллетендердин саны 0 (нөл).
4. Добуш берүү үчүн урнадагы шайлоо бюллетендердин саны 11 (он бир).
5. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны 11 (он бир).
6. Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны 0 (нөл).
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы кызмат ордуна жашыруун жабык шайлоонун негизинде ар бир кандидатуралар боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын төрагасына жашыруун жабык шайлоонун негизинде Турганалиев Мелис Жумабекович 7 (жети) добуш ал эми Султаналиев Шейшенбек Шералиевич 4 (төрт) добуш алгандыгы белгиленсин.
2. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде, Нарын областынын Нарын районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасы кызматына Турганалиев Мелис Жумабекович шайланды деп эсептелсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: А. Өмүров
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Н.Жакыпов